Нурзат Токтосунова, «Заманыбыздын супер алып баруучусу»: «АЛСЫЗ АЯЛ ЭКЕНМИН,КАРЬЕРА МЕНЕН ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЧОГУУ АЛЫП КЕТЕ АЛБАДЫМ»

Кезинде тыпылдап үй тапшырмасын дайыма «5» деген баага аткарган бул окуучу кыздан көрүнүктүү алып баруучу, кыргыз элинин сыймыгы чыгарын анын мугалимдери билди бекен? Жогорку окуу жайда окуп жүргөндөчү? Эч бир маданий кечелерди калтырбаган, узун чачын сеңселткен Нурзат аны атактуулук күтүп турганын сезди дейсизби? Жаштыгын, сулуулугун, бүт күчүн арнаган сахна, телевидение Нурзат Токтосуновага кандай жооп кайтарууда? Алып баруучулуктун аркасынан ал эмне тапты? Эмне жоготту?

«АЛЫП БАРУУЧУЛУКТАН КЕТКЕНДЕ ЖЫЛДЫЗ БОЛДУМ»
-Ататүрк Ала-Тоо университетинде окуп жүргөндө гезиттен «кыргызча сүйлөгөн кыздар керек» деген жарыяны окуп калдым. Кастингге 150дөн ашык кыз катышты, бирок 8 тур менен мен өтүп кеттим. Динара Эсенгуловага ыраазымын, мага ишеним артты. Өмүрүндө телеге чыгам деп ойлобогон карапайым, айылдык кызга ишеним арткан эже, балким, келечекте мындан бир нерсе чыгат деп сезгендир.
Алгач Алексей Филатов менен «Улуттук хит-парад» көрсөтүүсүн алып бардым. Биринчи эфирге чыкканда жарык күйүп, «5-4-3-2-1» дегенин билем, андан аркысы эсимде жок. Бүткөндө баары куттуктап, «жакшы болду» дешкен. Азыр ойлоп көрсөм, жылмайып эле туруп берсем керек. Алексей көп сүйлөйт эмеспи, мага «сен да көп эле сүйлөй бер» дешчү. Бирок эфирдин баркын кетирип, жарышып сүйлөгүм келчү эмес. Болушунча аз, анан саз сүйлөгөнгө аракет кылар элем. Алексей эфирдин башында, ортосунда, аягында өзүнүн атын 3 жолу атаса, мен 60 мүнөт ичинде көзгө толор эмгек кылган жокмун деп атымды айткым келчү эмес. Бир чети аныкы туура экен. Эл аны аты менен эстеп калса, мени жылмаюум менен эстеп калды окшойт. 6 ай иштеген соң университеттен алган билимим боюнча эл аралык мамилелер багытында иштейин деп долбоордон кеттим. "Улуттук хит-парадда" жүргөндө эч ким көңүл бурбагандай туюлчу. Кеткенден кийин кайдан-жайдан телефонумду таап алып ал-акыбалымды сурашып, гезиттердин жылдызы эле болуп калдым.

«ЭФИРГЕ КЕЛГЕН 400 СМСтин 200үндө БИЗГЕ СҮЙҮҮСҮН АРНАШЧУ»
-Жумуштан кеткенден кийин эфирди сагынып жүрдүм. Бирок кайрылып барам деп ойлогон эмесмин. 6 айдан кийин Ассоль Молдокматованын сунушу менен «Браво» көрсөтүүсүн мен, Эрмек (ред. Нурбаев), Элнура (ред. Өмүркулова) үчөөбүз алып бара баштадык. Эфирге 400 СМС келсе, анын 200ү Элнура экөөбүзгө сезимин арнагандар болчу.
Эң биринчи күндөн баштап жумасына бир эле жолу өзүмдүн эфириме барып, ишимди бүтүрүп кетип калчумун. Бул менин теледеги интригалардан, жаман сөздөн алыс болушума жардам берди. Алгач эле түз эфирге чыкканың жакшы экен. Анткени эфирге алдын ала жаздырылган даяр көрсөтүү чыгып жүрүп, анан бир күнү эле түз эфирге чыксаң коркуп, сүрдөшүң мүмкүн. Меники андай болгон жок, дайыма түз эфирде, эл менен бетме-бет кезиккеним өзүмдү көзөмөлдөөгө, тактыкка үйрөттү.

«9 ӨЛКӨНҮН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДА СҮЙЛӨДҮМ»
-Жумушумда «сен мындай сүйлө, тигини айт» деп жол көрсөтүп, менин устатым дечү киши болгон жок. Кайсы долбоор менен иштешпейин, режиссёрлор «мындай отурсаң жакшы болот, аны мындай кылат» деп кеңеш айтышат.
«Браводо» иштеп жатканымда Байма Сутенова чакыртыптыр. Апам кичинемден бул инсанды аябай мактап, мен үчүн кол жеткис бийик адам кылып көрсөтүп койгон эле. Чакыртканда туура эмес сүйлөп алган экенмин деп ойлоп кеттим. Кирсем, «Нурзат, сенде эфирден көрүнүп турган жөнөкөйлүк бар, ушу жөнөкөйлүгүңдү жоготпосоң, көпкө барасың» деген. Бул сөз мен үчүн баа жеткис кеңеш болду. Анткени жакшынын жарым сөзүнө арзыбаган адамдар да бар.
Алып баруучу болуп 9 өлкөнүн президентинин алдында сүйлөдүм. Жөнөкөй кыздын 9 президенттин алдында сүйлөгөнү бир чети чоң жоопкерчилик, экинчиден сыймык. Көп дос күттүм, жакшы күйөрмандарды таба алдым. Эл-жер кыдырдым, дүйнө таанымым кеңейди.

«ЖАШООДО КЕРЕГИ ЖОК АДАМДАРЫҢ БААРЫ БИР КЕТЕТ»
-Жашоо шуруга тизгендей өтпөйт экен, бир билгеним, мен алсыз аял экенмин, карьера менен үй-бүлөнү бирге алып кете алган жокмун. Бирок жаштыгымда жакшы иштедим, эми Кудай буюрса, үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, экөөнү бирге алып кетем деп ойлойм. Мен баарына ыраазымын, жашоодо кереги жок адамдарың баары бир кетет, керектүүсү калат экен. Маңдайга жазса, канча жыл өтсө да ал адам кайрылып жаныңа келет. Башымдан ушундай күндөр өткөнүнө өкүнбөйм, мен курчудум, алдыга умтулдум, адамдарды айырмалаганды үйрөндүм, анан мурункудай ишенчээк болбой калдым.
Учурда жаңы долбоор даярдап, ичимде бышырып жүрөм. Бизде жеке жашоосунан кыйналып, психологиялык жактан өзүн көтөрө албай жылдап депрессияда жүргөн аялдар көп. Ошолорго психологиялык кеңеш, дин жаатында кеңеш берчү долбоор ачсам дейм.

Бүбүш Токтосунова, апасы:«ЖАКЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГАМ ДЕП МЕНИ АЛДАП КОЁТ»
-Кичинесинде кызымдын талантын байкабаптырбыз. Мектепте кыймылдаган нерсенин баарына мурдун тыгып, окуучулардын түйшүгү менен эле басып жүрчү. 7-класстан тартып мектептин президенти болду. Кой дегенге болбой, мектептин алдына өстүрүлгөн гүлдөргө чейин кийлигишчү. Бой жетип, университетке тапшырчу маал келди. Ошондо деле эч кимибиз «кайсы кесипти аркалайсың, көңүлүңө ылайык келген окуу жай кайсы?» деп сурабаптырбыз.
Алгачкы жолу Нурзатты «Хит-парад» деген телеберүүдөн көрүп аябай толкундангам. Азыр да кызым телеге чыга турган болсо чалып коёт, ар бир телеберүүсүн өткөрбөгөнгө аракет кылам. Кызымдын ийгилиги менин да жетишкендигим. Кай жакка барбайын Нурзаттын апасы деп сыйды көрүп эле жатам.
Эне деген биринчи орунда уул-кыздарынын бактысын ойлойт эмеспи. "Турмуш – бул чоң байлык, балалуу болуу керек, үй-бүлө куруу зарыл" десем «ии, апа, мына жакында турмушка чыгам» деп мени алдап коёт. Кызымдын буга чейинки турмушу бузулганына жүрөгүм ооруду, энемин да, экөөбүзгө тең кыйын болду. Бирок буюрганы ушул экен.

«Бравонун» рейтинги аябай көтөрүлүп, биз чыныгы жылдыз болуп турган кез».

Сайкал Искакова, курбусу:«КУРБУМ ДАЛАЙ ЖОЛУ КУРСАГЫМДЫ ТОЙГУЗДУ»
-Нурзат экөөбүз жаштайыбыздан жан адамга айтпаган сырыбызды бири-бирибизге төгүп чоңойдук. Ошондо эле шаан-шөкөт, уюштуруу деген нерселерден башы чыкчу эмес. Студент кезинде да университеттеги лидерлердин катарында эле. Ырдайт, бийлейт, сулуулар сынагына катышат. Ататүрк Ала-Тоо университетинин 2002-жылкы сулуусу да аталган.
Жаңы атактуу болуп баштаганда кайда барбасын баары «Нурзат, Нурзат» дей башташты. Ошондо мага келип «көрсө, ушул бийиктиктерди багынтып жатыптырмын, мен катардагы эле бир алып баруучу эмес экем да» деп бир кубанып алган.
Анда мен кош бойлуу элем, далай жолу менин курсагымды тойгузду. Чогуу көчөгө чыккан учурларда күйөрмандарына дагы ушунчалык кылдат мамиле жасачу. Ага караганда мен чыдабай кээде жиним келип кагып салат элем. Ошондо «кой, антпе, бул менин кесибимдин даамы да» деп калчу.

«2-курста сулуулар сынагына катышып, алгачкы ирет бетиме макияж жасаткам. Анда да курбуларым визажисттин кызматында эле».

Байма Сутенова, тележурналист:«НУРЗАТКА АЗЫРКЫГА ЧЕЙИН СЫН АЙТАМ»
-Нурзатты биринчи жолу «Улуттук хит-парад» телеберүүсүнөн көргөм. Ошондогу жаш студент кызда башкалардан өзгөчө интеллект бар болчу. Мен аны дароо байкагам. Алып баруучулар экиге бөлүнүшөт: Биринчиси, сулуу, келбеттүү, сүйлөө жөндөмдүүлүгү жакшы. Ал эми экинчиси көрүүчүлөрдү өзгөчө интеллект менен өзүнө имерип алчулар. Нурзат бул топтун экинчисине кирет. Анда терең ойлонуу жана көрөрмандар менен өзүнүн терең билими аркылуу тил табышуу деген нерсе өрчүгөн.
Жолугуп, «кызым, сенде интеллект бар экен, башкасына көп басым жасабасаң дагы ушул сапатыңды өркүндөт, өстүр» дегем. Нурзат бул сынымды дароо илип кетти, аны туура нукта пайдаланып ушул эрезеге жетип отурат. Азыркыга чейин анын кайсы бир кемчилигин байкасам дароо «ушунуң жарабай калды» деп улуулугума салып кеңешимди берип коймоюм бар.

Динара Эсенгулова, продюсер:«АЛЕКСЕЙ НУРЗАТКА КЫЙЫН БОЛУП ЖҮДӨТӨ БЕРЧҮ»
-2005-жылы «Улуттук хит-парадды» Алексей Филатов менен чогуу алып барганга бир кыз керек болуп, биз сынак жарыялаганбыз. Тандоо учурунда көптөгөн жаштардын ичинен өзүнүн келбети, тапандыгы менен айырмаланып Нурзат көңүлүбүзгө төп келди. Түз эфирге жаңы чыга баштаганда көнө албай кыйналып жүрдү. Берүүнүн алдында «бул жерде мындай сүйлөйсүң, тигиндей карайсың» деп сценарий жазчубуз. Эфир башталганда Алексей мен көп нерсе билем дегенсип Нурзатка тийишип сүйлөсө, сүрдөп кетчү. Мага келип «Динара эже, тигини айта албай калдым, бул жерден ката кетирдим» деп кейип калган учурларда аны «сөз байлыгыңды өстүр, Алексейден эмнең кем?» деп жакшы сөзүм менен шыктандырып турчумун. Өзүнүн аракетчилдиги менен бат эле дасыгып, кийин Алексейге эфирден тийишип, жүдөтүп койчу болду. Ал кийинчерээк Нурзаттын тапандыгынан тайсалдап, ошондо гана бири-бирин түшүнүп алып бара башташты. «Азыр сен атың үчүн иште, кийин атың сага иштеп берет» деген кеңештеримди аяган жокмун. Азыр Нурзаттын коомдон өз ордун тапканына кубанып калам.
Бул кыздын дагы бир өзгөчөлүгү – бардык адамдар менен жакшы мамиледе болууга аракет кылат. Мени менен болгон мамилесин дагы өзгөрткөн жок. 2012-жылы кышында «Динара эже, сизге ыраазычылык билдирейин деген элем. Мен билбептирмин, көрсө, убагында мага чоң жардам берген экенсиз» деп телефон чалып, чоң букет гүлүн берип ыраазычылыгын билдирип кетти кубантып.

Эркин Рыскулбеков, досу, кесиптеши:«ИШЕНЧЭЭКТИГИНЕН ЗАПКЫ ТАРТЫП КАЛАТ»
-Нурзатты тааныганыма 5-6 жылдан ашып калды. КТРКда Түркия менен телекөпүрө уюштурулуп, Нурзат экөөбүз ал берүүнү чогуу алып барып калдык. Жашоодо биз кесиптештен мурун эң жакын доспуз. Анын өзгөчөлүгү – өзү жеке дагы, өнөктөш менен дагы мыкты иштей билет. Алып барып жаткан учурда бир сөздү баштап койсоң аны улап, сен айта турган оюңду толуктап турат. Мага жакпаган сапаты – ишенчээктиги. Ар кимге ишене берет, ошол сапатынан көп жерде запкы тартып калат. Нурзат көп сыноолордон өттү, дагы деле өтүп жатат. Азыркы жеткен ийгиликтерине анын чыдамдуулугу, сабырдуулугу чоң өбөлгө болду.

Асыл Орозбекова,
Нуркыз Курманбек кызы,
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Нурзат Токтосунованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Жеке жашоомду алып кете албаганым - алсыздыгым” дейт Нурзат Токтосунова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
Nadi89
2014-08-11 20:07:57
супер инфонун ар санында чыгатго бул кыз,,,,,,,
-1
Gerezen
2014-08-11 21:01:32
Нурзат эже сиздин ишинизге ийгилик, уй булолук бакыт каалайм. Сиздин кучтуу аял экендигинизге бугунку жетишкендиктериниз далил.Буюрса суйуктуу жар, мээримдуу эне болуп, озунуздой талантуу уул кыздарга жашоо берип, тарбия берип остурор кундорунуз али алдыда. Сиз айтып откон долбоор жузого ашса сизге кантип кайрылсак болот? Бир маалымат бере аласызбы?
+1
Aselya_9105
2014-08-11 21:13:17
АЛЛАХым сизге аялзатына тиешелуу бактылуулукту берсин. Ийгилик сизге
+2
zara-919
2014-08-12 01:03:35
башка теледивалар деле бар го эмнеге Нурзат эое чыга берет...
-1
Murok
2014-08-12 11:52:11
Эхх Нурзат, мен да алсыз экемин, карьера деп журуп уй буломон ажырай жаздадым,биздин уйбулону наристебиз сактап калды, эгер балам жок болсо мен да карьера деп кетет элем........ Суктанам уйбулоосун да, карьера сын да алып кеткен аял дарга.......
+1
Aselina87
2014-08-12 12:21:36
Baktyluu bolunuz!Bar bolunuz!
+2
Aiperi0105
2014-08-12 13:05:49
Хит парадтан кеткенде аябай капа болгом
0
Aiperi0105
2014-08-12 13:06:45
Коптогон ийгиликтерди каалайм, бактылуу болунуз
+2
guljigit88
2014-08-12 14:17:46
Суйом го сизди суйом, Нурзат айым. Ийгилик ишинизге.
0
Sharipa-asia
2014-08-12 18:40:31
Кудайым жолунду ачыптыр, эми бешененди ачып жакшы инсанга жолуктурсун, , бактылуу бол
+2
Gulnura-94
2014-08-13 09:49:08
Ишинизге ийгилик. Буйруса Кыргызстандын баатыр энеси болунуз
+2
O.nuri
2014-08-13 15:46:20
Жакшы кыз
0
gumi94
2014-08-13 16:41:00
Чыгармачылык ийгилик!!! Уй булолук бакыт!!!
0
Tairova8484
2014-08-16 11:59:23
алаххым нурзатка уй-булолук бакыт берсин,турмушка чыгып,коооп балалуу болсун
0
Ayday2
2014-08-17 19:26:50
Нурзат, карьера- эртең сага эр, бала болуп бербейт,өн, сымбат бат эле өчөт.Атактуулукту, эртең эле өсүп келаткан жаштар колуңдан сууруп алат,улгайганда окшуюп жалгыз калба, ургаачынын бактысы коломтодо,бапырап бакырган балдарда
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан