Атактуу адамдардын артынан жакшы-жаман сөз ээрчийт эмеспи. Азамат Байматов үйлөнгөндөн аз убакыт өткөндөн кийин эле «жубайы менен ажырашып кетиптир» деген сөздөр тарай баштаган. «Эми эч качан нике шакегимди чечпейм» деген футболчу менен жубайынын ортосунда чын эле түшүнбөстүктөр болдубу деп Азаматка 5 ай мурун кабарлашып, андан «Чынында мен үйлөнгөн соң чет жерге көп кетип жаттым. Алыста жүрүп келинчегим Айжан экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп жатты. Азыр баары жакшы. Мен учурда Анталияда футбол боюнча жыйында жүрөм, Айжан Бишкекте. Ажырашкан жокпуз» деген жооп алган болчубуз. Эл оозунда айтылган ошол кептин аягы тыйылган жок. Футболчу менен кабарлашып, жаңылыктар, жеке жашоо тууралуу сөз кылганыбызда, ал «азырынча жеке жашоо тууралуу эч кандай маалымат бере албайм» деген жоопту узатты. Азаматтын мындай жообуна караганда ачылбаган сырлар бар окшойт деп калдык.