Өлкөбүздө өзүнүн ири байгелери менен өзгөчөлөнгөн чоң акция старт алды. Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда «Аю» компаниясынын «Ак тулпар» соода маркасы чоң акциянын башталганын жарыялады. Байге болуп 300 кой жана баш байгеге 10 жылкы коюлган бул акция уккан кишини кайдигер калтырбастыр.
Кубандырган маалымат болуп бир айга жетип-жетпеген убакта алгачкы жеңүүчүлөр аныктала баштады. Өлкөбүздүн булуң-бурчунан чыккан жеңүүчүлөрдү байгеси менен чын жүрөктөн куттуктап, алгачкы жеңүүчүлөрдү кепке тарттык.
Акциянын эң алгачкы жеңүүчүсү деп Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну САДЫР ХАСАНОВ табылды. Алгачкылардан болуп ийгилик кушу буюрган Садыр мырза менен кыскача маек курдук:
– Ал күнү жолдош балам жаңы машинелүү болуп, сүйүнчүлөп айдап келген экен. Мен досумдун темир тулпарын майлаганым болсун деп «ат сыйлаган жөө баспайт» дегендей, «Ак тулпарды» «буздум». Акция жөнүндө укканым эле болбосо, атайын байге утам деп алган эмесмин. Утушка козу чыкканын көргөндө, бизге эки майрам бир келгендей эле болду. Ошентип досумдун машинесин козу союп майлап бердим.
Ал эми экинчи жакшы кабар бизге Нарын облусунун Ат-Башы өрөөнүнөн келди. Ача-Кайыңды айылынын тургуну БАКЫТ ТОКТАКУНОВА аттуу эжекебиз козу утуп алып, кубанычы койнуна батпай турган кезинде маекке тарттык:
– Сиңдим турмушка чыгып, коңшу-колоңго той ооз тийгизейин деп айылдагы «Кубаныч» дүкөнүнөн «Ак тулпар» арагын алган элем. Үйгө келип акция жөнүндө окуп калып эле ача койсок, байгеге козу чыкты. Кошуналарыма сиңдимдин тою менен кошо козуну да майлап бердим. Негизи, ушундай акцияга ишенбечү элем, чын экенине көзүм жетип, бардык элге алгыла деп сунуш кылар элем.
Дагы бир козу Талас облусунун Киров районуна караштуу Бакыян айылынын жашоочусу ГҮЛБАК РЫСБАЕВА аттуу айымга буюрду.
– Үйдө курулуш иштерин жүргүзүп жаттык эле. Теңтуш келин усталарга тамак берем деп дасторконго кошуп «Ак тулпар» арагын көтөрүп келиптир. Ал арактан бир козу чыгып, кубанып отурабыз. Ишемби күнү «Аю» компаниясынын өкүлү менен чогуу мал базарга барып, эң семиз козуну тандап алдык. Базардагы элдин баары «байге чын эле чыгат турбайбы» деп таң калышты. Ушундай акцияны уюштурган «Аю» компаниясына чоң ийгиликтерди каалап кетким келет. Өркүнүңөр өсүп, ишиңер илгерилесин!
Өлкөбүздүн бардык дубандарынан чыккан жеңүүчүлөрдү байгелери менен куттуктап, карапайым калктын арасынан чыгып жаткан жеңүүчүлөрдүн саны арбышына чын жүрөктөн тилектешпиз.
Чамдагыла! Алдыда баш байге болгон 10 жылкы күтүп турат.