ХАЙ-ДАЙВИНГ. БИЙИКТИКТЕН СУУГА СЕКИРҮҮ

Спорт, көңүл ачуу жана адреналинди эмне бириктирет? Спортчу 27 метр бийиктиктен секирген соң 2-3 секунда ичинде ылдамдыгы 100 чакырымга чейин күүлөнүп сууга кирет. Ооба, бул «Формула-1» жарышындагы болиддин динамикасындай эле. Бул спортчуда баш кийим да, жарыш кийим да жок. Кийимдерден анда кадимки эле сууга түшүүдө кийилүүчү ич кийими гана бар. Билип алыңыздар, бул – спорттун экстремалдуу түрүнүн бири хай-дайвинг.

Хай-дайвинг – атайын секирүүгө ылайыктап жасалган бийиктиктен сууга секирүү.
Аска-зоолордон сууга секирүү клифф-дайвинг деп аталат.

ПАДЫША ТҮПТӨГӨН СПОРТ
Бул спорттун тарыхына үңүлсөк, Гавайи аралдарынын бириндеги Каунолу кыштакчасына барып такалат. 1770-жылы Мауи уруусунун Кахекили аттуу падышасы бийик аскадан сууга секирүүсү менен атагы чыгат. Ал жоокерлерин да сууга секирүүгө үйрөтүп, аларды тайманбас болууга үндөгөн. Мауилер секирүүдө буттарын түз кылып, сууга түшкөндө анын чачыроосун азайтып кирүүгө аракет жасашкан. Убакыт өтүп, кийинки муун муну спорт мелдешине айландырышкан. Анда калыстар секирүүнүн ыкмасына жана суунун чачыраганына назар салышкан.
Бирок убакыттын өтүшү менен салтка айланган секирүүлөр унутулуп, XX кылымдын аягында гана Европада хай-дайвингге кызыгуулар жаралган. Классикалык сууга секирүүгө катышкан спортчулар көрүүчүлөрдү кызыктыруу үчүн бийик жерлерден секирип, хай-дайвингди жандандырышат. Бийиктиктен секирүүлөр көрүүчүлөргө катуу таасир калтырып, бул спорт түрү бат эле белгилүү болуп кетет.
1996-жылы Дүйнөлүк хай-дайвинг федерациясы негизделет. Бул убакта мелдештердин деңгээли бир кыйла өсүп, ага мыкты спортчулар гана катышууга мүмкүнчүлүк алышат. 2000-жылы Кахекилинин урматына Каунолуда клифф-дайвинг мелдеши өткөрүлгөн.

«ТҮБӨЛҮКТҮҮ» 3 СЕКУНДА
Көпчүлүк хай-дайверлер спорттук карьераларын классикалык сууга секирүүдөн башташкан. Секирүүчү секинин бийик болуусу спортчуга техникалык элемент жасоого көп убакыт бербейт. Себеби дээрлик 30 метрдей бийиктиктен секиргенде сууга түшүүнүн ылдамдыгы жогорулайт. Канчалык бийик болгон сайын ошончолук жаракат алуу коркунучу бар. Хай-дайвинг менен алектенген ар бир адам өзүнө гана ишенүүсү керек. Бир секирүү же 10 секирүү болобу, бул үчүн көп убакыт даярдануу зарыл. Ар бир мелдеш убагында «Тез жардам» менен куткаруучулар даяр турушат.
Секирүүнүн эң маанилүүсү – сууга кирүү учуру. Спортчунун кайсы жерге кандай ылдамдыкта секирүүсү анын алгачкы күүлөнүүсүнөн көз каранды. Учууда спортчу ар кандай ыкмаларды жасап, сууга кирерде, эң негизгиси, түз абалда болуусу кажет. Көрөрмандарга 3 секундалык укмуш көрсөтүү спортчу үчүн түбөлүктөй сезилери бышык.

КОРКУУ СЕЗИМИ БАР
«Спортто достук жок» деген сөз болсо да, хай-дайверчилердин арасында жылуу мамиле бар. Алар өздөрүн чоң үй-бүлөбүз дешет. Көпчүлүк убакта чогуу машыгууларды өткөрүшүп, тажрыйба бөлүшүшөт. Жогорку деңгээлдеги спортчулар аз болгондуктан, алар бири-бирин жакшы таанышат. Жакшы мамиледе болуусунун башкысы – алар эң кооптуу деген спорт менен алектениши.
Аларды дагы бир бириктирип турган нерсе – бул коркуу сезими. «Асканын кырында туруп, кийинки секундада кыйын делген секирүүнү жасаш керектигин ойлогондо бүт дене титиреп, ар бир булчуң чыңалат. Албетте, бул коркуу сезими»,- деп айтышат хай-дайверчилер.

ХАЙ-ДАЙВИНГ МЕНЕН КЛИФФ-ДАЙВИНГДИН АЙЫРМАСЫ
Хай-дайвингде спортчулар атайын жасалган бийиктиктен секиришет. Бул бассейндин секисинен тарта порттогу курулушка чейин болушу ыктымал. Атайын жасалган секилер көрүүчүлөргө жана спортчуларга ыңгайлуу болуп, бийиктиги тактык менен орнотулат жана аларга телекамералар орнотулат.
Ал эми клифф-дайвингде табигый жерлерден сууга секиришет. Мындагы мелдештер көбүнчө дүйнөнүн экзотикалык жерлеринде өткөрүлөт. Ар түрдүү аска-зоолор, чытырман токойдогу көлмөлөр жана башкалар. Кичинекей эле мүчүлүштүк, шамалдын катуу болушу, секирүүдөгү каталар спортчунун өмүрүн алып кетиши мүмкүн.

ДҮЙНӨЛҮК КЛИФФ-ДАЙВИНГ СЕРИЯСЫ
Аскадан сууга секирүү эң белгилүү көңүл ачуулардын бирине кирсе да, маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда эмес. Муну жайылтуу аракетинде 2009-жылы «Red Bull GmbH» компаниясы клифф-дайвинг боюнча Дүйнөлүк сериясын уюштурат. Ал 8 этаптан туруп, ар бир этапта спортчулар 27 метр бийиктиктен бир канча секирүүлөрдү жасашат. Азыркы убакта «Red Bull Cliff Diving World Series» эң белгилүү делген Дүйнө серияларынын катарына кирет.

ХАЙ-ДАЙВИНГ ТУУРАЛУУ:

  • Бир күндүк машыгууларда хай-дайверчилер 10го чейин гана секирүүгө мүмкүн. 10го ашык секирсе булчуңдар чарчап, жаракат алып калуусу мүмкүн.
  • 26 метрден ич же далы менен сууга түшүү 13 метр бийиктиктен асфальтка түшкөнгө барабар. Мындай учурда адамдын денеси сууга толугу менен кирбейт. Тирүү калуу мүмкүндүгү дээрлик жокко эсе.
  • Хай-дайвинг боюнча эң көп байгелердин ээси болуп учурдагы Дүйнө чемпиону, 40 жаштагы колумбиялык Орландо Дуке саналат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Chiko.kg
2014-08-11 09:21:53
шумдугун кур деп ушуларды айтса болот.
+1
sansho
2014-08-11 13:42:46
абдан кызыктуу коп нерселерин ачып бербептир да 27 метр эштеке эмес90метрден секирген жиндилер бар.сальтонун турун жасап киришет
0
alhamdulillah
2014-08-12 13:38:19
Сонун
0
bad.girl
2014-08-15 13:39:55
эмнеге 13 метрде кооптуу???20 метрден секиришип жатпайбы
0
Beka90
2014-08-16 14:37:14
27 метрден секирип ал адам ичи менен тушса 13 метрден асфальтка секиргендей болосун! Маанисинде тируу калуу мумкун эмес деп атпайбы!
0
Janaiko
2014-08-17 13:29:43
Мага дагы бийиктиктен секиргим келип журот, эркин кучтуу болсо адриналин да.
0
rozka
2014-08-17 17:12:51
Этияттап секирбесе коркунучтуу отто эле
0
Patriot92
2014-09-16 20:05:16
все любит спорт
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан