– Мен акыркы 3 жылдан бери күнүгө боёнгонго көнүп калдым. Жылдын башка мезгилдеринде өтө байкалбайт, бирок жайында бетимден кээде тер агып, жылтырап, анын үстүнө безетки пайда болуп жүдөтүп келет. Курдаштарым «азыраак боён» деп көп эле айтышат. Мен тоналдык бет майсыз жашоомду элестете албайм. Кандай кылсам болот?
Ажар, 24 жашта, Бишкек
– Тоналдык бет майлар жашка жана адамдын терисинин өңүнө жараша бөлүнөт. Ажарга кеңеш: Эгер бети майлуу болсо, жайкысын тоналдык бет май эмес, күн нурунан сактоочу упа гана колдонуңуз. Упа болбойт десе, өтө жеңил болгон BB же СС түрүндөгү тоналдык бет май колдонсо болот. Курамына табигый заттар кошулган косметиканы пайдаланууну сунуштайт элем. Кыздар бетиндеги безеткилерди жабам деп апасынын же эжелеринин тоналдык бет майларын коюп алышат, бул таптакыр туура эмес. Ал деген безетки оорусунун күчөшүнө алып келет. Жайында кандай гана бет май болбосун, аны колдонордун алдында жакшылап ойлонуш керек.
Сиздердин сурооңуздарга врач-дерматолог, косметолог АЙНУРА УЕЗБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Наргиза Бекжанова
kenesh@super.kg