«АПАҢДАН ЭРКЕК ТАЛАШКАНЫҢА ИШЕНБЕЙМ...»

– Сахнанын казанында кайнаганыма көп болду. Сахна артында жүрүп көзү күлмүңдөгөн жал-жал көздү кезиктирдим. Ал менин сахналашым. Абдан шайыр, сулуу кыз. Канчалык имерилип көңүлүм түшпөсүн, анын улуу-кичүүнү көзгө илбеген эрке-талтаңдыгы зээнимди кейитет. Канча жаман кеп укпайын сени андай жамандыкка кыйбай, ал окуяларды сага жууткум келчү эмес. Бирок акыркы жолу сен тууралуу уккан кеп мени эстен тандырды.
Спорт Ордосунда кезектеги концерттен кийин гримёркада ырчы жигиттер сүйлөшүп отурушкан: «Ооба, элестет, апасы менен эркек талашып бир кафеде уят болушуптур» деп алар сен тууралуу сөз кылып жатышты. Шек алдырбай «Жигиттер, эмне тууралуу сөз болуп жатат?» десем алардын бири, «Сенин шилекейиң агып жүргөн кыз апасынын көңүлдөшү менен жүрүп кетиптир. Аны менен кафеде отурган жеринен кармалып, аябай чоң чыр болуптур. Апасы «эми менден эркек талашып калдыңбы, уялбайсыңбы?» десе, «өзүңдүн берген тарбияң» дептир. Чаң жугузбачу элең го, мына, ал кыз ушундай» дешти.
Чынында сенин туруктуу жан эмес экениңди билем. Бирок атаңдай киши менен ашыктык оюнун ойноп эмне кылганың? Карегиң менен тең айланууга даяр мага окшогон оюңа ою, боюңа бою тең жигиттер бар го? Сени түшүнбөй турам. Канча ирет ашыктыгымды айтсам теңиңе албай, шылдыңдап койдуң. Эмне, улуу киши андай сөздөрдү башкача айтат бекен? Билбейм эрке кыз, биринчи ирет сенден иренжип турам. Жүрөк кургур дале ишенгиси келбей турат. Сен эч нерседен бейкапар, өзүңдүн жеңил-желпи жашооңду улантып жатасың. Мен билем, бул катымды окуп дароо өзүңдү тааныйсың. Балким, ошондо ойлонорсуң. Сени чын дилимден сүйөм. Акыры бир күн сезимимдин таза экенине ишенип, мага да көңүл бурарсың.

Сахналашың
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (90)
КОЛЮЧКА
2014-08-15 00:22:35
Андай болбой эле койсун дегилечи, бирок, мен деле муну ххх эже менен, ххх го деп ойлоп койдум. Бул жөн эле далилсиз божомол, мен адашышым мүмкүн... Тиги "сахналашы" болумуш болгон неменин айткандарына таянсак...
+3
admin_superstan
2014-08-15 10:24:12
КОЛЮЧКА, далили жок билдирүү жазууга тыюу салынган!
Азырынча эскертүү!
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-08-15 01:46:51
Эми баарындын ичин бышып бир козунор ушул комментарийде бири твитерде болот экенсинер да)))) далили жок созго эч качан ишенип конул болбогуло деп кана айтам)))
0
Lunatena
2014-08-15 01:51:18
Бул оюнунду токтотсон болмок... Мен бул жазган адамды тааныйм, кызды да тааныйм.
0
bad.girl
2014-08-15 13:04:38
Точна М бул мен билем.Муну Н.Н. жазгангооо.
0
Mamalashka_2013
2014-08-15 15:03:56
Суйуунун козу сокур деп бекеринен айтылбаган экен....
0
admin_superstan
2014-08-15 20:46:59
aman0296, далили жок билдирүү жазуудан алыс болуңуз.
0
tenteeeshka
2014-08-16 05:07:46
Мен учун дагы деле кызык болууда кенири купуяма жазып койгулачы сураныч!
0
Bermet_Kasymova
2014-08-16 20:00:05
Коп ырчылар айта кетчу эле,сахнадан укмуш корунуп, ути-мути болуп,уялчаак,назик, ыймандуу,кыларман болуп коруно берген кыздар сахнадан артында андай эмес деп. "Жылдыздуу асман" сериалында деле ачык айтылат. Менин оюма эч ким келген жок. Апасы деп айтылгандан кийин мен да М деп ойлодум. Бирок мен Н эмес О деп калдым. Себеби,ал бир кызга ашык болуп,айта албагандай эле сезиле берчу.
0
Ailyna
2014-08-17 07:30:21
Эх суйуу,суйуу.Суйуунун козу сокур деп койчу беле
0
zoro21
2014-08-17 20:30:18
мм))))))достор бул апыртма го дейм! Сахнада 20 жылдан бери кайнагандардын катарында болсо деле ырчы ырчыны сатпайт жана саткан эмес го))
0
ainur78007
2014-08-17 23:11:32
Тазза баарын М,Д,Н,О деп,купуя жазып койчу деп жаман болупсунарго.Чын эле ушундай ыплас иштерди билуу адам баласына кызыкпы э?Жон эле билгинер келип тытынасынаргоо)))))
+4
admin_superstan
2014-08-18 17:09:04
belka-zaika, сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Aelora9292
2014-08-21 02:02:35
XXX degeniner Kim men tushunbodum:(
0
nur4607
2014-08-23 02:31:10
Н Н эмес, ал М дегенинерди карабайт ыймандуу бала убагында мечитке барып журчу, н н сахнада кайнап баштаганда м жапжаш кыз болчу,
0
mekajan89
2014-08-28 13:10:04
Menda tuwundum Kim jazganyn, al kyzdy. Emne kylasyn kutup men saga aitat elem, andan sonun kyzdar bargo, seni kutup suiup jurgon.
0
№ 614, 08-август-14-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан