ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕР

Жай мезгили карып барат. Аны менен катар жер-жемиштердин айрымдарынын бышуу мезгили аяктоодо. Учурда кожойкелер ашыга кышка даярдык көрүшүүдө. Төмөнкү рецепттер аларга ашыкча болбос деген ойдобуз.

ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ ЖАНА ПОМИДОР
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банкага):
Бадыраң – 1,5 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Болгар калемпири – 2 даана
Сарымсак – 5-6 тишче
Лавр жалбырагы – 3 даана
Тоголок кара мурч – 10 даана
Гүлдөгөн укроп – 2 тал
Туз – 2 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык

Жасоо ыкмасы:
1. Бадыраңды жууп, 6 саат муздак сууга чылап коёбуз. Кааласаңыз, эки учун кесип салсаңыз да болот.
2. Алдын ала бууланган банканын түбүнө 1 даана лавр жалбырагын, тоголок кара мурч, гүлдөгөн укроп жана 3-4 тишче сарымсак салабыз.
3. Анан бадыраңды, анын үстүнө болгар калемпири менен помидорду тизебиз.
4. Банканын оозуна чейин кайнак суу куюп, капкагын жаап, 20 мүнөт тыныктырабыз.
8. Банкадагы сууну идишке куюп алып, ага 2 аш кашык кумшекер, 2 аш кашык туз салып кайнатуу керек.
9. Банкага алгач кайнап жаткан маринадды, кийин 1 аш кашык уксусту куюп, оозун капкак менен бекитебиз.
10. Банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

МАРИНАДДАЛГАН ДАРБЫЗ
Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банкага):
Дарбыз – 2 килограмм
Суу – 1,5 литр
Кумшекер – 2 аш кашык
Туз – 1 аш кашык
Уксус – 1 чай кашык
Лавр жалбырагы – 2 даана
Тоголок кара мурч – 8 даана
Укроп же сельдерей – 2 тал

Жасоо ыкмасы:
1. Дарбызды кесимдерге бөлүп алабыз. Кааласаңыз, кабыгын аарчып даярдоого да болот.
2. Алдын ала бууланган банкага тоголок кара мурчту, лавр жалбырагын, укроп же сельдерейдин эки талын салабыз. Андан соң дарбыздын кесимдерин иреттеп тизебиз.
3. Банкага кайнап жаткан сууну куюп, темир капкакты жаап, 20-25 мүнөткө тыныктырабыз.
4. Банкадагы сууну мискейге куюп, ага кумшекерди, тузду жана уксусту кошуп кайнатып, банкага куюп капкагын бекитебиз.

МАРИНАДДАЛГАН ЖҮГӨРҮ
Керектелүүчү азыктар (0,5 литрлик банкага):
Жүгөрү – 5-6 даана
Туз – 1 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык

Жасоо ыкмасы:
1. Туздоо үчүн жумшак, басканда сүтү чачырап кете турган жүгөрүнүн дүмбүлүн тандап алуу керек. Анын бир кат жалбырагын калтырып, жай отто 30-40 мүнөт кайнатып, сууга бышырып алабыз. Туз салуунун кереги жок. Анткени жүгөрү кеч бышат жана катуураак болуп калат.
2. Эми жүгөрүнү тазалап, курч бычак менен дандарын сөңгөгүнөн ажыратып, алдын ала бууланган банкага салабыз.
3. 1 литр сууга 1 аш кашык туз, 2 аш кашык кумшекер салып кайнатып маринад даярдап алабыз.
4. Кайнап жаткан маринадды банкага куябыз. Андан соң банканы мискейге салып, сыртынан 1 саат кайнатып, капкагын бекитебиз.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында "Кожойкенин бурчу" рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же
kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Saipova.91
2014-08-11 15:53:57
Марин-н дарбызды эми угушум.даамы кандай болот экен.
0
nagi82
2014-08-11 20:07:20
Дарбызды эми уктум кайнак сууга салып алганда даамы чыгып кетсе керек
0
belka
2014-08-11 23:55:20
Дарбызды элестетип көңүлүм айланды.
0
Aisuluu-z
2014-08-16 04:23:08
Былжырап ачуу болуп калат,дарбыз.Жумушта менеджер алып келген жей албай койгонбуз.
0
bema_bema
2014-08-18 08:16:22
Darbuz)))
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан