ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-августтан 17-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада иш жаатында жаңы идеяларды орундатууга шарт түзүлөт. Дүйшөмбүдө үй тиричилик техникаларын колдонууда сак болуңуз. Бейшембиде жакын туугандарыңыздын бирин кыйын абалдан чыгарып, ыраазычылык сөзүн угасыз. Ишемби, жекшемби – таарынышууларды жазууга ылайыктуу күн. Андыктан сизге капа болгон адамдардын көңүлүн алыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбүдө жашооңуздун деңгээли көтөрүлө баштаганын сезесиз. Андыктан алдыга койгон пландарыңызды ишке ашырууга аракет жасаңыз. Шаршембиде салыктарды төлөп, капчыгыңыз жукарат. Жума күнү касташып жүргөн адамдар тараптан бут тосуулар болушу ыктымал. Ишемби, жекшембиде тамактанууда сак болуңуз, ууланып калуу коркунучу бар.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада алыңыз жетпеген ишке жалгыз талпынбаңыз, жыйынтыгы сиз ойлогондой болбойт. Шейшембиде бейтааныш адамдардын чөйрөсүнө аралашпаңыз, чоң чырга малынып калышыңыз ыктымал. Бейшембиде уккан маалымат жеке жашооңузга өзгөртүү киргизиши ыктымал. Ишембиде тааныштар чогуу эс алууну сунушташат. Жекшемби адаттагыдан тынч өтөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө бирөөгө карызга акча берүүдөн мурда үй-бүлөлүк бюджетти тактап алганыңыз оң. Бейшембиде оор нерсе көтөрүүдө абайлаңыз, белиңизди оорутуп алуу коркунучу күтүлүүдө. Апта соңунда эс алууга убакыт бөлөм деп маанилүү иштен куру калбаңыз. Андыктан бардык ишке көңүл бура жүрүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Тапкан кирешенин жарымын катыңыз, себеби кийинки аптада сизди акча тартыштыгы күтүүдө. Шаршембиде түзгөн пландар бузулуп, макулдашуулар ишке ашпайт. Буга маанайыңызды түшүрбөңүз. Андан көрө эс алып, мээни сергитип, анан жаңы бийиктиктерди багынтууга киришүүгө бел байлаңыз. Ишемби – жакшы жаңылык менен сизди кубантат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында бир аз кыйынчылыктар жаралат. Ага карабастан максатыңызга жетүүнү көздөй билиңиз. Шаршемби күнү олуттуу чечим кабыл алууга даяр болуңуз. Бейшембиде документ толтуруу, келишимге кол коюу сыяктуу иштерди кылдат аткаруу керектелет. Ишемби, жекшемби күндөрүн чарба иштерине арнасаңыз, көп иш бүтүрөсүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада ойлогон максатыңыз иш жүзүнө ашып, кубанасыз. Шейшембиде бирөөлөр менен сүйлөшүүдө этият болбосоңуз, бирөөдөн кагуу жеп, маанайыңыз сууп калышы ыктымал. Жуманын экинчи жарымында жеке жашоо жалаң жагымдуу эмоциялар, романтикалык көңүл ачуулар менен коштолот.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Мурда берген убаданы бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, пайдаланып калыңыз. Шаршемби, бейшемби күндөрү түгөйлөр ортосунда таарынышуулар жаралат. Айрымдар кесиптештери менен тил табыша албай кыйналат. Апта соңунда каржы тартыштыгы кыйнайт. Андыктан колдо бар каражатты үнөмдөп, зарыл болбогон буюмду сатып алуудан качканыңыз оң.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө бир нерсени жоготуу же бирөөдөн көңүл калуу күтүлөт. Шейшембиде алдамчылардын тузагына түшүп калышыңыз мүмкүн. Андыктан бардык нерсеге так жана сак болуңуз. Бейшембиде болбогон жерден киреше таап, сүйүнөсүз. Аптанын аягы жагымдуу жолугушууну сунуштайт. Мурдагы үзүлгөн мамилелер калыбына келет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада алдыга койгон максатка жетүүгө бут тоскондор чыгат. Алардын мындай аракетине туруштук берсеңиз, ийгилик сиз тарапка жылмаят. Бойдок текечерлерди апта ортосунда жагымдуу жолугушуулар күтүүдө. Ишембиде чакырылбаган конок төрүңүздөн орун алат. Жекшембиде алыскы сапарга аттанууңуз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чечим кабыл алууга жана аларды ишке ашырууга ылайыктуу апта. Андыктан бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Шаршембиде чыгашалар көп болуп, каржылык жактан кыйынчылыктар жаралат. Дем алыш күндөрү той, мааракелер менен коштолот. Ушул күндөрү айрымдардын ден соолугу кескин начарлап кетүү коркунучу бар.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада тобокелчиликке баруудан качпай, талыкпай аракет кылсаңыз, каржылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер өзүңүзгө ишенбесеңиз, жакын адамыңыздын кебине кулак салыңыз. Айрымдардын кыймылсыз мүлк сатып алуусу күтүлүүдө. Апта соңунда белек алып, көз ирмемдер жагымдуу сезимдердин кучагында өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан