ЖАШЫЛ ОЙ - ЖАШ ЭКОЛОГДОР МЕКЕНИ

29-июлдан 4-август аралыгында Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында «Жашыл Ой-2014» республикалык жаштар экологиялык лагери уюштурулду. Аталган иш-чара «Жаштар демилгесин колдоо фонду» тарабынан уюштурулуп, аны «Кумтөр» компаниясы каржылаган. Бул эколагердин негизги максаты – айлана-чөйрөнү коргоо багытында жаштар уюмдарын бириктирүү жана аларды табиятты барктоого багытталды. Өлкөбүздүн жети дубанынан келген жаштар үчүн атайын чакырылган адистер теориялык семинарды иш жүзүндө да көрсөтүп беришти.

«ЛАГЕРДИН МАКСАТЫ – ЖАШТАРДЫ ТАБИЯТТЫ КОРГООГО ҮЙРӨТҮҮ»
Жылына бир жолудан өткөрүлүүчү «Жашыл Ой-2014» республикалык экологиялык лагери 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде катышуучуларды тосуп алды. Лагерге Кыргызстандын ар бир бурчунан чогулган 40тан ашуун адам катышып, алардын көпчүлүгүн жогорку окуу жайдын студенттери, жаштар уюмдарынын жетекчилери менен активисттери жана экологиялык уюмдардын жаш адистери түздү.
Лагерь ишинин алкагында катышуучулар өлкөбүздүн мыкты делген эколог адистери менен жолугушуу өткөрүп, анда азыркы Кыргызстандын экологиялык абалы талкууга алынды. Ошондой эле иш-жүзүндө көрсөтүлгөн тажрыйбалар жана «Кумтөр» компаниясынын кен казган жери менен тааныштыруу болду.

Уюштуруучулардын бири, «Жаштар демилгесин колдоо фондунун» директору БЕРМЕТ КАНИМЕТОВА эколагерь тууралуу буларды айтып берди:
– Жаштар арасында өткөрүлүүчү «Жашыл Ой» эколагери алгачкы жолу 2013-жылы өткөрүлгөн. Быйылкы жылы анкета аркылуу 100 билдирмеден 44 катышуучу тандалып алынды. Жаштарды 3 категорияга бөлүп карадык: 14-17 жаштагылар – окуучулар, 18-25 жаштагылар – студенттер жана 25тен жогоркулар – жаш адистер. Эми бул демилгени жыл сайын өткөрүп турмакчыбыз. Лагердин эң негизги максаты – жаштарды айлана-чөйрөнү коргоого үйрөтүү жана бири-бирибиз менен тажрыйба бөлүшүү. Кыргызстан жаштарынын жаратылышты коргоо демилгесин өнүктүрүү менен биргеликте иш жүргүзүү.
Ошондой эле лагердин алкагында катышуучулар үчүн атайын экскурсиялар уюштурулуп, экологиялык жактан коопсуз делинген технологиялар менен таанышуу жана Ысык-Көлүбүздүн жээгин булганычтан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары катышуучулар «Кумтөр» компаниясынын алтын казуучу кенинде болушту. Катышуучулар бул жерден алган билимин келечекте иш-жүзүндө колдонуп, экологиялык абалга олуттуу көз караш менен баам салышат деп ишенем.

ДМИТРИЙ ПЕРЕСЛАВСКИЙ, «Жашыл Ой» долбоорунун өкүлү:
– Мен бул лагердин келечеги кең деп айта алам. Себеби экинчи жылы гана уюштурсак да, катышам деген жаштар абдан көп болуп жатат.
Жаңы эле «Шаар жана конуштардагы заманбап ирригациялык системдер» темасында презентация өттүм. Азыркы убактын эң көйгөйлүү маселеси болгон кургакчылык убагында сууну туура пайдалануу. Алсак, Бишкек шаарынын түштүк жагында суу жакшы берилип жатса, батыш тарабында канааттандырарлык эмес. Ал эми өкмөттөгүлөр муну артезиан суусу менен камсыздоону айтып чыгышууда. Ал суу миң же миллион жылдар бою жаткан суу болушу мүмкүн. Эң таза жана сапаттуу суу. Мындай учурда эң оптималдуу вариант катары тамчылатып сугарууну колдонуу.
Мындан тышкары эколагердин алкагында кызыктуу темалар талкууга алынды. «Шаар ичинде экологиялык коркунучтарды азайтуу», «Жашыл шаарлар: туруктуулук жана коопсуздук». Бул «Жашыл Ой-2014түн» башкы темасы жана үч бөлүгүндө тең талкууланды.

АЛТЫНАЙ КАЛЧОРОЕВА, эколагердин катышуучусу:
– Мен Ош шаарындагы «Табият» экологиялык коомунун мүчөсүмүн. Бул лагерь тууралуу маалыматты интернет баракчасынан көрүп, билдирме калтырган элем. Конкурстан тандалып, лагерге келип калдым. Абдан кызыктуу өтүп жатат. Көп нерсени үйрөндүк. Айрыкча экологиялык долбоорлорду кантип даярдоо керектиги мага жакты. Анткени биздин коомдо такыр башкача жасачу элек. Ош шаарынын климаты ысык. Ал жерде өскөн өсүмдүктөр да башкача. Бул темада да талкуу жүргүзүлдү. Алган билимимди иш жүзүндө колдоном.

 


ЖАКШЫЛЫК БУГУБАЕВ, эколагердин катышуучусу:
– Экологиялык билимимди өөрчүтүү максатында жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө биздин пикирлерге да олуттуу көз карашта болсун үчүн ушул экологиялык лагерге катышып жатам. Балыкчы шаарындагы «Next – жаштар мууну» уюмунан келдим. Бул жакта чындыгында эле мен күткөндөй семинарлар, тренингдер, кызыктуу акциялар өткөрүлдү. Кыргызстандын ар бурчунан келген катышуучулар менен тааныштык, достоштук. Алган билимимди өз шаарымды көрктөндүрүүгө жумшаганга аракет кылам.

 


«КУМТӨР» КЕНИНЕ САПАР
Уюштуруучулардын республикалык лагерди Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде өткөрүүсүнүн себеби, катышуучуларга «Кумтөр» компаниясынын алтын казуучу кенин көргөзүү болду. Катышуучулардын кен чыккан жерди өз көздөрү менен көрүп, экологиялык абалды баамдоосу – бул лагердин негизги максаты экен.
4 миң метр бийиктикке чыгуу үчүн ден соолугуң да мыкты болуусу кажет. Алгач, ар бир катышуучу кылдат медициналык кароодон өтүп, андан соң алтын казуучу кенге сапар тартышты.

ДАСТАН НИЯЗОВ, эколагердин катышуучусу:
– Мен Кумтөрдүн кени чыккан жерин такыр башкача деп элестетип келгем. Алтын казуучу компаниянын кылдаттык жана өтө тактык менен иштөөсү көңүл жылытат. Бардык жумуш механизациялаштырылган. Ар бир жумушчу өз ишине олуттуу карайт. Жаратылышы да өтө кооз экен. Ар бир нерседе оң жана терс көрүнүш бар да, бул карьерди иштетүүдө да жакшы жана жаман жагы байкалат. Өлкөбүздүн бюджетине көптөгөн суммадагы каражат кошуп жатса да, тынымсыз иштер, карьерден чыккан калдыктар мөңгүлөрдүн эришине алып келеби деп кооптоном. Ушундай кооз жерлерибизге аяр мамиле жасап, кылдаттык менен иштешибиз зарыл.
Лагердин катышуучулары алтын казуучу карьердеги алтын тазалоочу фабриканын жумуштарын өз көздөрү менен көрүштү. Андан соң Петров көлү жана калдыктарды сактоочу жай менен таанышып, «Кумтөр» компаниясынын башкы адистери менен баарлашууга да үлгүрүштү. Кызыктуу сапар катышуучуларга эсте каларлык таасир калтырды.
Бир жумага созулган республикалык экологиялык лагердин жыйынтыгында активдүү катышкан жаш экологдорго сертификаттар тапшырылды. Уюштуруучулар катышуучуларды алган билимин иш жүзүндө колдонууга, Кыргызстандын экологиясына кичине болсо да өз салымын кошконго чакырды. «Жашыл Ой-2014» – чындыгында жаш экологдор мектеби экенин дагы бир ирет далилдеди.

Лагердин катышуучулары көлдүн жээгин тазалоо учурунда.

Жаш экологдор Петров көлүндө болушту.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-08-11 17:30:11
негизи Кумтор жакшы долбоорлорду колдоп келет. мисалы карагаттын жардамы менен канча деген жаштар теплицаларда иштеп калышты
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан