«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Бул сапар сиздерге Нигар калфанын ролун жараткан Филиз Ахметтин Хатижеге боору ооруган күйөрмандар тарабынан кол салууга туш болгонун баяндайбыз.

ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН
69-73-сериялар: Султан түшүндө уулу Мехметти такта көрөт
Сулейман менен Ибрагим бир канча жылга созулган жүрүштөн кайтып келет. Султанды Хүррем, чоңоюп калган балдары тосуп алышат. Ибрагим болсо Нигар калфа менен болгон окуясынан улам Хатиженин кечиримин алууга колунан келген аракетин жасайт. Көзүн жашылдантып келген Нигарды болсо кууп чыгат.
Бул аралыкта ханзаада Мехмет кылыч тапшыруу жана ант берүү салтанатынан өтүп, атасынын Мустафадан да сүймөнчүк уулуна айлана баштайт. Буга султандын аян түшү себеп болуп, Мехметти ымыркай болуп такта жатканын жана ага нур төгүлгөнүн көрөт.
Хүррем Мехметтин гаремин даярдоого киришип, уулу менен биринчи түн өткөрүүгө Фирузени тандайт. Дал ушул окуянын айынан Фирузе «мен султан менен түн өткөргөн күң болом» деп ачыкка чыгат. Гаремди үч көтөрүп издеген атаандашы бешенесинде жүргөнүнө Хүррем нес боло түшөт. Ага чейин султан ашык болгон күң Фирузе экенин Афифе хатун баш болуп, Махидевран, Гүлфем менен Хатиже Хүрремден жашырып жүрүшкөн болот. Султанга барып «Фирузени сүйөсүңбү?» деген суроосуна жооп ала албаган Хүрремдин күйбөгөн жери күл болот. Кийин Хүррем менен Фирузе «экөөбүздүн ичибизден бирибизди тандаган күнү экинчиси өз эрки менен уу ичет» деп ант кылышат. Никелешкен жубайы менен өткөрүлүүчү бейшемби күндөрдүн биринде Хүррем Сулеймандын бөлмөсүнө келсе эшик кайтаруучулар султандын Фирузе менен экенин айтышат. Муну уккандан асманы аңтарылып түшкөн Хүррем ууну ичмекчи болуп жатканда, аны Афифе хатун токтотуп калып «султан сиз келип кетериңиз менен Фирузени бөлмөсүнөн чыгарып ийди» деп айтат. Ошондо Хүррем Афифе хатунга мындай дейт: «Бул хан сарайга келгенде жалгыз элем, мени эч ким коргогон эмес. Баары мага душман болуп чыгышты. Канча жолу өлүмдөн калдым, эмнени гана көрбөдүм... Эми болсо Фирузе. Жыланды коюнума салып берип, шылдың кылып отурдуңар. Сен айткан адилеттик бар болсо, ал мага да адилет болушун каалайм».
Хүррем ушуну менен эле кол куушуруп отуруп калбайт. Ал Хатиже султан жашырып жүргөн Ибрагим паша менен Нигар калфанын кызы Кадерди таап, улуу вазирге «эгерде кызыңды көргүң келсе, Фирузени жогот» деп шарт коёт. Ал эми Нигар калфа Ибрагим менен Хатиженин кийлигишүүсү менен Рүстем агага турмушка чыгат. Бирок Рүстемдин Нигар менен чогуу жашоого көңүлү жок эле. Манисада болсо ханзаада Мустафа уулдуу болот.
Хүррем гарем иштери менен чектелбей, Сүмбүл агага империянын таасирдүү адамдары тууралуу маалымат чогултуусун тапшырат. Ал өз атынан кайрымдуулук фондун ачууну чечет.

КҮЙӨРМАНДЫН УР-ТОКМОГУНА КАБЫЛГАН НИГАР КАЛФА
Көрүүчүлөр Нигар калфанын ролун жараткан ФИЛИЗ АХМЕТТИ "сериалдын эң сулуу актрисаларынын бири болбосо да, эң жылдыздуу актрисалардын төрүндө" деп көп айтышат. Бирок биз төмөндө айтып бере турган окуя бул тууралуу эмес.
«Даңазалуу кылым» сериалына өтө берилип кеткен күйөрмандардын бири Стамбул шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан иш-чарага келген Филиз Ахметти ур-токмокко алып, басып жыгылган. Тегеректеги адамдар арачага түшүп калбаса, Филиз оор жаракат алып калышы да мүмкүн эле. Ал окуянын видеотасмасы интернетке жайылып, Филизге кол көтөргөн күйөрман Хатиже султанды коргоо үчүн барганын айткан. Буга бир жагынан Хатиже менен Ибрагимдин ролун жараткан актриса менен актёр жашоодо да сүйүшкөндөр деген айың кептер себеп болгону айтылат. Экөө бул сөздү четке кагып, болгону жакшы достор экенин айтып келишет. Анткен менен сериалдагы Хатиже менен Ибрагимдин махабат дастанын жактырып, алардын жашоодо да чогуу болуусун каалап бата тилеген күйөрмандар толтура.
Филиз Ахмет кол салуу тууралуу муну айтып берген: «Бул окуяны өмүр бою унутпасам керек. Жанымдагы курбум аны түртүп жиберип, унаага кайра отурууга жетиштик. Ошондо да ал аял чуркап келип, унааны ургулап-тепкилеп жатты. Аябай корктум».
Филиздин өмүр баянына токтолсок, ал 1981-жылы Македонияда актёрлордун үй-бүлөсүндө туулган. Алты жашынан бери сахнада, карьерасын театрдан баштаган. Алты тилде (албан, македон, түрк, англис, серб жана швед) эркин сүйлөй алат. Бир топ тасма, сериалдарга тартылганы менен, ага атактуулукту Нигар калфанын образы алып келген. Айта кетүү керек, «Даңазалуу кылымдагы» бул персонаж ойдон чыгарылган.
«Нигар калфа мени үн чыгарбай, көз ирмем, каш серпмей жана башка мимиканын жардамы менен ойноого үйрөттү. Костюмдарды кие келгенде, өзүмдү жомокто жүргөндөй сезип жүрдүм. Чынында, ал кийимдер ыңгайсыз, дене-боюбуз түз болушу үчүн ичине корсет тигилген»,- дейт Ф.Ахмет.

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ema_nookat
2014-08-11 17:27:17
Видеосун корот окшойбуз...
0
Oceana
2014-08-11 17:54:46
Ooba koruw k.k eken.
0
belka
2014-08-11 18:08:34
Нигар калфа жакшынакай ээ? Мага жагат.
0
ayzharkyn
2014-08-11 21:15:39
Оа Нигар чындыгында жылдыздуу
0
Aksana1602
2014-08-11 21:27:25
видеосун кайдан корсок болот
0
Angelina01
2014-08-12 12:45:18
Магада жагат Нигар
0
Sharipa-asia
2014-08-12 18:48:08
Жылдыздуу айым, Ибрагим пашша да жылдыздуу го
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан