Дайыр Исмадияров менен Нурлан Насип бир тойдо мушташып, милиция кызматкерлеринин аралашуусу менен бул чатак араң токтоптур. Кыргыз сахнасынын көрүнүктүү ырчы мырзаларынын бири-бирине муштум түйүп, сен-менге баруусуна эмне түрткү болду? Бул суроо менен Дайырга кайрылдык. Ал «Эркек экенбиз, мушташуу ар бир эркектин башынан өтчү нерсе. Ооба, мушташканыбыз чын. Ал Нурлан экөөбүздүн жеке ишибиз деп ойлойм. Түшүнбөстүк баарында болот. Азыр Нурлан иниме саламым түз» деп жооп берди.
Жылдыздардын мушташы ушуну менен эле токтоп калбай, өткөн жумада «тамашоучуларга» да тие өтүптүр. Той учурунда «Ак-Өргө city» командасынын балдарынын ыркы кетип, маселени муштум менен чечкенге чейин барышыптыр. Окуянын борборунда Эмил Эсеналиев менен Рүстөм Нурболот уулу болду дешет көргөндөр. Окуяга күбө болгондордун айтымында, чырдын чыгуусуна Рүстөм менен команданын балдарынын Эмилдин уруксатысыз тойго барышкандыгы себеп болуптур. Мындай «ээнбаштыкка» команданын көзүрү Эмил нааразы болгон көрүнөт. Бул иштин чоо-жайын билүү үчүн Рүстөмгө байланыштык: «Азыр «Тамашоунун» көп командалары тарап жатышат, а биз ай сайын жаңы тасмаларды чыгарып, жакшы иштеп келебиз. Ошондуктан көрө албастар түрдүү ушактарды чыгарып жатышат окшойт. Эмил биздин команданын улуусу, ал агабыздай болуп калган. Эч качан маселени муштум менен чечүүгө жол бербейбиз»,- деп командадагы эл көргөн мушташты жокко чыгарып койду. Канткен күндө да баары бир чөйрөдө жүрүп, бир туугандай болуп калышкан. Урушуп-талашса деле бири-бирине саламы түз, ынтымакта болуп жүрүшсүн дейбиз.