1-августта президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Абдил Сегизбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары даражасындагы – Улуттук коопсуздуктун тобокелдиктерин талдоо жана прогноздоо кызматынын директору болуп дайындалды. Буга чейин А.Сегизбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана Президенттик аппаратта маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы эле. Ушул эле күнү мамлекет башчы УКМКнын жетекчисинин 2 орун басарын – Аман Мамбетсеитов жана Бектен Сыдыгалиевди кызматтан бошотту. Бошотуу себебинде «башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу» деп белгиленгени менен, алардын кайсы кызматтарга дайындалганы айтылбады. Бектен Сыдыгалиев Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келе жаткан. Бул кызмат 2011-жылы декабрда УКМКнын алдында түзүлгөн. Эми башкы коррупцияга каршы күрөшүүчү ким болору айтыла элек.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg