ЭРМЕК ТААЛАЙБЕКОВдон ТАМАША

«Тамашоунун» таланттары

“Ак-Өргө сity” командасынын капитаны Эрмек төрөлгөндө эле кыйын болчу. Анын төрөт үйүндө акушерлер менен уруша кетип, сабап койгонун ата-энеси дале болсо айтып келет.

Толук аты-жөнү – Таалайбеков Эрмек Владимирович
Жашы – Канча деп ойлосо ошончодо
Бою – 184 сантиметр 2 миллиметр
Салмагы – 74 килограмм 357 грамм
Жынысы – Карагандан уялат
Лакап аты – Красавчик
Өзүнө жаккан сапаты - Красавчиктүүлүк
Кызыкканы – БГУда окуган бир кыз
Сүйлөшкөн кыздары – Николь Шерзингер, Жессика Альба, Алькамиль...
Жактырган тамагы – Боткодон башка бардык тамактар
Дежур сөзү – Аял алып коюш керек эле
Кумири – Шошо Павлиашвили
Максаты – Ак-Өргөнү чоң шаарга айландыруу


Футбол боюнча улуттук курама командабызда кимдин дарбазачы болору оюн алдында чикилдешүүдө аныкталат.

Николай Валуев Хэллоуин майрамында маска кийген жок.

Баласы атасынан сурап жатат:
- Ата, эмнеге мен аябай сулуумун? Мага чейин деле уругубузда сулуулар болду беле?
- Кандай десем, балам, сулуулар болгон эмес, а мактанчаактар болгон...

Спортчу-балбандардын уюлдук телефондорунда “передать через Bluetooth” деген функция жок. Тактап айтканда, ал башкача аталат - “отправить через плечо”.

Кечээ Бишкектин Манас-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде МАИ кызматкери өзүн-өзү атып салган. Буга МАИ менен УКК башчыларынын унааларынын кагылышуусу себеп болгондугу аныкталды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Айдош
2010-01-11 14:04:08
норма! атасынын жообу жакты :)
0
№ 366, 6-12-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан