Жайдын күнү көпчүлүк илме бут кийим сүйрөйт. Бул ыңгайлуу жана жеңил. Бирок аны буттан түшүрбөй сүйрөп жүрүү адамдын ден соолугуна зыян келтирерин көпчүлүк билбесе керек. Анда эмесе, мына ушуга токтолсок.
МАНЖАЛАР
Бут кийим буттан түшүп калбасын деп анын илмесин манжалар менен бекем кысып жүрүүгө туура келет. Бул манжалардын булчуңдарын чарчатып, сөөк менен булчуңдарды бириктирген тарамыштардын сезгенүүсүнө (тендинит) жеткирүүсү мүмкүн. Тендинитте тарамыш бошоңдоп, үзүлүп кетүү коркунучу жаралат. Илме бут кийим манжалардын балка сымал ийрейишине алып келет же бурсит (муундардын тушундагы баштыкчанын сезгенүүсү) сыяктуу ооруну жаратышы мүмкүн.
МАНЖАЛАРДЫН ОРТОСУ
Илме бут кийим кийүүдө бут өйкөлүп, теринин алдына сары суу толушу мүмкүн. Андан сырткары грибок ооруларынын башталышына жол ачат. Мисалы, микоз (грибок оорусу) көпчүлүк учурда манжалардын ортосундагы жабыркаган териден башталып, андан соң башка бөлүктөргө жайылат.
БАКТЕРИЯЛАР
2009-жылы АКШдагы Майами университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, үстү ачык бут кийимде 18 000ге чейинки бактерия бар экени аныкталган. Ал эми илме бут кийим бутту ушунча жабыркатып жатса, бактериялар кошулганда ден соолукка кандай зыян болорун элестете бериңиз.
ТАМАН
Бутуңуз дайыма кыймылда болот. Бул тамандын өйкөлүшүнө, ысышына алып келет жана сары суу же ыйлаакчаны пайда кылат. Өзгөчө күн ысыкта.
КЫЗЫЛ АШЫК, БАЛТЫР ЖАНА ТИЗЕ
Манжаларды дайыма кысуу кээ бир булчуңдар менен кызыл ашык, балтыр жана тизенин тегерегине күч келтирип маселе жаратат. Себеби илме бут кийимде адамдын согончогу кадам таштаганда жерге катуу тиет. Мындан сырткары сөөктөргө да жарака кетүү коркунучу бар.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg