Аваз Акимов: «СҮЙҮКТҮҮМДҮ ЭЛ АЛДЫНА АЛЫП ЧЫККАНДАН КОРКОМ»

Аваз Акимов деген ысымды укканда «Айганыш» деген ырынын саптары эс тутумубузга тизиле түшөт. «Айганыштай» популярдуу дагы 3-4 чыгарма жаратсам арманым жок эле» деген ырчы бүгүн биз менен өткөн-кеткени, алдыдагы пландары, жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр менен бөлүшүп отурду.

– Кандайсың, Аваз? Көз ачып жумганча жай мезгили эстафетаны күзгө өткөрүп бергени калды, бул жай сен үчүн кандай өттү, кандай кызыктар менен коштолду?
– Саламатсыздарбы? Быйыл жай башынан эле кызыктуу башталган. Негедир жай дегенде мен Ысык-Көлдү элестете берем. Анан да менин Ысык-Көлдө күйөрмандарым өзгөчө көп, көлдүк туугандарды ошон үчүн жакшы көрөм. Ал жакта чыгармачылыгымды сыйлаган жакын адамдарым бар, гастролго чыккан сайын үйүнө барып турам, аларды ата-апа деп алгам. Оштогу өзүмдүн ата-энем Ысык-Көлгө келбегенине 20 жылдан ашып кетиптир, быйыл аларга романтикалык жагдай түзүп эс алдыртып келдим. Көлдөгү апам менен тааныштырдым, эс алганча «Ысык-Көл» деген ырыма клип тартып келдим, айтор, бул жай мен үчүн эң ийгиликтүү болду.

– Кичинекей кезиңден эле жылдызың жанганын билебиз, бирок атактуулук алып келген «Айганыш» ыры болду окшойт?
– Чынында, мени азыркыга чейин «Айганыш» ыры аркылуу таанышат. Ошол ыр популярдуу болуп турганда аябай көп тойлорго заказдар түшчү, бирок жемишин көрбөй калганыма өкүнөм. Жашмын да, жакшы сүйлөп койсо чакырган жагына барып, бекер ырдап жүрө бериптирмин.
Бул ырды элдин көбү жатка билишет. Бир жолу Ошко концерт берип, ушул ырымды аткарып баштаганда мени ырдатпай, отургандар ырдап салышкан. Ошондо жаш туруп ушундай эл сүймөнчүгү болдумбу деп ичимден өзүмө-өзүм ыраазы болуп, толкунданганымдан ыйлап жибергем. Чыгармачылыкта «Айганыш» сыяктуу дагы 3-4 чыгарма жаратсам арманым жок эле.

– Андан кийин чыгармачылыгыңда бир топко тыныгуу жасап калдың. Эмнеге?
– Ооба, ошол убакта ырчы болсомбу же болбой эле койсомбу деп жүргөм. Ал кезде чыгармачылыктагы атам Сыймык Бейшекеевдин менден башка иштери көп болчу. Андан ары кантип өсүштү билбей, эмне кылам деген туңгуюкка кабылдым. Мага жол көрсөтө турган эч ким жок эле. Кээде отуруп байкемдей сатуучу болуп кетсемби деп да ойлочумун. Бирок тырышып ырчылык жолду улантууну чечтим. Кудайга шүгүр, аракетим текке кетпей, учурда мөмөсүн берип жатат. Азыркы күйөрмандарыма, угармандарыма, чыгармаларымды жараткан авторлорго ыраазымын. Ким билет, келечекте мени мындан да бийик атактуулук күтүп тургандыр.

– Сени угуп отуруп ата-апага бай экениңди билдим. Өзүңдүн ата-энең таарынышпайбы буга?
– Жок, таарынышпайт. Ата-апаң көп болгону менен, сага чын жүрөгүнөн күйүп, жан үрөгөн өзүңдүн төрөп-өстүргөн ата-энеңден өтөрү жок экен. Башка ата-апамдар бул сөзүмө таарынышпаса керек деп ойлойм (күлүп). Атам бир сүйлөгөн адам «ырдасаң жакшы ырда, жакшы ырдабасаң
такыр ырдаба»
дейт. Чала жан ырчы болбоюн деп өзүм да аракет кылып жатам.

– Жеке жашооңдо өзгөрүү барбы? Бир кезде сүйлөшкөн кызыңды эл көзүнө алып чыгаргандан кийин ал турмушка чыгып кетти эле. Кийинкисин эл алдына алып чыккандан коркуп жаткан жоксуңбу?
– Мурунку сүйлөшкөн кызым турмушка чыгып кеткенден кийин сүйүктүүмдү эл көзүнө алып чыккандан коркуп калдым. Бирок чынын айтайын, азыр кыздар менен таанышууга да, сүйүүгө да эч көңүлүм жок. Кыздардын мамилесинен уламбы, сүйлөшөйүн десем да натыйжа болбой жатат. Алар менен таанышып жатканда эле аягы эмне менен бүтөрүн билесиң. Табышмактуу кыздар аз. Мага оор басырыктуу, акылы менен иш кылган кыздар жагат. Азыр баары эле жеңил, жиндери чукул, оома, кызганчаак, айтор, учурда кыздар менен мамиле куруу аябай кооптуу, сактаныш керек болуп калды (күлүп).

– Эгер сүйлөшкөн кызың көзүңө чөп салса?...
– Азыр айымдардын ала жипти аттоосу эркектердикине теңелип эле калды. Мен ушул нерсени акылыма сыйдыра албайм. Керек болсо башка жигит менен сүйлөшкөнүн да ала жипти аттоо деп эсептейм, кечире албайм. Тазалыгын, аруулугун сактаган кыздар жагат. Өзүм эгер бир кыз менен жүрсөм, экинчи,үчүнчүлөрүнө алагды болгондордон эмесмин.

– Күйөрман кыздарың менен жолугасыңбы?
– Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт, айрыкча акыркы күндөрү күйөрмандарыма аябай сый мамиле кылып калдым. Ошондуктан азыр күйөрман кыздардын баары менен жолугуп жатам.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

ТАТТУУ БАЛАЛЫК
– Балалык дегенде тоодо кошунанын балдары менен торпок кайтарып жүргөнүмдү эстей берем. Кошунабыздын торпогу жоош, куйругунан кармасаң да качпайт эле. Менин торпогум сайгактап качып, артынан эле кууп жүрчүмүн. Торпогум кадамдарын тездете баштаганда эле көзүмө жаш толуп ыйлаганга даяр болуп калчумун. Атама «биздин торпокту кошунаныкына алмаштырбайлыбы» деп канча айтып көндүрө албай койгом.

БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ
– 2-класста окуп жүргөндө бир кызды алыстан эле жактырып жүрдүм. Ал мектептен чыкканда көрүп алып жүрөгүм дүкүлдөп, бат-баттан согуп, башкача да басып калчумун. Негедир ошол кыздын эле көзүнө көрүнгүм келе берчү. Футболкамды атыр самын менен жууп, жакшы чайкабай эле самын жыттанып турсун деп кийип алар элем, же ал мага жакын басып койсочу (күлүп).

АТ ЖАЛЫНДА
– Ат мингенди 3-классымда үйрөнгөм, уй бадага чыкканда минип алып, тоо боорунда эле жүрчүбүз. 11 жашымда Сыймык Бейшекеев уюштурган сынактан утуп алган атымды эч кимге бербей өзүм минчүмүн. Ал аттан аябай көп куладым, бир жолу жерге башым менен түшүп, катуу жараат алгандан кийин атка көп минбей калгам.

ТОЙЛОРГО БААСЫ
– Биз ырчылар бактылуу экенбиз. Дайыма тойлордо, жакшылыктын үстүндө гана жүрөбүз. Тойлорго ставкам өтө жогору эмес, 5 миң сомдон өйдө бара берем. Ал эми ставкасын 800-1000 доллар деп айткан ырчылардыкы жөн эле пиар болуш керек, мен эч бир той ээсинин 1000 доллар берип ырчы чакырганын көргөн эмесмин. Ошол эле ставкасын көтөргөндөр 200-300 долларга келип ырдап жүрүшөт.

«Ата-энем Ысык-Көлгө 20 жылдан бери келе элек болчу. Быйыл алып барып романтикалык эс алуу тартууладым».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ырчы болбосом, коммерсант болмокмун..." дейт Аваз Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
zara-919
2014-08-12 01:20:15
калп айтат ..
-1
jyldyzay
2014-08-12 14:58:15
Чыгармачылыгына ийгилик! Жакшы ырларды кутобуз!
0
Elika
2014-08-12 15:49:10
Азаматсын!
+1
NUR_SULTANALIEVA
2014-08-12 16:37:06
Abdan jonokoy adam,azamatsyz!
+1
Akabai
2014-08-12 22:49:23
Малотчик Мужик! Кыздарды ордуна коюпсун.
-1
zamir.79
2014-08-13 12:29:28
Жердин баарында эле ата-эне таап алган укмуш ко,эми газетадан да ата-апанды таап алсан мындан да популярный болот болушун керек.
0
Xperiaedil
2014-08-13 12:55:21
Сонун маек болуптур мындан ары да ийгилик каалайм
0
paradise1191
2014-08-13 15:10:31
))))) Соонун маек болуптур))))
0
gumi94
2014-08-13 18:12:43
Жагат да мага:))))))
0
Aygul
2014-08-14 13:42:54
Азамат!
0
akunusha
2014-08-14 16:20:53
jakshy maek
0
mahabat.
2014-08-15 10:20:57
мына маек деген ушу.болгонун болгондой айтыптыр.ун десе уну бар,таланттуу,ондуу -тустуу келбетту ,тартиптуу жигит.Ырчы деген созго татыктуу.Уну барлар жети жылдан ашык деле сахнада кармалышат
0
madazimova92
2014-08-15 11:06:39
жонокойлуулугу мн адамга жагат да Авазбек молодчик
0
Naz.i
2014-09-05 10:43:29
суйом го сени
0
Naz.i
2014-09-05 10:45:07
гитарада ойной алат бекен ?
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан