12 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМ ТУУГАНЫН КУТКАРЫП, ӨЗҮ ЧӨГҮП КЕТТИ

Быйыл өлкөбүздө сууга агып же чөгүп каза тапкандар көп болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жайкы эс алуу башталгандан бери 40тан ашуун жаран сууга чөгүп же агып каза болсо, алардын 12си өспүрүмдөр. 26-июль күнү да Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылынын 12 жаштагы тургуну Улан каза болду. Бул балакай бирөөнүн өмүрүн сактап, өзүн сактаганга жетишпей калды. Жалгыз уулунан айрылып отурган Света Кашкороева буларга токтолду.

«40 ЖАШКА ЧЫККАНДА УУЛДУУ БОЛГОН ЭЛЕК»
-Баламдын акылдуу өскөнүн көзү өткөнчө байкабаптырмын. Эми минтип эл оозунан баламдын кандай экенин угуп, анын бизден алган тарбиясына эми көңүл буруп отурам. 26 жыл өмүрүмдү мектепке арнап, окуучуларга тарбия берип жүрүп, баламды үйдө көп күттүрүп коюптурмун. Ар күнү үйдүн дарбазасынан чыгып мени күтүп, карааным көрүнгөндө мени көздөй «апалап» чуркачу.
2 кызыбыздан кийин жолдошум экөөбүз 40 жашка барып калганда Кудайдан тиленип жүрүп уулдуу болдук. Чачтары тармалдашып тургандыктан таежелери аны «Иосиф Кобзон» дешчү. Жолдошум 2-топтогу майып болгонуна байланыштуу мурун талаа иштерине киши жалдап иштетчүбүз. Быйыл баарын Улан өзү бүтүрдү. Атасы «картошкабыз элден биринчи бүтүп жатат, балам чоңоюп калыптыр» деп кубанып жаткан.

«УЛАН АБАМ КАЙДА?» ДЕП БАЛДАР ИЗДЕП КЕЛИШҮҮДӨ»
-Мектепте башка балдар урушуп, түртүшүп жатса Уланым аларды карап гана турчу. «Тартиптүүм» деп ыраазы болуп өөп койсом, үйгө келгенде «Апа, мен чоңоюп калбадымбы, үйдө өпкөнүңүз деле жетишет. Мектепте балдардын көзүнчө өппөңүзчү, уят да» деп калчу. Курбуларымдын баары «балаң акылдуу болуп өсүп баратат, сени ушул жыргатат го» деп көп айтышчу. Коңшуларыбыздын жаш балдарынын баарын топтоп алып, өзүнүн чүкөлөрүн бөлүп берип, уруштурбай ойнотчу. Өлгөнүнө 10 күн болуп калса да «Улан абам кайда?» деп кошуналардын балдары келип жатышат. «Жок» дегенибизге ишенишпей, төркү үйгө чейин издеп кирип кетишет.

«БАЛДАР ЧӨГҮПТҮР ДЕГЕН КАБАР КЕЛДИ»
-Улуу кызым жакында эле Орусиядан келген. Ага эркелеп, кызын ойнотуп, жанынан жылбай калган. Неберем бир аз сыркоолоп калгандыктан аны ооруканага көрсөтөлү, дагы бир аз жумуштарды бүтүрүп келели деп кызым экөөбүз Караколго кеткенбиз. 26-июль күнү үйгө келсек, атасы жалгыз отуруптур, Уландын кайда экендигин сурасам «Гүкү эжеси көлгө алып кетти» дейт. Кайын сиңдимдин жолдошунун маршруткасы бар эле. Туугандарыбыздын балдарын топтоп, 10 баланы пляжга алып барыптыр. Алардын ичинен эң улуусу 12 жаштагы менин балам менен Айчүрөк (Улан куткарган кыз). Кечки саат алтыдан өтүп калганда «балдар сууга чөгүптүр» деген кабар келди. Менин барам дегениме карабай, жолдошум бир машинага отуруп кетип калды. Кыйкырып эле калып калдым, ары-бери чуркайм, бир да машина табылбайт, жолдон тоссом же токтобойт. Эптеп пляжга жетип бардым. Көлдүн жээгинде кайын сиңдим менен күйөө балам баштарын кучактап, ары-бери басып жүрүшүптүр. Көрсө балам сууга чөгүп кеткен экен.
Эртеси баламдын сөөгүн алып келишти. Жүзүн ачсам, беттери тытылып, чекеси бир аз айрылып калыптыр. Арык, кичинекей бала өзүнөн чоңураак кызды куткарам деп кыйналып калган окшойт, көмгөнү алып кетип жатканда да мурдунан кан агып турду.
Эми менин астымдан апалап ким тосуп чыгат? «Кайгырба, ыйлаба, апа» деп көңүлүмдү көтөрүп, жашымды ким аарчыйт? Азыр апам, кыздарым, неберем жанымда. Буларга алаксып отурам, үйлөрүнө кетишсе эмне кылам?

«ОШОНДОЙ НЕС АБАЛДА УЛАН ТЕҢДҮҮ ЭЧ КИМ КУТКАРА АЛМАК ЭМЕС»
-Балам жерге берилгенден кийин аны менен кошо көлгө барган Ынтымак деген баладан эмне болгонун, уулум кантип чөгүп кеткенин сурадым. Кайын сиңдим жолдошу экөө Караколго барып келе калалы деп балдарды пляжга таштап кетишиптир. Ал жердегилердин улуусу Улан болгондуктан өзүн жооптуу сезген окшойт. Суунун жээгинде Ынтымак экөө кумдан үй куруп ойноп отурушканда Уландын эсине шериктери келгенби, «кыздар кана?» деп ордунан секирип турат. Ары чуркап барса кыздар алманын түбүндө ойноп, ал эми Айчүрөк сууга түшүп жатыптыр. Бир убакта эле Айчүрөк сууну чапкылап «Улан, жардам бер, мен чөгүп баратам» деп кыйкырганынан, балам ары-бери чуркап, эмне кыларын билбей, анан «Айчүрөк, коркпо! Мен сени сактайм!» деп сууга секириптир. Айчүрөк Уландан 2 ай улуу болчу. Бир класс жогору окуйт. Сүзүп барып Айчүрөктү колунан тартып жылдыра албаптыр. Акыры арт жагына өтүп түртүп, ага да алы келбей, өзү артка чалкалап, кызды эки буттап тепкенде гана жээк тарапка жылыптыр. Бирок уулум чалкалаган боюнча башы менен сууга кирип, «жардам бергиле» деп бир-эки жолу башын суудан чыгарып, ошол бойдон дайыны чыкпай калыптыр.
Улан деле сууда сүзгөндү жакшы билчү эмес. Ошентсе да жүрөгү ток болуп, тууганына өмүрүн берип, өзү бизди сыздатып кете берди. Ошондой нес абалда Улан теңдүү балдардын эч кимиси адам куткарам деп сууга боюн таштамак эмес.
Рахат мырзанын (Уландын атасы) карындашы Гүлнара Салмахунова туугандардын балдарын топтоп, ойнотуп келем деп жакшы ниет менен алып барып, бирок жыйынтыгында өзүн күнөөкөр сезип отурган чагы. Андан да кыйын учурга Рахат мырза туш болду. Жалгыз мураскорунан ажыраган атанын ичинде кайнап жаткан ызасы көзүнөн байкалып турду. Узаткан сурообузга жооп да берүүгө чамасы келбей сыздап отурду. Ал эми көз жашын төккөн Гүлнара айым буларга токтолду.

Гүлнара Салмахунова: «ӨЗҮМДҮ КҮНӨӨКӨР СЕЗИП, ҮЙДӨН ЧЫГА АЛБАЙ КАЛДЫМ»
-Иним Улан баатырларча каза болду. Күтүүсүздөн болуп кетти. Мындай болорун эч ким күткөн да эмес. Ата-энеси үчүн анын орду толгус. Канчалык сыздап, кан жутуп отурушканын түшүнүп турам. Жашоо уланыш керек, Уланчалык болбосо да, ата-энесине жөлөк болууга бала асырап берсекпи деп туугандар сүйлөшкөнбүз. Ал үчүн Бишкекке тийиштүү жерлерге кайрылсак, бир топ документтер керек дешти. Тийиштүү жетекчилер Уландын эрдигин эске алып, анын урматына бала асырап алуунун жолдорун жеңилдетип беришсе жакшы болмок. Балага зарыкканды эч кимдин башына салбасын. Өзүмдү күнөөкөр сезип, үйдөн чыга албай калдым.

Айыл элинин айтуусунда, суунун Улан чөккөн бөлүгү адам тартат. Мындан бир топ жыл мурун балыкчыларды да тартып кеткен дешти. Андан бери ал жерге адам баспай, чычырканак өсүп каптап кеткен. Быйыл пляжды иштетип жаткан адамдар ал жердеги чычырканактарды кесип, көлдүн жээгине кошумча кум төгүп коюшкан. Бирок суунун кооптуу жерлерине жергиликтүү бийлик тосмо же кандайдыр бир белгилерди коюшпаптыр.

Балдар менен көлгө барарда ата-энелер төмөнкүлөргө көңүл буруусу зарыл:

  • Узак убакытка, тынымсыз сууга түшүүгө болбойт, суук тийип калуусу мүмкүн. Сууга түшүү убактысы аба менен суунун температурасынан көз каранды. Жаш балдарга абанын температурасы +25, ал эми суунун жылуулугу +18 градустан жогору болушу шарт.
  • Сууга түшүүчү жайдын шартын карап, чөмүлүү жабдыктарына көңүл буруп, балдарга сууда сак болуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүү керек.
  • Уруксат берилген жайларда жана чоң адамдардын көзөмөлүндө гана сууга түшүү кажет.
  • Суунун сизге тааныш эмес жерине балаңыз да, өзүңүз да түшпөй эле коюңуз. Суу астында денеге залакасын тийгизе турган учтуу жыгачтар же таштар болуусу мүмкүн. Ошондой эле түбү баткак, саз сууга түшүүдөн качыңыз.
  • Эч качан үйлөнгөн матрастар, оюнчуктар, унаанын камерасы менен алыс сүзүүгө аракет жасабаңыз. Колдо жасалган буюмдар кокусунан жарылып кетиши мүмкүн. Бул сүзгөндү жакшы билген адамдар үчүн да кооптуу.
  • Кырсыктын алдын алуу үчүн балага сууда сүзүүдө өзүн туура алып жүрүүнү үйрөтүү зарыл.
  • Сууга чөгүп бараткан адам мүмкүн болушунча паникага алдырбай эмоциясын көзөмөлдөшү керек. Ашыкча кыймыл-аракет, ызы-чуу чыгаруусу бат чөгүп кетүүгө өбөлгө түзөт. Чөгүп бараткан адамдын өзүнө-өзү көрсөткөн жардамы – сууда колу-бутун туура башкара билүүсү.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
Manasemetei
2014-08-13 04:17:58
Oto jaman iw boluptur.bala bagyp algany mn al Ulandyn ordun baspaiit da.chynygy er jurok bala eken.kyrgyzdyn chygaan jigitterinen bolmok egerde tiruu bolgondo
0
Elnuram090
2014-08-13 16:42:05
Жакшы адамды кудайым ошентип эрте алып кетет дегени ырас да акылдуу бала чонойуп элге даны коп пайдасы тиймек' эч кимге баласынан ажыраган азапты каалабайм кандай кана азап бул жалгыз баласынан ажыраган кандай азап Кайрат кылыныздар жайы жанаттан болсун ылайым амин
0
sky_t
2014-08-13 21:32:01
Кандай гана кейиштуу, окунучтуу, менин да журогум ооруп кетти. Апасынын куйутун тушунуп жатам. Кудайым ата-энесине сабырдуулук жана кайрат берсин
0
rufiya
2014-08-14 00:20:49
абдан эле окунучтуу
0
sherzatik
2014-08-14 02:28:31
Эн биринчи ата-энесине ич куйо турган иш болду,Алладан тилейм жайы жаннаттан болсун!Ата-Энесине сабырдуулук)))
+2
gulperi.kg
2014-08-14 14:53:27
Суротунон эле корунуп турат кандай акылдуу жигит экени.Айла жок ажал.Балким ушундай акылдуу ,ыймандуу жигитти жаратканым да бул жалган дуйного ыраа корбогондур.
0
aizi85
2014-08-14 20:37:54
Мучоол жыл оор жыл болот ошол мучоолундо этият болуп журуш керек жайы жанаттан болсун.
0
gulmaray
2014-08-14 21:38:07
Эх чиркин наристе кополок болуп учуп кетти. Ата энесине сабыр берсин Алла Талла жараткан.
0
muza_prinsessa
2014-08-15 09:49:34
Ех ушундайда болот экенда. Окуп жатып ыйлаганымдыда билбей калдым.
0
shazi
2014-08-16 11:09:42
Наристе таза бойдонго бала, анча мынча адамдын колунан келбейт мындай эрдик, жайы жаннаттан болсун.
+1
Jadyrashka
2014-08-17 10:42:02
Жайы жаннатта болсун.
0
dinara7684
2014-08-17 22:42:21
ээх,кандай гана заман
0
mr.ulan89
2014-08-18 00:49:22
кандай окунучтуу жайы жанаттан болсун мен бугун эле балыкчыдан келдим жакшынакай эле эс алып жатканбыз жаныбызда 3 кундон бери бир уй було эс алып жаткан арасында колго биринчи жолу келген токтогулдук жигит бар экен жакшы эле сууга тушуп жургон бир убакта эле жанындагылар ызы чуу тушуп калышты 5 минутка жетпей баарыбыз таппай калдык водолаздар келип 2 саат дегенде таап чыгышты бирок кеч болуп калыптыр 20 жаштагы жаш жигиттин омуру кыйылды ошондуктан канчалык колго кыйын тушсок да абайлайлы дост
0
Cholponka
2014-08-18 00:57:35
Jatkan jeri jailuu bolsun.
0
myshka406
2014-08-26 15:41:51
пляж кылган адамдарды жоопко тартуу керек
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан