ЭКИ КОЁНДУ БИР ОК МЕНЕН АТКАН ЖЫЛДЫЗДАР

Жай, мээ кайнаткан аптап... Мындайда тезирээк чемоданыңды алып, жумуштан эс алууга качып кутулгуң келет. Жайлоодогу салкын төрлөр, суусу жылуу Ысык-Көл көздөн учат. Мындай мүмкүнчүлүктү ырчылар да колдон чыгарбай, чыгармачылыкка жаңы дем топтоп жатышкан чактары. Кайсы ырчы кайда эс алгандыгын өз ооздорунан угалы.

Чолпонай: «БЫЙЫЛ ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧЫКТЫМ»
– Бул жайда иштердин көптүгүнөн улам Ысык-Көлгө же тоого барып эс алып келүүгө убакыт тартыш болду. Тасмага тартылып жаткандыктан ошол иштерге байланыштуу июнь айында курбум Назгүл Токтакунова менен Германиянын Берлин шаарына бардык. Иштерибиз бүткөндө ал жактагы мекендештерибизге концерт коюп, андан соң эс алууга да жетиштик. Бул жактан кетип жатканда Берлинде тарыхый жерлер көп болуш керек деп ойлогом, кадимки эле заманбап шаар экен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тарыхый жерлердин көпчүлүгү талкаланып жок болуптур. Ошонусу бир аз көңүлдү чөктүрдү. Эсте калганы, шаардагы эң чоң зоопаркка барып, өмүрүмдө көрбөгөн жаныбарларды көрдүм.
Андан соң Чехиянын борбору Прага шаарына бардык. Мага ал шаар аябай жакты, укмуштуудай кооз экен. 18-кылымга таандык тарыхый имараттар, көчөлөр жакшы калыбында сакталыптыр. Учурда продюсерим жана башка досторум менен Түркиянын Анталия же Кемер шаарларына барууга камынып жатабыз.

 

 

 

Жоодарбешим: «ТАҢ АТКАНЧА МЕЙМАНКАНА ИЗДЕДИК»
– Июнь айында Кадыралы Артыковдун «Барам сага» аттуу ырында даңазаланган Токтогул өрөөнүндөгү Ой-Алма жайлоосуна барып, досторум менен 10 күн саамал ичип, кой союп жеп, сонун эс алдык. Жайлоодо досторум менен көк бөрү тартып, суук экенине карабай түнү менен от жагып, коңшу боз үйдөгүлөрдүн бардыгын чогултуп алып гитара, аккордеон менен ырдап отурдук.
Учурда Ысык-Көл өрөөнүн тегеренип түнкүсүн гастролдоп, күндүзү сууга түшүп чардап жүрөм. Көлгө биринчи барган күнү сууга караңгы киргенче моокумубуз канбай түшө берип кечинде жатканга жер таппай, таң атканча машина менен мейманкана издедик. Акыры таң атканда бир үй таап, ошол жерде уктадык.

 

 

 

 

Арсен: «КӨЛДҮН ПЛАНЫН ТОЛТУРДУМ»
– Былтыр жумуштардан кол бошобой Көлгө бара албай калгам. Быйыл болсо досторум менен эки жолу барып эс алдым. Негизи мага көлдүн аурасы жагат. Ал жактан сууга түшпөстөн жээкте жөн гана сууну карап отуруудан ырахат алам. Экинчи жолу барганда 4 күн тең аба ырайы аябай ысык болуп, караңгыга чейин сууга түшүп жаттык. Эс алуу аяктаганда кеткибиз келбей, араң Бишкекке келсек, бул жак суук, калың кийинип жүрүшкөн экен.
Андан соң Латвиянын Юрмала шаарына сапар алдык. Ал жакка эң негизгиси «Style Mix» триосуна колдоо көрсөтүү үчүн барган элек. Эс алууга 1 күн убакыт беришти. Чогуу шаарга чыгып сейилдеп, сүрөткө түштүк. Буюрса, август айынын ортосунда да досторум менен Көлгө барып, быйылкы сезонду жаап келейин деп жатам.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Aksana1602
2014-08-11 21:15:43
мирбек иманбеков кайда эс алыптыр
0
AFRODITA-89
2014-08-12 01:00:38
Эс алуу кандай сонун. Мен алдейимди карап кучактап опкулосом эн сонун эс алам быйылкы эс алуум бобогум менен отуп атат
+1
meykin94
2014-08-12 02:47:16
Гулдорго аарылары конгон кезде, Бал чобун Ой-Алманын соргон кезде, Баарам сага... Ой-Алма кандай кооз жайлоо сагындым....
0
alhamdulillah
2014-08-12 11:06:55
Сонунго
0
Mononoke
2014-08-12 22:19:40
болсон. эле жылдыз болуш керек екен
0
rk.kazaliev
2014-08-13 02:10:51
супер инфо чоон сураныч акындардын ырын концертин жана жаш чыгып кележаткан акындарды чыгарып элге тааныткылачы бул ырчылар таарынбасын иши кылып эл билет сураныч жооп кутом
0
admin_portal
2014-08-13 10:11:33
rk.kazaliev, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
ayakosya
2014-08-13 12:40:37
Жумуш менен эс алууга да жетишууну бир ок менен эки коен атуу дебейт го.
0
meninmekenim
2014-08-13 16:48:46
Жоодарбешим Сууга катуу тушосуз го байкеси))) бизди унутпай жаны ыр чыгарып турунуз)
0
Aizatnur
2014-08-14 10:17:18
ооу сонун го, эх ырчылардын жашоосу!!!
0
rk.kazaliev
2014-08-14 13:43:13
чоон рахмат супер кутом
-1
ernist007
2014-08-15 10:26:10
эс алуу сонун да Колдун Туштугу болбой калыптыр,тазалыгы ото начар.
-1
Lumia-800
2014-08-15 12:31:43
Тынч болгулада кыскасы.
-1
Tairova8484
2014-08-15 21:29:42
мммм,артистер жыргапаткан турбайбы,оло мактанып алышыптыр го
-1
Aikyn.
2014-08-16 12:38:41
жакшы
-1
alibekova94
2014-08-21 02:28:13
Чолпонай соонун кыз ))
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан