Аскар Акаевдин бир тууган агасы каза таап, 5-августта экс-президенттин өлкөгө келери тууралуу маалымат желдей тарады. Башкы прокуратура 2005-жылдагы элдик революциядан улам Москваны көздөй качып кеткен туңгуч президент Кыргызстанга келсе бир нече кылмыш иштери боюнча көрсөтмө бериши керек болорун айтып чыкты. Андыктан аэропортто туугандары менен кошо жол караган журналисттер да болду. Бирок Болот Акаевдин тажиясына Аскар Акаев кичүү уулу Илим Акаевди жөнөтүптүр. Коомчулукта бул окуя кызуу талкууга алынды. Качкын президентке боору ооруп, «жакынын жерге берүүгө келе албаса, мындан өткөн кордук барбы?» деп шыпшынышса, айрымдар анын Кыргызстанга келгенге укугу жоктугун жазып жатышты.
Акаевдин оппоненти болуп келген Өмүрбек Текебаев Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иштери боюнча жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенин, атүгүл «Кумтөр» боюнча деле жооп бериши керек болгон заман өтүп кеткенин, азыр Акаевдин Кыргызстанга келишине тоскоолдук кылууга негиз жоктугун айтты. Акаевдин тушунда кылмышкер аталып камакка алынган Кулов да «келе берсин» деп чыкты. Баары бир келген жок. Келгенге, балким, абийири жол бербеди, балким, дем-кайраты жетпеди.
Кийин, агасы жерге берилген соң «Аскар Акаев аэропортко жетип калган маалда Орусиянын жетекчилиги байланышып, коопсуздугуна кепилдик берилбегенин, барбай эле койгону оң болорун айтып кайтарып жиберишти» деген кабар тарады.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg