ОТОРБАЕВ ЖАШТАРГА ЖОЛ АЧУУДА

Жоомарт Оторбаевдин премьер-министр катары иштеп жатканына 100 күндөн ашты. Өкмөттүн иши боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Туура, азыр элибиз кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатат: кургакчылык, суу жетишпейт, энергетика оор абалда, түштүктө газ жок жана башкалар. Буга көбүнесе объективдүү себептер бар. Ошентсе да «өкмөт иштебейт, маселе чече албайт» деп баа берүү бир жактуу, адилетсиз болуп калмак.

АЗЫРКЫ ӨКМӨТТҮН НЕГИЗГИ АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ – АНЫН АЧЫК, АЙКЫНДУУ ИШ АЛЫП БАРУУСУ
Жоомарт Оторбаев кызматка киришкен алгачкы эле күндөрүндө өкмөттүн ишинин эң негизги принциби элдин ишенимин кайтаруу экендигин белгилеп: «Жөнөкөй, жеткиликтүү, айкын диалог аркылуу гана биз коомдун бийликке болгон ишенимин кайтарабыз. Ар бир жаран өкмөттүн кылып жаткан ишин билүүгө жана түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алууга укуктуу»,- деп билдирди.
Кийинки кадамында премьер өкмөт мүчөлөрүнүн иш-милдеттерин (функцияларын) тактап, бөлүштүрүп, калк менен тыгыз байланышта иштөөнү талап кылды. Эң негизги талап – планды жаңыча түзүү, ар бир министрлик алдына өз аракеттеринин картасын коюуга тийиш. Планда министрдин бардык (реалдуу) максаттары, аларды аткаруу мөөнөтү болуш керек. Премьер мындай планды «министрдин коомдун алдында алган максаттарын жана милдеттерин камтыган өзгөчө бир контракт» деп мүнөздөйт.

МАСЕЛЕ ЧЕЧҮҮЧҮ ӨКМӨТ БОЛУУГА АРАКЕТ
Жаңы өкмөттүн таза, ачык иштей баштагандыгы көрүнө баштады: маселелер ачык талкууланып жатат. Өкмөт башчы жана министрлер «Министр байланышта» деген түз байланыш аркылуу жарандардын сын-пикирлерин, мүдөөлөрүн угуп, жардам берип, маселелерди өз көзөмөлүнө алып, чечүүгө аракеттенишүүдө. Оторбаев аймактарга барып, газ, суу маселеси болобу, курулай убада бербестен, так чечүүгө аракет кылууда. Башкача айтканда, азыркы өкмөт популисттик эмес, маселе чечүүчү өкмөт болууга аракет кылууда.
Ал эми ушул мезгилдин ичинде чечилген маселелердин катарына төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
– Кыргызстандын Бажы союзуна жана Евразия экономикалык шериктештигине кирүү боюнча чоң иштер жасалды («Жол картасы» кабыл алынды); Евразия экономикалык шериктештигине Кыргызстандын кошулуусу жөнүндөгү документке кол коюлду; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлду; Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты.
Донорлор менен кызматташуу жакшырып, инвестициянын көлөмү көбөйдү. Дүйнөлүк банк каржылоону 200 миллион долларга, «Азия өнүктүрүү банкы» 250 миллион долларга, «Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы» 70 миллион еврого көбөйтүштү.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) менен 2012-2016-жылдарга «Ден соолук» улуттук программасын ишке ашырууну каржылоо боюнча макулдашуу процесси аяктады. Бул макулдашуу боюнча Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 13,5 миллион доллар бермек болду, анын 55 пайызы жылына 0,78 пайыздык насыя катары, калган 45 пайызы грант түрүндө берилмекчи. Ошондой эле башка келишимдин алкагында МАР саламаттыкты сактоону колдоо катарында 11 миллион АКШ долларын грант түрүндө бермекчи болду.
Атайын мектеп-интернаттардын, санатордук типтеги мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын социалдык жактан коргоо жана алардын физиологиялык муктаждыктарын камсыздоо максатында тамактанууга акча күнүнө 65 сомдон 110 сомго чейин көбөйтүлдү.
Мал чарбасына жана өсүмдүк өстүрүүгө ири каражат бөлүндү. Алсак, 2014-жылдын 19-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо-2» программасынын алкагында фермердик чарбаларга, кооперативдерге, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө, үрөн чарбаларына, айтор, жалпысынан Кыргызстан боюнча 13 369 жеңилдетилген насыя берилди. Берилген насыянын суммасы 4 миллиард 273 миллион 285 миң сомду түздү.
– Бир катар ирригациялык долбоорлор ишке киргизилди. Азыркы күндө республикалык бюджеттен төрт ирригациялык объектини, тактап айтканда, «Кара-Кыштак-Боз», «Сарымсак» каналдарынын, Ак-Сай дарыясындагы башкы суу топтомосун курууга жана Бүргөндү тулкумунун жерлерин өздөштүрүүгө
50 миллион сом бөлүндү. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ренжит өрөөнүнүн жерлерин суу менен камсыз кылуу үчүн 2014-жылдын 20-июнунда «Беш-Батман» каналынын акыркы бөлүгү ишке киргизилди. Бул болсо 1074 гектар жерди суу менен камсыз кылат.
– Дагы бир чоң утуш деп «Альфа Телеком» ЖАКсынын MegaCom» уюлдук оператору) акцияларынын калган 51 пайызы мамлекеттин менчигине өткөрүлгөндүгүн айтса болот. Бишкек шаардык райондор аралык сотунун аныктамасы менен «Альфа Телеком» ЖАКсынын 51 пайыздык акциясы сот камоосунан алынып, мамлекетке компаниянын 100 пайыз акциясына ээлик кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошентип, республикалык бюджет 2009-2013-жылдардын жыйынтыгы боюнча дивиденд катары чегерилген 2 миллиард
875 миллион 366 миң сом
менен толукталды.
– Дүйнөлүк банктын 2014-жылдын июлундагы жаңы жиктемесинде Кыргыз Республикасы киреше деңгээли боюнча ортоңку деңгээлден төмөн кирешеси бар өлкөлөрдүн катарына көтөрүлдү. Кыргызстан үчүн бул көрсөткүч жаман эмес. Себеби 2013-жылы Кыргыз Республикасындагы ар бир кишиге улуттук дүң киреше 1200 доллардан туура келди. 2012-жылы бул көрсөткүч 1040 долларды түзгөн.
– Акыркы тапта эң эле көйгөйлүү маселе – Ошто газдын жоктугу. Мында да өкмөт башчы ачык-айкындуулуктан тайбай иш алып барууда. Ошту суюлтулган газ менен камсыз кылуу жана электр мештерди пайдалануудан башка арга жок. Ушул багытта иш жүргүзүлүп жатат.
Энергетика тармагындагы кырдаал жөнүндө өткөрүлгөн пресс-конференцияда Жоомарт Оторбаев жагдайды мындай түшүндүрдү: «Өкмөттүн негизги максаты – кышка даярдык. Биринчиден, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 миллиард метр кубду түздү. Былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард метр кубга аз. Кечээ суу секундасына 465 метр куб ылдамдык менен келип жатты. Бул акыркы 7 жылдын ичиндеги эң эле төмөнкү көрсөткүч. Экинчиден, экономика өнүгүп жатат. Бир эле Бишкекте көп кабаттуу 170 үй курулууда. Алардын бардыгына электр энергиясы керек. Мисалы, Таш-Көмүрдөгү «Авиньен» ферросилоалюминий заводунун бардык 4 меши иштей баштаса, анда жылына 75 миллион сомдук продукция чыгарылып, 1000 жумуш орду түзүлөт. Бул завод да көп электр энергиясын талап кылат. Келе жаткан инвесторлорго да электр энергиясы керек болот».

ЖАРЫКТЫН БААСЫ КАРАПАЙЫМ КАЛККА КЫМБАТТАБАЙТ
Ушундай жагдайлардан улам электр энергиясы боюнча тарифтерди көтөрүү маселеси кайрадан көтөрүлүүдө. Учурдагы өкмөт бул маселеге кылдат мамиле кылууну чечип, үч фазалык абоненттерге карата гана тарифти көтөрүүнү сунуштады. Алар керектөөчүлөрдүн жалпы санынын 5 пайызын түзүшөт. Бирок тариф көтөрүү демилгесин угары менен айрым саясатчылар «бул бийлик да мурунку бийликтердей эле элди кыйнаганы жатат» деп кыйкырып чыгышты. Алар керектөөчүлөрдүн 95 пайызына (анын ичинде жөнөкөй элге) тариф мурункудай каларын айтышпайт.
Кургакчылык болсо да элдин кызыкчылыгын көздөп, тарифтерди көтөрбөй коюу – бул эрдик эмеспи? Ушуга байланыштуу отун-энергетика комплекси боюнча белгилүү адис, илимпоз Карыпбек Алымкулов мындай дейт: «Жөнөкөй эл үчүн тарифтер өзгөрбөй калганы жакшы, бирок мамлекет кыйынчылыктарга туш болот. Себеби суу аз. Ош шаарында газ жок. Алар электр энергиясына өтүштү. Үйлөрдө кондиционерлерди пайдаланышууда. Мунун бардыгы электр энергиясын керектейт. Мурун кышка салыштырмалуу жай мезгилинде электр энергиясы аз пайдаланылса, акыркы учурда көрсөткүчтөр теңделип калды. Ошондуктан мамлекет сууну көп колдонууга мажбур». Буга карабастан бийлик эл тарабында турууну чечти.

КЫЗМАТТА ЖАШ КАДРЛАР
Кадр маселесине Ж.Оторбаев өзгөчө маани берип, жаш кадрларды колдоо, аларды көтөрүү, аларга ишеним арттыруу багытында иш алып барууда. Булар жаңы көз караш, заманбап билим жана ыкмалар менен иштешет. Мындан тышкары жаштар коррупцияга аралашпаган, таза кадрлар. Ушундан улам, балким, Жоомарт Оторбаевдин жогорку кызматтарга кийинки учурдагы дайындоолорунун көбүн жаштар түзүшөт. Атап айтсак, Өкмөттүн сот өкүлчүлүгү борборунун директорунун орун басары Тимур Карабаев 1976-жылы туулган, КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана ТЖКЧ мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Руслан Тагаев 1978-жылы туулган, Мамлекеттик салык кызматына таандык «АйТи-сервис» мамлекеттик мекеменин директору Санжарбек Жалилов 1980-жылы туулган, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев 1980-жылы туулган, Финансы министрлигине караштуу «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасынын директору Руслан Токочев 1980-жылы туулган, «Каракол» Эркин экономикалык зонасынын башкы директору Талантбек Курманбек уулу 1980-жылы туулган, Архитектура, курулуш жана ТЖКЧ мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Данияр Шейшеканов 1982-жылы туулган, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев 1986-жылы туулган. Бул кадрлардын баары Жоомарт Оторбаевдин дайындоосу менен кызматка келишти.
Азыркы социалдык-экономикалык абалыбызды түшүнбөй туруп, буга чейин бардыгы мыкты болгон деген ойдо сындоо туура эмес. Эмне үчүн кемчиликтерди гана көрөбүз? Жетишкендиктер да бар эмеспи? Көз карашы түз адам өкмөттүн 100 күндүк ишинде көптөгөн маселелер чечилгендигин, эң негизгиси, туура багыт алгандыгын, ачык, таза иштей баштагандыгын көрөт, белгилейт жана баалайт деп ишенсе болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
burger
2014-08-11 09:46:07
Оторбаев, Кулов байкелерим Володя авамдын жээндери. Чынында корком бул кишилерден. Жириновский тайкем айткан Кыргыз бийлигинде Орустарга кошулууну колдогон саясий кучтордун бири деп билем. Жаштарды алып келгени жакшы. Бирок эл козуно 5-6 кишини эмес, чындап эле таланттуу балдарды сынак менен, керек болсо озу сындап алса жакшы болмок. Анан жаштарды алат десе, сразу бийликке отургузбай акырындан, айлап-жылдап таптап алып келсе демекмин. Акылдуулук менен акылмандыктын айырмасы болгондой эле нерсе..
+1
edico22
2014-08-11 10:30:39
Колунан бок келбейт! Буларга ишенбейм! Кетсин!
0
Bogotik
2014-08-11 11:12:09
ketsin ketsin ketsin
0
DASTAN92
2014-08-11 14:28:00
Bogotik, Ким кетсин эмне учун кетсин жок дегенде себебин айтчы айланайын ? Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт боллбой
0
Revolyutsioner
2014-08-11 14:48:37
DASTAN92, козунду чоон ачсан бугунун менен жакынкы келечегинди коросун... Мигранттар улам кобойуп келет азайгандын ордуна, баары жокто кымбатчылык, Ошто газ жок, эми кышта Бакиевдин заманындай свет очурулот.... Кумтор дагы эле Окмотту сызга отургузуп келет, кылмышкерлер губернатор ж.б. болуп эл башкарып келет, дагы сага эмне деш керек...
0
Jyrgal_msk
2014-08-11 20:45:34
Bogotik, Мен да бул кишиге ишенбейм.
0
adilet_3234
2014-08-11 11:13:31
Эййиий ушул окмоттун ишине эч ичим чыкпады. Карызыбызды сыртан болгон ото эле кобойтуп жиберишти. Дагы уялбай кайсы милллионндорду айтып жатат бул киши.
+1
tynara1983
2014-08-11 11:27:27
Темасын окуп алып суйунуп кетсем жаштарга жол бошотуп кете бейим деп Оторбаев.
0
nagi82
2014-08-11 14:02:29
Мм баары озун мактамайда кыйратышса ошко газды эбак чыгармак Каримовдун жанына бара алышпайт
0
Revolyutsioner
2014-08-11 14:53:53
Жаштар келди деп капчыктуулардын балдарын кызщматка койгонун айтып мактаныптыр, иш кылдым деп каяктагы жумуштарды айтыптыр. Бажы Биримдиги эмне болду, 50-60миндей жараныбыз кара тизмеде жургондо ББнин бизге пайдасы кайсы? Эмнеге конушлар менен алакалар жонго салынбай келет, Озбекистан газ бербей койсо, Казахстан сенин товарынды откорбой жатса, Тажикстан жеринди тартып алып элинди олтуруп жатса, суунун баарын сатып жиберип кышында жарыксыз отурчу болсок. Азык-тулук да, бензин да кымбаттаса?!!!
+1
Revolyutsioner
2014-08-11 14:54:57
Озу эмне иш кылганына мактанып жатат, Кумтор менен 50/50 келишим туздук дешти эле жок келишимге кол корюлбай Кыргызстандын улушу 33% экен, эмнеге буларды айтпайт?!!!
+1
knk
2014-08-12 08:49:59
Ишенич жок. Коррупция гулдогон мезгилине жетти. Коншулар менен тен ата суйлошо албайбыз.
0
Mir83
2014-08-13 20:52:58
ушул биздин атка минерлердин кантип елдин ишенимине кирип кантип олкобузду онуктуролу деген ойлору болот бекен же оздорун гана ойлондурабы. Азыр буларга еч кимдин ишеничи жок.
0
Mir83
2014-08-13 20:52:58
ушул биздин атка минерлердин кантип елдин ишенимине кирип кантип олкобузду онуктуролу деген ойлору болот бекен же оздорун гана ойлондурабы. Азыр буларга еч кимдин ишеничи жок.
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан