Концерттин датасы – 30-июль
Аталышы – «Айт маарек болсун!»
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:40 (40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 65 пайызы
Алып баруучу – Абдылда Иманкулов
Мыкты номер – Жеңишбек Жумакадырдын «Баткендиктин арманы» пародиясы
Билет баасы – 500 сом
«Автомат акын Жеңишбектин концерти болот» дегенинен Спорт Ордосун көздөй бет алдым. Концертти кеченин күнөөкөрү жана анын инилери Аалы Туткучев менен Оштон ат арытып келген төкмө Идирис Айтбаев саламдашып ачышты. Андан соң Жеңишбек өзү куудулдар тууралуу сатира аралаш терме айтып, арасында «Абдылда төкмөлөргө чапан жаап, 1000 доллар бериптир» деп тамашалады. Бул учурда кеченин алып баруучусу Абдылда сахнага чыга калып, «мен жөнүндө айткандарың чын, бирок 1000 доллар бергеним калп. Мына бул колум өмүрү бирөөгө акча берип көргөн эмес, андай болсо эмдигиче бир наам алат элем да» деп элди күлдүрсө, Жеңишбек «мен деле сизге окшошмун» деп тамаша иретинде жооп кайтарды.
Концерт башталгандан көп өтпөй залдагы көрүүчүлөрдүн жарымы эшикке топурап чыга баштаганда эмне болуп кетти деп чочудум. Буларга концерт жакпай калган го деп алаңдап карайм десең. Көрсө, шам намаздын маалы болуп калган экен. «Аккан сууну» жети күн тынбай төккөн Жеңижоктон Жеңишбек кем бекен дедиби, алар кайтып келгиче Жеңишбек маңдайынан тер куюлуп, тамагы кургаганча төктү. Концерттин ортосунда Ислам университетинин ректору Абдүшүкүр Нарматов сахнага чыгып, жарым саатка чукул даават айтты. Эл тажап кетти өңдөнөт, «ой, тезирээк бүтпөйбү» деп күбүрөнө башташты. Жеңишбек акындын бир маегинде «комедиялык тасмаларга тартылгым келет» дегенин окуп, ишене албай турдум эле, чындап эле анда куудулдук өнөр да бар экен. Себеби концерттин басымдуу бөлүгү сатирага арналыптыр.
Концертте умра сапарына жолдомо ойнотулуп, аны Кубанычбек Жыргалов аттуу жаран утуп алды. Бул жолу концерт аяктай электе чыга качкандар болбоду, баарынын көңүлү ток болду.
Толик сынчы