BEELINE ТУУЛГАН КҮНҮНӨ КАРАТА БОНУСТАРДЫ ТАРТУУЛАЙТ

Кыргызстандын уюлдук рыногунун лидери Beeline туулган күнүнө карата сатуу жана тейлөө кеңселеринде акция өткөрөт. Бонустун өлчөмү балансты толуктаган сумманын 20 пайызына чейин жетет.
11-августтан тарта компаниянын туулган күнүнө карата Beeline компаниясынын абоненттери бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен балансын толуктаган учурда бонустарга ээ болушат.
Мисалы, балансын 50 сомдон ашык толуктаган абонент кошумча 10 сом алат, 100дөн 200 сомго чейин – 20 сом. Балансын 200 сомдон ашык суммага толуктаган абонентке 40 сом берилет. Акция бир жумага созулат – 11-августтан 18-августка чейин. Бонус каражат баланс толуктагандан кийин беш сутка ичинде жеткиликтүү болот. 
«Урматтуу абоненттер! Биз Сиздер – биздин 2,5 миллион абоненттен турган чоң үй-бүлөбүз менен бардыгыбыздын майрамыбыз, компаниябыздын туулган күнүн чогуу белгилегибиз келет! Бир апта бою, 11–18-августта биз сатуу жана тейлөө кеңселеринен баланс толуктоо үчүн бонустарды тартуулайбыз. Келип, балансыңыздарды толуктап, белек алыңыздар. Биз менен үнөмдүү жана ыңгайлуу. Ишеним артканыңыздар жана биздин байланыш операторубузду тандап алганыңыздар үчүн сиздерге ыраазыбыз. Биз Сиздер үчүн иштейбиз! Биз менен болуңуздар, Beeline`га кошулуңуздар жана уюлдук байланыш рыногунун лидеринин бардык артыкчылыктарынан пайдаланыңыздар!»,- дейт Beeline компаниясынын башкы директору Олег Клочко.
Beeline өз абоненттерине балансын акысыз толуктоонун бир нече жолу бар экенин эскертет. Балансты комиссиясыз толуктоо оператордун бүткүл өлкө ичиндеги 42 сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринде, биздин өнөктөшүбүз 
«Оптима Банктын» бөлүмдөрү жана терминалдарында мүмкүн.
Ошондой эле балансты  «Мобильник», GeoPay электрондук капчыктарын пайдаланып жана www.beeline.kg
расмий сайтынан «Интернет төлөм» кызматы менен банк карточкасы аркылуу комиссиясыз толуктоого болот.
Балансты  толуктоонун эң оңой жолу – ЕКО-карталары (Бирдиктүү төлөм картасы). Картанын минималдуу номиналы – 50 сом, чекене сатууда – 55 сом турат.
Ошондой эле, июнь айынан тарта бардык уюлдук операторлордун абоненттери өз мобилдик эсебин Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринен комиссиясыз толуктай алышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ulara-2010
2014-08-13 13:29:27
жакшы экен бирок тейлоо кенселериаз да бишкекте
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан