ООРУКАНАЛАР КАБЫЛ АЛБАЙ КОЮП, БЕЙТАП КАЗА ТАПТЫ

22-июль күнү борбор калаабыздагы 5 оорукана «Тез жардам» менен барган оорулууну кабыл албай, убакыт өтүп кеткендигине байланыштуу бейтап каза тапкан. Ооруканага кабыл албай койгон дарыгерлердин бул кылыгы коомчулукта катуу кыжырданууну жаратты.

«БУГА ЧЕЙИН ДЕН СООЛУГУ ТАЗА ДЕШКЕН»
Дарыгерлерге нааразы болгон ОЛЬГА КРУГЛИКОВА (маркум Константин Кругликовдун апасы) буларга токтолду:
– Буга чейин уулум текшерилгенде бардык ооруканалар анализдери жакшы, таза дешкен эле. Каза болгондон бир-эки күн мурун Костянын ичи ооруп жаткан. 22-июль күнү «Тез жардам» чакырганга аргасыз болдук. Алар бизди бир күн кечке алып жүрдү. «Бизге тиешелүү оорулуу эмес» деп бир да оорукана кабыл албай койду. 7 саат дегенде бизди 6-шаардык оорукана кабыл алды. Тамчылатма дары куюшту, ден соолугун текшеришти. Дарыгер дени сак деп айтты. Бир органын алып коюштубу же эмне кылышты билбейм, жарым сааттан кийин абалы оорлошуп кетти. Жүрөгүнө массаж жасашты, бирок жанын сактап калышкан жок.

«ООРУКАНАЛАР АЛБАЙ КОЙГОН УЧУРЛАР КҮНДӨ ЭЛЕ БОЛОТ»
ЖАРКЫНБЕК КАСЫМБЕКОВ, Медициналык «Тез жардам» борборунун башкы дарыгери:
– 22-июль күнү саат 10дор чамасында Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунун 29 жаштагы тургуну Константин Кругликовдун жакындарынан «Тез жардам» кызматына чакырык келип түшкөн. Бизден бир бригада барып оорулууну текшергенде, анын абалы оор экен. Мындан улам жандандыруу бригадасын да жардамга чакырышты. Дарыгерлер ал оорулууга «өпкөнүн артериясынын тромбоэмболиясы» (өпкөгө канды алып барган артерияда тромбдун пайда болуусунан улам кандын жүрүшүнүн күтүүсүз токтоп калышы) деген диагноз коюшуп, аны Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып барышкан. Ал жерден оорулуунун 3-4 күн мурун болгон ич өткөк оорусуна басым жасап, «Жугуштуу оорулар ооруканасына алып баргыла» дешиптир. Жугуштуу оорулар ооруканасы да кабыл албай, ангиохирургия бөлүмүнө алып барууга аргасыз болушкан. Алар да «бизге тийиштүү оору эмес» деп кабыл албай коюшкан. Ооруканалар кабыл албагандыктан, дарыгерлерибиз өзүнүн койгон диагнозуна ишенбей, «Сокур ичеги болуп калганбы же каны суюлуп кеттиби? Балким, ичинде жара болуп жүрбөсүн?..» деген сыяктуу божомолдор менен Улуттук хирургиялык борборго алып барышыптыр. Ал жердин дарыгерлери да «биз дарылачу оору эмес» деп кабыл алышкан эмес.
Түш болуп калганда дарыгерибиз окуя тууралуу мага билдирип, андан соң биз да аралашып, айлабыз кеткенде №6-шаардык ооруканага жеткирдик. Ал жерден оорулууну текшергенде биздин дарыгер койгон диагноз туура болуп, кайрадан Улуттук кардиология борборуна жиберишти. Алар бул сапар да кабыл албай, айла жок, кайрадан №6-шаардык ооруканага алып барып жаткырышты. Ал оорукананын дарыгерлери болгон жардамын көрсөтүштү, бирок бейтап кечки саат 22лерде каза болуп калды.
«Тез жардам» эреже боюнча бир бейтапка ашып барса 1 саат убакыт жумшашы керек. Кругликовду 7 саат алып жүрүштү. Негизи эле ооруканалар кабыл албай, 3-4 саат бир бейтап менен убара болгон учурлар күндө эле катталууда. «Кабыл алып койгулачы» деп биздин врачтар жалдыраган учурлар да көп кездешет.

«БАШКЫ ДАРЫГЕРГЕ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ»
Эмне үчүн текшерип көрбөстөн «биздин оору эмес» деп кабыл албай койгонуна жооп алуу үчүн Академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун башкы дарыгери Жамиля Иманкуловага кайрылдык. Ал «Бул суроого биз жооп бербейбиз. Министрликтен комиссия түзүлгөн, ошолор жооп берсин» деген жообун айтты. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, андан соң окуяга тийиштүү медицина кызматкерлери, акыйкатчы, маркумдун жакындары жана министр Динара Сагынбаеванын катышуусунда тегерек стол өткөрүлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамдарды көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси КУБАНЫЧБЕК КАЛМАМАТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:

– Аталган окуя боюнча Улуттук кардиология борборунун башкы дарыгери Жамиля Шайшекеевнага сөгүш жарыяланды. Ал эми оорулууну кабыл алуудан баш тарткан дарыгерлерге аталган борбордун жетекчилиги өздөрү чара көрүшөт. Кардиология борборунун кызматкерлеринин түшүндүрүүсүндө, алар инфаркт, жүрөк ооруларын гана кабыл алгандыктан, бул ооруну ангиохирургия бөлүмү караш керек дешкен. Кругликовдун так диагнозун аныкташ үчүн медициналык экспертиза дайындалды. Жакында анын жыйынтыгы билинет.

«Шалаакылыктын айынан адам өмүрү кыйылып жатса, кабыл албай койгон дарыгерлер сөгүш алып эле кутулабы?» деген сурообузга Кубанычбек Калмаматов «Бул оорунун акыры баары бир өлүм менен аяктамак. Биздин өлкөдө бул оору менен күрөшүүгө шарт жок» деп жооп берди. Кандай оору болсо да аны кабыл алып, тийиштүү чара көрүү дарыгерлердин милдети эмеспи. «Баары бир өлүм менен аяктамак» деп кол куушуруп отура берүү акылга сыйбаган нерсе.
Эл аралык донорлор тарабынан саламаттыкты сактоону колдоого
24,5 миллион АКШ доллары бөлүнүп жатат. Ушундай суммалардын астында жүрсө да бул тармак качан оңолот деген суроо жаралат
.

МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СТАТУСУ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМДАН КЫСКАЧА:

Медицина кызматкерлери милдеттүү:

  • Бейтаптын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын бекем сактоо.
  • Бейтаптын толук сакаюусун же абалы жакшырганча толук жана үзүрлүү камсыздоо. Эгер толук сакайбай турган болсо, анда объективдүү себептер болуусу шарт.
  • Тез жардам көрсөтүүгө объективдүү себептер менен жолтоо болгон учурдан башка убакта убакыттын канча болгонуна, орунуна карабай биринчи жардамды көрсөтүү.
  • Кесиптик милдеттерин аткарууда медицина кызматкерлери бейтапты негизсиз тобокелдикке салууга укугу жок.

Медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги:

  • Медициналык кызматкерлер врачтык этиканы бузгандыгы, жарандардын ден соолугуна келтирген зыяны жана врачтык сырды ачкандыгы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик алат.
  • Ар бир медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттыкты сактоо мекемелери жеке менчик болгонуна карабай адамдын ден соолугуна зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАЙДИГЕРЛИГИНЕ КАБЫЛГАНСЫЗБЫ?

Бообек Ыбыраев, 37 жашта:
– Келинчегим ооруп кыйналып жатканда ооруканага барганбыз. Дарыгерлердин кайдигерлигинен ооруканага жата албай жүрүп, буттары шишип, баса албай калган. Түн ичинде барып жалдырап, урушуп-талашканга чейин жеткенбиз. Акчаң жок болсо карабай да коюшат.

Айкан Топчубаева, 37 жашта:
– Дарыгерлердин кайдигер мамилесине кабылып көрө элекмин. Бирок балдарымды ооруканага алып барып калган учурларда кезек күтүү көп убакытка чейин созулуп кетет. Ал эми дарыгерлердин тейлөөсү, мамилелери жакшы эле деп баа бермекмин.

Нурсултан Тураров, 24 жашта:
– Мен жеке өзүм дарыгерлерге кайрылып көрө элекмин, бирок билишимче, биздин дарыгерлер акча, белек бермейинче оорулууларга оңгулуктуу мамиле кылышпайт. Эгер катардагы эле оорулуулардын бири болсоң, анда алар өзгөчө деле көңүл бурушпайт.

Разия Досбергенова, 50 жашта:
– 2008-жылы 16 жаштагы уулум кокустуктан катуу ооруга кабылып, Бишкектин бир ооруканасына кайрылдык эле, дарыгерлер ийгиликтүү операция жасап, баламды өлүмдөн сактап калышкан. Андан бери дарыгерлерге кайрыла элекмин.

Канышай Бөкөнбаева, 25 жашта:
– Дарыгерлердин кайдигерлигине бүгүнкү күнгө чейин эле кабылып келе жатам. Алардын кылган мамилесинен акча каалап жатышканын билесиң. Качан чөнтөгүнө акырын акча салганда гана мамилелери өзгөрүп, жакшы карап калышат.

Нуржамал Казакбаева, 52 жашта:
– Бардык эле дарыгерлер кайдигер мамиле кылат деп айтууга болбойт, арасында кызматын берилип аткаргандар да бар. Бирок оорулуулар аларга айыгып кетсем экен деген үмүт менен барса, алардын орой мамилеси демди суутат.

Адилет Кубатов, 24 жашта:
– Колум сынып, ооруканага барганымда, дарыгерлер жакшы эле кабыл алгандай болгон. Бирок алардын шалаакылыгынан колум туура эмес гипстелип калып, бүгүнкү күнгө чейин жакшы кыймылга келбейт.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ооруканалар кабыл албай коюп, бейтап каза тапты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
suimon302010
2014-08-12 04:46:07
Чындап айтсам Кыргызстанда врачтарга кунуну салбасын Аллахым!!!Алардын аты акча болуп калышкан!Канча жолу кайдыгер мамилелерин кордум!Москвада врачтар ото ответсвенный,мамилелери аябай жакшы!А Кыргызстанда Аллахым врачтарга нысап берсин
+1
Murok
2014-08-12 12:10:16
suimon302010, ооба туура айтасын. Кудай бетин нары кылсын, кудай ден соолук бер.
0
zarifa_love
2014-08-12 11:50:54
Эй бир адам олуп жатса ,согуш эле берип койгону кандай ?
+1
Baian
2014-08-12 14:51:57
Эч качан эч кимдин куну тушпосун дарыгерлерге.Мени ата-энемден,байкемден ажыраткан ушулар.Карапайым калк унчукпай кала беребиз.Менин байкемди колу бутун байлап кыйнап олтурушкон.Атамды туура эмес укол берип олтурушту.Апамды больницага кабыл албай карабай коюшуп уйдо жатып менин коз алдымда каза болду.Мен эч качан кечирбеймин доктор аттууларды.
-1
Elika
2014-08-12 16:10:29
Кудай корсотсун жаман врачтарга.
0
marshal1986
2014-08-12 17:27:11
Врачтарга нааразымын кетсинбашкы даарыгер мен жумуштан бошотулушун талап кылам.
0
marshal1986
2014-08-12 17:32:49
Бир күнү аксакал ооруп оору канага келет экен ал жерде ооруган жерин даарыгерге айтса. Даарыгер мага 50 миң акча алып келсениз биз операция жасайбыз дейт экен. Аны уккан аксакал менин пенсия м 3 миң болсо жашым 90 го барып калды балдарыма оорчулугуму тийгизбей, даарыланбай олуп эле калайын дейт экен даарыгерди карап. Анда даарыгер "Сиз өлсөңүз балдарыңыз 40 миңге бир жылкы 20 миңге тамак аш үчүн азык түлүк,
0
marshal1986
2014-08-12 17:39:06
экен ошончо акча сизде барбы десе аксакал мен анда өлүмгө акчам жетпейт экен андан көрө 50миңди берип даарыланып алсам окшойт деген экен.
муну менен айтарым ар бир ооруга продуктыга окшотуп баа коюп алышкан ал акчаны бербесен врачтар карабайт ал эми биринчи төлөм санаториядан места алгандай жатышка места таап бергенине да кеминде 10 миң акча сурашат. Уят биздин ак халат даарыгерлерибиз. Сиздерге барып, жалдырап карап коюңуз деге
0
LISICHKA
2014-08-12 21:52:04
озу катуу ооруп жатса,анан аны 7 саат машинеде бишкекти айлантса,бишкектин жолдру дагы укмуш да онгул-донгул,соо адамдын опко-журогу узулот,ал эми оорулуунун ичи-карыны аралашып калды го.
0
messi.kg
2014-08-12 23:59:02
Бизде баардык гос органдагылар ХХХ
0
admin_portal
2014-08-13 10:17:11
messi.kg - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
0
Nunu99
2014-08-14 14:50:27
Chyndygynda kyrgyzstanda jakshy karawpait,diagnozdu tuura koio alywpait,alardyn walaakylygynan Kop adamdar jabyrkait,medikterge da bir aiyp akcha tolotuw kerek,tuura emes iw kylganda..
0
mirlaane
2014-08-14 18:50:52
5 kol barabar emes yimany bary da bar jogu kop koiup bersen pol juugu4u dele kyiyn men bir medsestra menen sanitarka odurandaganda _taak familyanar?_desem paipastap kalgany esimde .
0
jazy
2014-08-15 19:09:53
ООрукунага баргандан кудай сактасын азыр акчан жоок болсо танышын жоок болсо олдум деп койо бериш керек менда жакында эле почкам ооруп баргам сразу эле акчан барбы деп сурашты 2 кун жатканыма 10мин сом акча короттум мейли биз эптпеп талалаап иштеп акча бердик байкуш карапайым калкчы аны ойлогон эч ким жоок чоондор озун курсагын ойлошот элди ойлогон эчким жоок каматып салыш керек андай врачтарды акмактар акча учун тим эле жанын беришет кудай озу жазасын берсин
0
Anna25
2014-08-17 19:37:16
Мен 26.07.2014 жылы 4 роддомдо тороп врач тын шалакылыгынан кызым 1,5 сутка жашап чарчап калды. Врач кайненемен акчаны алып келининер куноолу деп койду. Мурун эки баламды 4 роддомдон торогом, тааныштарды ортого салып.Бирок мында даярдаган эмеспиз.Мындай таш боор врачтардан кудай сактасын.
0
Nur92
2014-08-21 10:55:28
Эмне мынча ызы чуу болосунар.ден соолугун учун бересин,бербеске арга жок.ден-соолук баарынан биринчи орунда турат!
0
myshka406
2014-08-26 16:00:17
Кыргызстандын башындагы шумшуктордун иштебегендигинен ар бир тармак озунун мыйзамы, билгени(чынында-БИЛБЕГЕНИ)менен кун коруп,жашап жатышат,согушту деле бербей эле коюшса болмок
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан