2-августта Баткенде кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыкты. Чырга кадимки тиричиликтеги окуя себепчи болуптур. Тажикстандын Кожало айылынын тургундарынын мал-жандыктары кыргыз тарапка өтүп, эгинди жегенинен малды кыргыз чек арачылар кармап алышат. Жооп иретинде тажик жарандары кыргызстандыктар айдап бараткан бир нече жеңил унаанын айнектерин талкалашкан. Тажикстандын Кожало жана Ворух айылдарынын тургундары Көк-Таш – Ак-Сай жана Ворух анклавына барчу жолду жабышты. Көп өтпөй милиция кызматкерлери келип, жол ачылып, тажик тарап чыгымды төлөп берүүгө убада берди.
Бул убада менен эле чек арадагы абал тынчып калбайт. Талаш аймактар такталып бүтмөйүнчө көрүнгөн шылтоонун негизинде чатак оту тутана берет. Акыркы жылдары кошуна өлкөлөрдүн демилгеси менен Кыргызстанда маселелер көп жаралууда. Өзбекстан түшүндүрбөй туруп газ бербей коёт, Тажикстан чек арадан улам бир чыр чыгарат, бизди боордош атап отуруп эле казактар күйүүчү майды өткөрбөй, Кыргызстанга кымбатчылык жаратат, кайсы бир шылтоолор менен кийим-кечек өңдүү товарларды өткөрбөй коюп, соодагерлердин нааразычылыгын күчөтөт. Эмнеден улам? Балким, жыйырма жылдап бийликтен түшпөй келе жаткан, бийлигин жоготуп алуудан корккон «орто азиялык хандар» эки ирет авторитардык бийликке каршы чыгып, башкаруу системин өзгөртүүгө деми жеткен Кыргызстанда жашоо оңолуп кетишин каалабайт чыгар? Буга негиз көп. Мисалы, өлкө башчысы «авторитардык өлкөлөрдүн арасында болсок деле парламенттик өлкө боюнча калабыз» деген пикирин көп айтат.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg