1-августта көптөн бери уланып келе жаткан эки соттук иш боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынып, элдин кызуу талкуусуна түштү. Алгач Ахматбек Келдибековдун көптөн берки суранычы канааттандырылып, депутат Германияга дарыланып келүүгө бошотулду. Бул окуя түшкө чейин болсо, ошол эле күнү түштөн кийин Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов жана анын командасы күнөөлөнүп жаткан бардык беренелер боюнча акталышты.
Башкы прокуратура соттогу мындай чечимдерге макул эмес. Башкы көзөмөлчү орган Өмүркулов жана анын командасынын акталышына каршы апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганын жарыялады. Ахматбек Келдибековго үй камагына чыгарылып, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилиши боюнча да көптөгөн мыйзам бузуулар болгондугун санап жазып, аларды жоюу сунушу шаардык сотко жиберилгендигин айтып маалымат таратышты. Келдибековго дарыланууга канча убакыт берилгендиги белгиленбеди, мындан пайдаланып, депутат соттук процессти белгисиз мөөнөткө чейин чоюп жүрө бериши мүмкүн дешет мамлекеттик айыптоочулар. Анткени Ахматбек Келдибеков дарыланып келгиче деп кылмыш иши токтотулду.
Коомчулукта азыр «бул да Нурлан Сулайманов сыяктуу дарыланууга кеткен боюнча келбей коёт», «бийлик сынды, коррупцияга жеңилип берди» деп нааразы болгондор, «баары бир коррупциялык иштерин далилдей алышмак эмес» деп сындагандар, «туура кылышты» деп чечимди туура көргөндөр да арбын.
Келдибеков камакка алынгандан тартып Алайда, Ошто далай митинг өткөрүлүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соодада маанилүү роль ойногон Ош-Эркечтам жолу улам тосулуп жатты. Мамлекеттик казынага, жеке ишкерлердин чөнтөгүнө оор зыян келди. Мына ушулардын баарын көрүп турган бийлик депутаттын чет жактан дарыланып келүү өтүнүчүн канааттандырды. Айрымдар айтып жаткандай, бул сынып калуу эмес, балким, саясаттагы ийкемдүүлүк, айкөлдүктүр? Бир нерсе түшүнүктүү. Митингдерде айтылып, пиарчылары тарабынан байма-бай жазылып жаткандай, Ахматбек Келдибеков коррупцияга аралашпаган, байлыгын мээнети, маңдай тери менен тапкан адам болсо, анда мүмкүн болушунча тезирээк сакайып, кайра келип, актыгын далилдөөгө аракет кылышы керек. Ошентип, азырынча канча убакытка экени белгисиз, айтор, Ахматбек Келдибеков саясаттан четтеди.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg