ҮЧ КУРБУ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Назик адатынча зээнимди кейитип ыйлап кирди. Ал жакта жалгыз экенин, эч кимге жардам бер деп кайрыла албасын айтып, трубканын аркы жагында бырылдап жатты. Эмне дейсиң бул кызга...
– Назик, менин төрөй турган мезгилим жакындап калды. Алыска уча албайм. Бирок Дастан жакында АКШга учат. Мен ага сени тапшырайын, кабарыңды билет. Бир жолу Азамат менен да сүйлөшө келет.
– Баян, сенин Дастаныңдын мага эмне кереги бар? Мага сен керексиң, сенин колдооң керек. Чын, азыр эмне кыларымды билбейм. Сен менин жалгыз колдой турган адамымсың.
Айтор, эптеп аны сооротуп, Дастанды жибере турган болдум.
– Жаным, курбуң өзү чоң адам, өзүнө өзү кам көрсүн. Анын жашоосуна сенин кандай тиешең бар?
Дастан негизи көп учурда менин айткандарымды аткарчу, бирок бул жолу акырын гана эскертти.
– Уф, Дастан, Назик экөөбүз бир туугандай элебиз. Элестет, бир тууган сиңдимдин жашоосунда ушундай болуп жатса, мен кабар албай койгонумду.
– Ой-бой, Назик качантан бери сенин сиңдиң болуп калды? Ал сенден улуу го. Керек болсо экөөбүздүн мээбизди кошкондо да Назиктин амалкөйлүгүнө жетпейт. Сен ага анча убара болбо, ал кандай абал болсо да чыгып кетет. Андан көрө наристебизди ойло.
– Дастан, мен сени сүйөм!
– Ии, анан...
– Суранам, бир жолу ушу суранычымды аткарып койчу.
Дастан мени кызыга тиктеп турду да, аргасыз башын чайкады.
– Эмнеге мынча ишенчээк, жан дүйнөң таза, ак көңүл жаралып калгансың? Жашоодо идеалдуу адамдар жок дешет, ошого сенден туура эмес нерсе издей берем, бирок таң калганым, таппайм. Сендей адамдар ушунчалык аз... Макул, эрке курбуңдун акыбалын сурай келем. Бирок бир нерсе өзгөрө каларына көзүм жетпей турат.
Дастанды узаткан күн. Уулум атасын бир жолу көрбөй калчудай бакырып, колумдан ыргып кетчүдөй болуп атасына качып, атасы аны кайра-кайра көкүрөгүнө кысып өпкүлөп жатып араң коштошушту. Мурда деле көп жерге кетчү, бирок Тилек мынчалык ээрчичү эмес эле. Көрсө, наристе болсо да жүрөгү бир нерсени туйган окшойт. А мен шорума көрүнүп эч нерсени сезбептирмин. Өз колум менен бактымды узатып, бирөөнүн колуна салып жатканымды кайдан билдим...
Эсимде, Дастан ошол жолу командировкадан мурункуларына караганда узак убакытта кайтты. Келери менен өпкүлөп, бооруна кысып бир топко турчу эле, бул жолу негедир көзүн ала кача суз учурашты. Колумдагы Тилекти ала коюп мени урушуп калды.
– Ичиң чоң болуп турса, муну кайра үстүңө көтөрүп алыптырсың. Буту баскан баланы көтөрбөй эле жетелеп албайсыңбы...
Аял деген сезгич жан келет. Кыймылдарынанбы же көзүнөнбү, бир нерсе сезгендей болдум. Жүрөк үшүткөн бул нерседен денем калтырай түштү. Ошол күндөн баштап экөөбүздүн ортобузда бир салкындык пайда болду. Баары эле баягыдай, бирок ортобузда кандайдыр бир дубал тургандай. Өзүмдүн төрөтүм жакындап, мен бул абалга деле көңүл бургандай болгон жокмун.
Төрөт... Аялды аял кылып жаратканда Жараткандан бул сыноону кошо берген экен. Жанымда колдорумду кармалап чебелектеп апам жүрөт, көздөрү алайып коркуп кеткен Тилек, эмне кыларын билбей сумкаларымды салыштырган үй кызматчым... Бир гана Дастан кечигип жатты. Телефонуна канча жолу чалсам да жооп бербеди, арга жок өзүбүз төрөтканага жөнөп калдык. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатып кыз төрөдүм. Мына жаңы жашоо, бир ууч болуп бүрүшкөнү менен мага ааламдагы эң чоң бакыттын бири эле. Тилек төрөлгөндө баркырап ыйлап түшкөн, кызым кыйналып калгангабы, бир аз кыңылдаганы болбосо үн жок.
Берекем, алсыз төрөлүп, өмүр үчүн күрөшүп жатты. Бул учурда да Дастандын дайынын таба албадым. Эки күндөн кийин арыктап, өзүнө такыр окшобогон Дастан палатага баш бакты. Жүрөгүм алып-учуп ордумдан тура калдым.
– Жаным, кечир мени. Мен дагы бир аз убакыт бар деп ойлогон элем.
– Кайда жүрдүң?
– Иштер менен.
– Кайда жүрдүң, Дастан?
Азыр анын жообунан жүрөгүм жарылып кетчүдөй тарсылдайт. Каректерин тинтип, эмне издеп жатканымды өзүм да билбейм. Бирок мурункудай эле мээрим төккөн, мени каалаган көз караш. Жок, жок, сүйүүсү бөксөрсө мен билет элем.
– Баян, сен ойлоп жаткан нерсе эмес, сени эч кимге алмаштырбайм. Жумуштан бир маселе чыкты. Мен сени эч кимге алмаштырбасымды билесиң го.
Дастан айтты, а мен ишендим. Негизи эле башка аялдардай кыйкырып же дүрбөлөң чыгарган адатым жок эле. Мен башынан эле ага Кудайымдай ишенчүмүн. Бооруна башымды жөлөп, каректерим бакыттан балкып чыкты.
Кызыбызды колубузга алып ат тандап жаттык. Атасы ага Бермет деген ысым ыйгарды. Ошол күндөн баштап биздин баарыбыздын жүрөгүбүз Бермет деген кызга байланды. «Бема антти, Бема минтти», Тилек, Бермет, Дастан! Менин жашоом, болгон кыялым ушу үч адамдын айланасында айлангөчөк болуп өтүп жатты. Мен башкача турмушту да каалабайт элем.
Ошентип ортодон беш жыл көз ачып жумганча өтүп кетти. Ал ортодо Жанара көп ийгиликтерге жетишти. Тез эле аты чыгып, мыкты жетекчи, чыгаан журналист катары тааныла алды. Каалаган максаттарынын баары орундалды. Алдында машина, шаардын чок ортосунан үй алганга да үлгүрдү. Ушунун баарына өзүнүн күчү менен жетти. Бардыгы болгону менен ал жеке бактысынан өксүп калган эле.
Эмирден кийин бир да адамды жактырып, жакшы көргөнүн байкабадым. Эмир болсо ошол боюнча кабарсыз кетти. Бири Москвада иштеп жүрүптүр десе, кээ бири Якутияда деп жатышты. Жанара экөөбүз канчалык издегенибиз менен бир илинчек таба албадык.
Жанара дем алыш күндөрү дайыма мага келчү. Балдарымды салып алып шаардын сыртына чыгып эс алып келер элек. Тилек менен Бермет да Жанараны аябай жакшы көрүшчү.
– Баян, сен бактылуусуңбу?- деди капысынан Жанара.
– Бактылуумун.
– А мен эмнеге бактысызмын? Могу көкүрөгүм бөксөрүп турганы турган. Ушу жерди толтурам деп арам терим чыкканча иштедим. Көп эле аракет кылдым. Бирок бөксөрүп турганы турган. Азыр жашмын, ойносом оюнга, күлсөм күлкүгө тойбой турган кезим. Бирок ойной да, күлө да албайм. Кичинебизде уккан коркунучтуу жомоктор бар эле го. Ошондогу сыйкырчы келип менин жүрөгүмдү таягы менен тоңдуруп кеткендей...
– Жанара, баары алдыда, азыр болгону 28 жаштабыз. Өзүңдүн бактыңа кезигесиң. Үмүт үзбөш керек. Баары жакшы болот.
– Баян, Эмирди тапкым келет. Көзүнө карап, аны дагы деле сүйүп жүргөнүмдү айткым келет.
– Аны мен да издеп көрдүм, бирок эч ким дайынын билбейт экен.
– Эмдигиче үйлөнсө керек, ээ?
– Ким билет...

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
ademi11
2014-08-11 09:13:41
Мен биринчи ))
0
nazi_ahmed
2014-08-11 09:21:58
Myna men birinchi ehhh dagy bir jumaa
0
Aidaikyz
2014-08-11 10:41:17
Кызыык... Назик болуп калбайбы ортосундагы салкындык?-деген ой келди.
+1
nagi82
2014-08-11 13:19:22
Назик менен Дастан суйушуп калбадыбы я...
0
Cyldyzka
2014-08-11 13:24:54
Менин ойумча Назик менен да Жанара менен да байланышы болотболуш керек Дастандын.
0
belka
2014-08-11 19:14:23
Cyldyzka, туура башында айтылган го,Баянды эки досу тең сатып кетсе керек,Дастан менен байланышып.Жанара башынан эле Баянды көрө албайт го, а Назикке бай эркек керек.
0
aitowa11
2014-08-11 13:57:00
Мен да Назик менен Дастанга оюм кетти
0
Supataev.Salamat
2014-08-11 16:17:59
Эмне мынча аз
0
kamarik
2014-08-12 21:15:34
А дастан жыргал деп туруп жайлап аткан экен да.еще чучуть и прямо в рай и жизнь удалась деп жургон чагы экен да
0
rozka
2014-08-15 08:05:54
Эх эркектер эн жакын досу менен конулдош болбой эле койбойбу эч нерсени ойлонушпайт да
0
Bermet_Kasymova
2014-08-16 19:41:39
Байкуш Баян ишенчээк,кучтуу аял. Назик экенин туюп турса да ишенгиси келбей турат да
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан