– Жайында колтугум тердей берет. Кийимимдин колтук жагы суу болуп, билинип калбасын деп көпчүлүк учурда ак түстөгү кийимдерди кийгенге аракет кылам. Бирок эки-үч жолу кийгенден кийин эле көйнөктөрүмдүн колтугу саргарып калат. Балким, мен антиперспирант, дезодорант дегендерди туура эмес колдонуп жатамбы? Дегеле булардын айырмасы барбы?
Канимет, 20 жашта, Талас
ТҮРЛӨРҮ
– Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт. Бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозандын организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу. Анткени ал жалаң гана эфир майынан даярдалат.
Антиперспиранттар, тескерисинче, тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот. Курамында спирт көп болгондуктан, колтукту кызартып жибериши мүмкүн.
Дезодорант-антиперспирант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт.
ТЕРЧИЛДИКТИ ДАРЫЛОО
1. Жакшы кийим тандап алышыңыз керек. Эң негизгиси, денеңиз кенен дем ала турган кийим кийиңиз. Синтетика кийимдер денеге аба жеткирбей, тердегенди, жагымсыз жытты эки эсе көбөйтөт.
2. Бат-баттан жуунуп туруу керек. Жайкысын күн алыстан киринип туруу зарыл. Самынды көп колдонууга да болбойт. Анткени самын денени кургатып жиберет. Ошондуктан гель менен жуунган дурус. Гель денедеги кирди гана кетирбестен, жумшартып, жакшы жыттантат. Ваннага түшкөндө эмен, ромашканын кайнатмасын аралаштырып жуунуңуз. Анткени байыркы заманда адамдар колтугу тердегенде эмен жалбырагын тердеген жерлерге сүртүп гана тим болушкан. Ушул күнгө чейин эмендин жалбырагы терге каршы пайдаланылып келет.
3. Өздүк гигиенаны сактап, колтуктагы жүндөрдү да тез-тезден алып туруу абзел.
4. Жыты кескин атырды колтукка сээп туруп, он-он беш мүнөттөн кийин жууп салсаңыз, сасык жыттан бир азга болсо да арыласыз.
КОЛДОНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Ар кандай дезодоранттарды пайдаланганда этият болуңуз. Колдон келсе спирт аралашпаган дезодоранттарды колдонуңуз. Дене көп ачышпай, кызарбай, кургак жүрөт.
2. Спрейди өтө көп тер чыкканда гана колдонууга болот. Ал эми дезодорант-кремдер атайын сезимтал терилер үчүн чыгарылган. Денеңиз көрүнгөн көйнөк кийгени жатсаңыз, атайын колтукту тердетпеген упаларды колдонгонуңуз ылайыктуу. Бирок териңиз өтө кургак болсо, упа сунушталбайт. Анткени колтугуңуздун териси кургап, жарылып, кызарып да кетиши мүмкүн.
3. Дезодорантты таза, жуулган колтукка сүйкөө зарыл. Тердеп турган дененин үстүнө сүйкөгөндө тери аллергия болуп, ысык чыгып кетиши мүмкүн.
Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА УЕЗБАЕВА жооп берди.
Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Наргиза Бекжанова
kenesh@super.kg