Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап жеңил автоунааларга болгон бажы төлөмдөр 10-15 ПАЙЫЗГА көтөрүлөт.
Ош шаарында жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу анын бардык аймактарына 5236 ЭЛЕКТР меши таратылды. Бул тууралуу Оштун мэриясы билдирди.
Өлкөдө жыл башынан бери 185,7 ЧАКЫРЫМ ЖОЛ оңдолду. Алар үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 840,9 миллион сом каражат бөлүнгөн.
САЛАЙДИН АВАЗОВ Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
«Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов: «Күйүүчү майдын баасы жыл башынан тартып 11 ПАЙЫЗГА ӨСТҮ. Азыр запаста бир айлык керектөөгө жетчү май бар»,- дейт.
Өкмөт түштүк аймактагы буу казандарды көмүргө которуу жана керектөөчүлөрдү суюлтулган газ менен камсыздоо үчүн бюджеттен 261 МИЛЛИОН сом өлчөмүндөгү үстөксүз ссуда бөлдү.
Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп АЛМАЗ СУРАНОВ дайындалды.
Өкмөт: «2015-жылы Кыргызстандын бюджетке келген кирешелери 117 МИЛЛИАРД сомго өсөт».
Кыргызстанда 2009-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ички колдонуу 51 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу ЮСАИД консультанты Ренди Брутон билдирди.
Башка бир кылмыш иши боюнча кармалганына байланыштуу АЗИЗ БАТУКАЕВ Орусиядан Кыргызстанга экстрадицияланбайт. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nagi82
2014-08-11 14:33:28
Анын ичинен канчалаган милион креслодо олтургандардында чонтогунон орун алды э адашпасам жедида жон эле кызмат кыла бермек беле
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.