Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Коконду ал маалда Бухаранын амиринин атынан Ибрагим Хайал башкарып жаткан. Он миңден ашык кол менен барып Нүзүп Коконду камап, шаарга кирген жолдорду жаптырып, сууларды буудуруп салды. Базарлар тарап, чайканалар аңгырап бош калды. Соода токтоп, күнүмдүк тирилиги бузулуп, отун-суудан мукураган эл чуу түшүп, шаар ичи кымгуут. Чептин сыртындагы жер жайнаган кол, асмандын жылдыздары бүт күбүлүп, Кокондун тегерегине түшүп калгандай жылтылдап күйгөн отторду көрүп, Ибрагим Хайал бир дарбазадан аскерлерди сүрө турууну, шаарды таштап чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү, Нүзүптөн. Ал Ибрагим Хайал менен сүйлөшүүгө каландер кейпин кийген адамды жөнөткөн эле.
Бул маалда Нүзүптүн колу күндүзү оюн куруп сес көрсөтүп, айбат көрсөтүп, түнү миң сандаган от жагып шаарды курчап жатты.
Нүзүп ушул тапта сабыры суз, ыргылжың тартып шылкыя чычала ичкертип отурган Шералинин жанында илгери бир көргөн түшүн эстеп жатты.
Нүзүп Аксынын Эсенбай бийинин баласы эле. Бирок энеси менен бийдин айылынын четинде, боз төбөл үйдө карыптын оокаты менен жан сактаганы айтылат. Атасы Эсенбай бий анын энесин салынды кылып таштап, баласы Нүзүп тестиер кезинде ооруп, төбөсү жылтырап чачы жок болуп айыккан. Сыпаа бий намыс кылып эч качан балам дебеди, топко ээрчитпеди. Бирок Нүзүп таз чыйрак чыкты. Атасынын баласынбай койгонуна басынбай, кайра күчөп эрегишип, кашкөй чыкты...
Мына ушундай күндөрдүн биринде, таңга жуук Нүзүп укмуштуу түш көрдү. Ордунан чочуп туруп, аксакалдарды, көптү көргөн уламаларды чогултуп, мал союп, аш тартып, алдына жакалуу жаап, артына чарчы (жоолук, кур) курчап, зыяпат көрсөттү. Бул эмнеси? Эч ким билбей, түшүнбөй отурганда улагага сыңар тизелеп отура калып элди чогулткандагы максатын айтты. Ал көргөн түшүн жоруткусу келген.
– Журт, мен силерди топтоп отурганым... Мен бир түш көрдүм... Мына ошону жорутайын деп топтодум эле... Эң бийик, көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөн экенмин... Бир тоодон бир тоого аттайм. Бир тоодон бир тоого сунсам колум жетет. Бир тоодон кыйкырсам, бир тоонун кийиги шагырап үркөт... Бул эмнеси? Бирок түзүк моокумум канбады... Бат ойгонуп кеттим... Бул эмнеси?
Мындай шумдук түштү ким көргөн да, ким жоруган? Кирпиктер гана кыбырап, үй ичи тымтырс.
– Жакшы...- деп төрдөгү карылардын бири киркилдеп сүйлөп келатканда, Нүзүп:
– Токтоңуз!- деп оозунан сөзүн сууруп алды. – Түзүктөп жоруй алар түрүңөр көрүнбөйт. Түш бир айтуудан бузулат, бир жоруудан бузулат дешет го. Мына эмесе, мен өзүм жорудум: эң бийик көк жашыл тоолордун үстүндө жүргөнүм – мартабам көтөрүлөт экен. Бир тоодон бир тоого аттаганым, бир тоодон сунсам, колум бир тоого жеткени – кулачым узарат экен, даңкым алыска кетет экен. Бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү – бийлигим чоң болот экен... Хан болот экенмин... Оомийин, Аллаху акбар!- деп бата тартып жиберди. Кай бирөө чын ниети менен, кай бирөө тамашага чалып, дуулдап бата кылышты.
Бул окуя элге сөз болуп кетти. Көзү жок жерде ким көрүнгөн шакебелеп, атаны жаман калдин тилегин көр деп күлүп жүрүштү. Акыры унутулуп да калды. Жалгыз Нүзүп өзү гана такыр унута албады, көксөдү, күттү. Ата болуп бир көтөрмөлөп койбогон атасына өчөшүп, жайыттан кырк байталын уурдап соодагерлердин бирине берип, бир көк кашка бышты сатып алды. Ал таза кандуу бедөө (байыркы араб урууларынын бири, бедуин) жылкысынын уругунан болчу.
Кырк байталга айырбашталып алынган жылкы шылтоо болуп, Эсенбай бий менен баласы катуу урушуп кетти. Атасы баласынан кечип, кашкөй уулу да кайра тартпай, «Сен менин балалыгымдан кечсең, мен сенин аталыгыңдан кечтим! Ата болуп качан чекеми жылыттың?» деп үйүнөн бир учук жип албай өрттөп салып, энеси менен Таласка кетип калды.
Ажыбай датканы жамынды. Ошол бойдон көп жылга дейре кабар албай, кабар билдирбей жат болуп Таласта жүрүп калды. Энеси Таластын кызы болчу. Аштарда, тойлордо ат чаап, жигиттери менен түрө келип көк бөрү тартып, мөөрөй талашып, үйүрлүү бөрү сыяктуу жүрчү. Көк кашка таза кандуулугун көрсөтүп, алдына ат салдырбады. Ээсинин үмүтүн актады. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылып, ага кошумча түз сөздүүлүгү, сыпаалыгы менен оозго кирип, элге алынып, мырза атыгып, күндөн-күнгө кадыры артты. Досу, курдашы, санаалашы көбөйдү.
Ошол жерде Ажыбай датканын эшигинде жүргөн Шералини көрдү.
Мындай жашоо да аягына чыкты. Чоң тойлордун биринде Таластын Карабек аттуу мырзасы алдыга чыгып келе жаткан Көк кашканы буйгадан тостуруп чаап жыгып, анын аягы жагымсыз бүттү. Нүзүп Карабек мырзаны «Буйга жер тоскон каракчы!» деп камчы менен башка чаап, элдин алдында кылмышын моюнуна коюп берип уят кылганы менен, өзүнүн дарегине да жаман сөз угуп, дили сынып кайтты. «Тентиген аксылык! Кал!» деген сөздөр аны жылан болуп чакты.
Жол ката эч ким менен сүйлөшпөгөн, маанайы пас Нүзүп үйүнө түшөрү менен эле «Эсенбай бий өлдү» деп Аксыдан кабарчы келди.
– Бир жамандык болорун кечээ атымдын башына камчы тийгенде эле сездим эле... Эсенбай кантсе да менин айбатым, сүрүм болчу, катыгүн, тарт атты!..
Ат аябай күндөп-түндөп жол жүрүп Кара-Буура ашуусу аркылуу Аксыга ашты. Эсенбай бийдин кара ашына өкүрүп түштү. Ошентип атасынын ордун басып, Аксы багытынын бийи болду.
Ушул убактарда Нүзүп шумдуктуу түшүм келди го деп ойлонуп, атасынын ордун басканын ошого жоруп жүрдү. Бирок көңүлү биротоло тынбады, ыраазы болбоду. Бул кайда кача турган бийлик эле? Ата мурасы! Эртеби, кечпи, акыры колго келе турган нерсе эмес беле? Жүрөгүнө чоң медер тутуп жүргөн тилеги ушул эле болуп бүтүп калышына ыраазы болбоду. Көп жылдар өттү...
Мына эми минтип кабагынын тырышы көбөйүп, эти оорлоп, жандын тынчын көздөп калган чагында, шумдуктуу түш эскирип, эсинен чыгып бараткан кезде күтпөгөн жерден ордодо оодарылыш болуп кетти да, тынчы жок сезимин ойготту. Түшү жапжаңы болуп көз алдына келе баштады, дагы үмүт болуп жүрөгүн дүкүлдөтө баштады. Ордодогу өзгөрүштөргө байланыштуу элдин кообун, дүүлүгүүсүн, демин көрүп туруп, ордону талашууга укук болуп бере турган бирдемени издеди. Ал укук да табылды.
Мына, Шерали жанында отурат, колго түшкөн уурудай болуп шылкыйып.
Эртеси дарбазалардан оттор бир кыйла алыстап кеткенин көрүп, бухаралыктар таң сүрө чубап жолго чыгышты. Дарбазадан куйругу үзүлө түшкөндө тоолуктардын найза учуна туш болуп, Ибрагим Хайал жыйырма чакты аты күлүк кишиси менен араң кутулуп кетти.
Нүзүп ак боз ат аргымак минип, оң бөйрөгүн таянып, кернайлардын айкырыгы астында жүрөк үшүткөн шаң, сүр менен Кокондун чоң дарбазасынан кирди.

Кыяс Молдокасымов: «МАДАЛИ ХАНДЫН ТАГДЫРЫ БҮГҮНКҮГӨ САБАК БОЛУУЧУ ӨЗГӨЧӨ ТАГДЫРЛАРДАН»
– Романда баяндалган Мадали хандын тагдыры бүгүнкүгө сабак болуучу өзгөчө тагдырлардан,- дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов. – ХIХ кылымдын экинчи жарымында Кокон ордосунда жашап, 1666 беттен турган «Фаргана хандарынын тарыхы» аттуу көлөмдүү эмгекти жазган кыргыз тарыхчысы Зиябиддин Максым Мадали хан мамлекетти башкарууга кызыкпай, арак-шарапка алдырып, ырчы-бийчилерди топтоп, аялдар менен оюн-зоок уюштуруп, алтын-күмүштөрүн чачып күн өткөргөнүн таасын сүрөттөйт. «Мухаммат Али («Сынган кылычта» Мадали хан) хандын өгөй энеси бар эле, анын атын Ханпадыша дээр эле. Ошого ашык болуп, уламаларды чогултуп, «Ага үйлөнүүгө жол тапкыла! Антпесеңер баарыңардын башыңарды алам!»,- деди. Жол таап, аны алды. Саид Мухаммат Али хан ошол аялдын айтканын аткарчу болду»,- деп жазылат жогорудагы кыргыз тарыхчысынын эмгегинде. Андан ары Мадали хан өзүнүн эң ишенимдүү адамдарын алыстатып, кошоматчыларды айланасына чогултканын, кошомат кылбагандарды жазалап турганы баяндалат. Айланасына жыйналган кошоматчылары Мадали ханды мас кылышып, хандыктын тиреги болгон Аккулу миңбашыны өлүм жазасына буюрган өкүмгө мөөрүн бастыртышат. Ханды туура жолго чакырган 12 жашар иниси Султан Махмуд ханды «сага каршы, тактыңды тартып алгысы бар» дешип, аны да өлүм жазасына тарттырмак болот. Бирок апасы Надира бегимдин (ошол доордогу атактуу акын айымдардын бири) зар какшаган өтүнүчү менен инисин Бухарага сүргүнгө айдайт. Арадан жыл айланып, Бухара эмири Кокон хандыгын каратып, Мадали хан менен анын иниси Султан Махмудхандын айланасында эч ким калбай, экөө туткундалган учурда иниси 12 жашар убагында агасына айткан сөзүн эске салып, «Эй, ака, эми эмне кылабыз? Сиз көңүл ачкан сулуулар кана? Сыйыңызды көргөн ырчыларыңыз кана? Комузчу, дутарчи, чоорчуларыңыз кана? Бирге сайрандап шарап ичишкендериңиз кана? Көк чай ичишчү досторуңуз кана? «Башыңызга балаа келсе, биз даярбыз!» дегендериңиз кана?» (Фаргана хандарынын тарыхы, Бишкек-2007, 60-61-беттер) деген өкүнүчүн айтат. Көп өтпөй Бухара эмири Мадали ханга кошуп бир туугандарын, апасы Надира бегимди, хан урпактарынын бардыгын жок кылып, Кокон хандыгын Бухара эмирлигинин бир вилайэти (облусу) деп жарыялап, 3 ай талоонго алууга буйрук берип, Ибраим Хайал дегенди башчы дайындап, өзү Бухараны көздөй жол тартат.
Ошол маалда хандыкты калыбына келтирүү, сырткы душмандарды кууп чыгуу вазийпасын Нүзүп башында турган кыргыздар алышат. Ал тууралуу баян кийинчерээк болсун. Биздин тек бир эске саларыбыз Мадали хандын учурундагыдай ишенимдүү, мамлекет кызыкчылыгын жогору койгон инсандардын көзүн тазалоо (Насирдин Исанов сыяктуу улуттун мыктылары) эгемендүү кыргыз мамлекетинде да кайталанганы жалганбы?! Андай окуялар Шералы хандын тушунда да андан кийинки хандардын учурунда да, тоталитардык доордо, эгемендүүлүк жылдарда да уланып жатканы эмнени каңкуулайт?..

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
janila76
2015-01-10 14:59:34
Тушунбой калдым эмне учун Мадали хан "Саид Мухаммед Али" деп аталган?
0
dani2014
2015-01-24 22:26:21
janila76,себеби пайгамбардын ысымы, мисалы Мухамет кыргызда маамат, мамбет дегендей
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан