Сабырбек Жумабеков, травматолог-ортопед: «ДЕПУТАТТЫКТАН БАШ ТАРТКАНЫМА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЫРААЗЫ БОЛГОН»

Өлкөбүздө эң оор, эң кыйын операцияларды жасап, алда качан жакшылыктан үмүтүн үзүп койгон оорулууларга үмүт шооласын чачкан мыкты дарыгерлер бизде жок эмес. 31 жылдан берки жашоосун медицинага арнап келе жаткан, аты бир гана Кыргызстанга эмес, бир канча өлкөлөргө таанымал травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков ошолордун катарында. Ал 11-августта 50 жылдык юбилейин белгилөөнүн алдында турат. Дарыгер бизге аталган кесипке кандайча келип калганы, сүйүүсүн арнаган кесиби тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– Эч бирөө жеңил-желпи маселе менен келбейт экен, бардык пациенттериңиздин өзүнчө трагедиясы бар, оор жаракаты, майыптыгы... Адам андай көйгөйлөрдү көрө берип таш боор болуп кетпейби?
– Бүгүн 42 оорулууну кабыл алып, 7 операция жасадым. Балким, башкаларда ошондой сезим болушу мүмкүн, бирок бейтаптардан сурап көрсөңөр, бири да мени таш боор деп айтышпаса керек. Ар бир оорулууга жылуу сезим, жүрөгүм менен мамиле кылам. Окуучуларымдан «Бейтаптарга кандай мамиле кылыш керек?» деп сураганда, алар биринчи эле «бейтапты сүйүш керек» деп айтышат. Менин бирден-бир принцибим ушул. Оорулууларга бир боордук сезим кылмайынча, бизди Кудай дагы колдобойт.

– Кишилердин кыйналганын, ыйлаганын, сизге үмүт артып келгенин көрөсүз. Үйгө да ээрчип келеби ошондой маанай? Кантип көңүлдү эс алдырасыз?
– Бизде медицинанын күчү жетпей калган учурлар болот. Айрыкча жол кырсыгынан жабыркап келген мончоктой жаш кыздар-балдар өтүп кеткенде, мен алардын жүзүн карай албайм, жүрөгүм чыдабайт. Ал оору дайыма менин жүрөгүмдө, аң-сезимимде калып калат.

– Мунун баары качан башталды эле? Эмнеликтен медицинаны, ортопеддикти тандап калдыңыз?
«Сөөк дарыгери болом» деп келечек кесибимди 10 жашымда эле тандагам. Ал кезде травматологиялык-ортопедия дегенди деле билбейсиң да. Ошол учурда атамдын буту ооруп, түнү менен какшап кыйналчу. Анын ооруну басаңдатуучу дарыларды топ-тобу менен ичкенин көрүп, алдыма дарыгер болуу максатын койгом. Кийин дарыгерлер атамды туура эмес диагноз менен эле дарылап жүрүшкөнүн билдим. Айылдагы эле хирург байке атама операция жасап, сөөгүнө толуп калган ириңди алып чыккан.
Мектепти аяктаганда борборго келип Медициналык институтка тапшырдым. Кийин окуу жайыбыздан тажрыйбадан өтүп келүү үчүн башка мамлекетке жибермей болушканда, Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутту тандадым. Ал жактан 2 жылдык тажрыйбадан өтүп, андан соң 6 жыл ичинде илимдин кандидаттыгын жактадым. Андан кийин докторлугумду Москвадан жактап алып анан Кыргызстанга кайтып келгем.

– Алгачкы операция жасаган күнүңүз эсиңиздеби, ал күнү сизди кандай сезимдер башкарган?
– Биринчи операция жасоого 4-курста киргем. Хирургия сабагын өтүп жатканда агайым келип, «ким хирург болот, ким операцияга кирет?» деп сурап калды, дароо колумду көтөрсөм, «жүрү» деп мени ээрчитип барып, богокко (зоб) операция жасоого катыштырган. Мага кыпчуур менен дакини (марля) алып, айткан жерлерди кургатып турууну тапшырышты. Кан болгон дакини улам таштайын десем, колумдан кыпчуур кошо ыргып кетет. Качан медайым урушуп баштаганда гана өзүмө келип, баягыны бекем кармап анан ыргытып жаттым. Биринчи операциям ушундайча өткөн.
Ал эми жеке өзүмдүн операциямды Украинада жүргөнүмдө Жаңы жылдын алдында адаттагыдай орустардын баары мас болуп калып, чыканагы сынган жаш кызга жасагам. Ошол күндөн тартып мына бүгүнкү күнгө чейин операцияларды жасап келе жатам.

– Жумуш күнүңүз эртең менен эмнеден башталат?
– Эртең менен келип эле түн ичинде болгон маалыматты алуу менен баштайм. Андан соң реанимация бөлүмүнө баш багам. Ал жактагы абалы оор бейтаптар үчүн өзүмдүн сунуштамамды берип, анан иш ордума келип, кезек күтүп отурган оорулууларды кабыл ала баштайм. Андан кийин операцияларга кирип кетүүгө туура келет.

– Бир күндө канча операцияга киресиз?
– Учурда бир күндө аз дегенде 6, болбосо 12 операция жасап жатабыз. Эң узак созулган операциям 8 саат болгон. Эмнегедир чарчоо сезими болбойт, кесибимди өтө сүйсөм керек. Анын үстүнө ички моралдык сезим да мени эс алдырат. Сакайып, жакшы болуп кеткен адамдарды көрүп, ичимден өзүмө канааттануу пайда болот.

– Оорулуулардын операцияга төлөп берүү үчүн шарты туура келбей калган учурларда кандай чара көрөсүздөр?
– Биздин мамлекет өтө кедей. Кедей өлкөнүн экономикасы, медицинасы да кедей болот. Бирок менин ушул жерде иштеп келе жаткан тарыхымда бир да жолу, бир да адамды «сенин акчаң жок экен» деп дарылабай коюу болгон эмес.
Кышкысын селсаяктар барар жери жок суукка тоңуп, үшүккө кабылып келишет. Алар дарыланып бүткөндөн кийин да кышы бою ушул жакта жатышат. Үй-жайы жок селсаяктарды каякка чыгарабыз? Ошентип ооруканабыз кышы бою мейманкана да болуп калат.

– Убагында депутат, министр да болуп калдыңыз, саясат жолу кызыктырган жокпу?
– Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангам. Ант берер күн келип, фамилиям аталганда чыгып, анттын ордуна арызымды окуп туруп кетип калгам. Себеби «ушул кесибимден айрылып каламбы, ушуну менен адамдарга жардам бере албай каламбы?» деген коркунучтуу сезим пайда болгон. Ошондуктан түнү бою ойлонуп, эртеси эч ким менен акылдашпай, эч кимге айтпай туруп, депутаттыктан баш тарткам.
Ал күндөн аз өтпөй Чыңгыз Айтматов менен Жазуучулар үйүндө чоң жыйында бирге болуп калдык. Ал киши мага кайрылып, «сен таранчыдай болуп ал жерде отурганда эмнени чечмек элең, андан көрө өз кызматыңда иштеп, күнүнө 5 оорулууну кабыл алып дарылап турсаң, Кудайдын сообуна каласың, Кудай сага ыраазы болот, эң туура кылдың» деп колумдан кысып, кучактаган. А мен анда таранчы деген сөздүн маанисин түшүнгөн эмесмин. Көрсө, таранчылар зымга кыдырата тизилип алып, фермаларды карап отуруп, кеч кирип, эл тараганда барып курсактарын тойгузуп, жем жеп келип, кайра зымга тизилип отуруп калышат экен да. Чыңгыз Төрөкулович көрсө, депутаттарды ошентип таранчыга салыштырган тура. Министр болуп иштегенимде деле бул оорукананы бир күнгө да таштаган жокмун. Күнүгө ушул жерде саат 3кө чейин болуп оорулууларды көрүп, операцияларды жасап жаттым. Андан соң гана министрликке барчумун. Ошентип жүрүп менден жакшы министр чыккан жок.

– Бизде саясий элита чет өлкөлөргө барып дарыланат. Анысы кээде расмий түрдө айтылса, ачык айтылбаган окуялар да көп. Элита кыргыз медицинасынын деңгээлине ишенбейби?
– Медицинанын абалы ушул болуп, бир да жаңы оорукана салынбай, жаңы аспаптар келбей жатса, анан, албетте, ушунун баарын көрүп турган колунда барлар чет өлкөгө барып дарыланып келишет. Бирок биздин дарыгерлер Европанын, Американын дарыгерлеринен кем калбайт. Болгону, заманбап техникалардан, жабдуулардан аксап калып жатабыз.

– Сиздин ордуңузду басам деген уул-кыздарыңыз барбы? Алардын дарыгер болуусун каалайсызбы?
– 2 уул, 2 кызым бар, окуп, иштеп жатышат. Үчүнчү балам Марсель учурда 15 жашта, ал 5 жашынан бери ортопед болом деп айтып келет. Жолумду жолдогусу келгенине кубанам.

– Бош убакыт болгондо сиз алектенген кандай кызыктар бар?
– Спорт менен машыгам, чуркайм. Чуркаганда да өтө катуу чуркайм. Быйыл «Ысык-Көл» марафонуна катышып, 2-орунду алдым. Сууда сүзүүгө да убакыт табам.

– Ырчылар Эл артистин, ары кетсе «Грэмми» сыйлыгын алгысы келсе, кинодогулар «Оскарды» самайт. Врач-ортопеддерчи? Кандай сыйлыкка жетсем деп көксөйсүздөр?
– Мен сыйлык үчүн иштебейм. Батадан бийик, улук сыйлык жок. Элдин батасы, элдин сыйлыгы мен үчүн жогору турат. Жаныма келип бата беришкенде көзүмдөн жаш чыгып кетет. Ошол мага дем-күч берет.

– Кызмат учурунда кызыктуу, таң калычтуу же күлкүлүү учурлар да болбой койбойт, эсиңизде болсо айта кетпейсизби...
– Бир кыз келди «боюмду узартып бериңиз» деп. Көрсө, жигити боюң кыска деп чанып жаткан экен. Биз байкуш кыздын боюн 8 сантиметрге чоюп, узартып берсек, жигити күтпөй башка кызга үйлөнүп алыптыр. Бой узартуу деген 1 жылга созулат да. Бир ирет партиялык чоң кызматтарда иштеп жүрүп, 20 жыл баспай жатып калган эженин 4 муунун алмаштырганбыз. Бир күнү кабылдамага ыйлап келди. Көрсө, эже 10 жыл мурун өтүп кеткен атасынын бейитине буту менен басып барып, куран окутуп келиптир. Ал ошо буту баспай калып, атасынын бейитине бара албай жүргөн экен.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Бейтаптар үзүлүп кеткенде көзүмө жаш алам” деген Сабырбек Жумабеков менен маек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
Murok
2014-08-12 15:17:07
Оххххх операциядан оло корком... Кудай сактааааа
0
jazka-jaz77
2014-08-13 02:58:41
Кыргызымда Сабырбек агабыздай инсандар кобойо берсин. Кудайым Ар дайым колдоп,колунуз дарт корбосун.
+1
gumi94
2014-08-13 17:14:27
Алла ыраазы болсун сизден!!!
+8
origami
2014-08-14 00:18:23
Биздин замандын чыныгы Баатыры..
0
TUMAN
2014-08-14 09:54:15
Ала эки дуйно бактылуу кылсын!!!!!
0
Kalin466
2014-08-14 12:53:21
Ушул байкенин Сатыкей айылындагы уйуно барып ата энесинин колунан чай ичип,даамдуу каймак жеген элем,кооооп жыл мурда. Ото жакшы,кен пейил,жонокой адамдар эле.
0
nur16
2014-08-14 13:55:12
омурунуз узун болсун
0
kenje7777777
2014-08-14 19:31:24
Сизге Узун омур чын Ден соолук каалайм, элибиздин батасы тийсин балдарыныз омурлук жарыныз мн Аман болунуз!!!
0
Angelina01
2014-08-14 22:13:57
Аллах ыраазы болсун ишинизге ийгилик каалайм,уйбулолук бакыт балдарыныздын жакшылыктарын корун
0
Angelina01
2014-08-14 22:15:43
Кудай колдосун сизди
0
Almaz-78
2014-08-15 09:50:21
Дуйнонун бардык жеринде эле Сабырбек байкедей кыйын врачтар аз.Замандын элита адамы десе дагы аздык кылат.Озунуздой шакирттерди тарбиялап кетсениз эн сонун болмок.
0
nazi0807
2014-08-16 15:23:03
Туура эле азыркы элге кылган кызматыныз 100 эсе ойдо.
0
Asyl.jazi
2014-08-16 19:51:02
Таранчы болбой калганынызга шугур! Аллахым озу сизди колдосун!
0
danik0101
2014-08-17 11:53:15
Оз кесибин суйгон адам элди ойлойт мына азамат омурунуз узуун болсун! Биздин бийликтегилер да оз кесибин суйуп элди ойлоп койгондо биз да аларды мактап жатып калмакбыз.......
0
burka
2014-10-02 10:40:11
супер инфо мен ушул врач менен кантип байланышсам болот???????
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан