Эгерде кинематографтардын көз карашына ишенсек, анда сексуалдуу эркек – бою узун, булчуңдуу жана келбеттүү мырза болушу шарт. Калк арасында болсо такыр баш жана чоң мурун болуш керек деген кептер айтылат. Кайсынысында чындыктын чымчымы бар? Мифпи же реалдуулукпу? Карап көрөлү.
ЧОҢ МУРУН
Миф: «Чоң мурун – эркектин кубаттуулугун айгинелейт».
Айрымдар чоң мурундуу эркектердин «иничеги» да чоң болот дешет. Сизде «Мурун менен «алигинин» бири-бирине кандай тиешеси бар?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Чоң мурун мырзалар айымдарды төшөккө тартуусу оңой болорун кулак-мурун дарыгерлери тастыктайт. Алардын айтымында, чоң мурундуу мырзалардын үнү коңур жана жагымдуу угулуп, айымдардын делебесин козгойт экен. Чынында, айымдар кулагы менен сүйөт эмеспи.
УЗУН МАНЖА
Миф: «Эркектин «алигисинин» түзүлүшүн жана көлөмүн анын узун манжаларынан байкоого болот».
Урологдор жана интимдик тажрыйбасы мол айымдар жогорудагы сөздү ырасташат. Алардын айтымында, эгерде эркектин манжалары жоон болсо, анда «алигиси» да «семиз», башы чоң болот. Тескерисинче, манжасы ичке болсо, андай эркектер ычкырын чечүүдөн айбыгышат. Айрым айымдар үчүн көлөм да мааниге ээ экендиги бештен белгилүү.
БУТ ЖАНА ТАМАН
Миф: «45-өлчөмдөгү таман – эркектин чарчабастыгынын айкын белгиси».
Бул таптакыр чындыкка коошпойт. Билермандардын айтуусунда, тамандын өлчөмү эмес, буттун узундугу маанилүү. Бойго салыштырмалуу кыска жана тайтак буттуулар төшөктө оңой менен чаалыкпайт. Бул тууралуу так физиологиялык негиздеме бар – ал эркектик гормондордун молдугу. Өспүрүм куракта эркектик гормондордун көптүгү эркектин кубаттуулугун жогорулатканы менен, бут сөөктөрүнүн өсүүсүн токтотот да, дене узара берет. Жыйынтык төмөнкүдөй, кыска, тайтак буттуу мырзалар айымдарын сүйүү көлүндө ойдогудай балкытат.
ДЕНЕДЕГИ ТҮКТӨР
Миф: «Денедеги түктөр – темпераменттүүлүктүн далили».
Мырзалардын денесиндеги түктөр – бөйрөк үстүндөгү бездердин көптүгүн билдирет. Бул мырзалардын жыныстык жактан эрте жетилишине алып келет, аны менен катар тукумсуздукка эрте кабылуу коркунучу бар. Буга карабай, жогоруда айтылган аңыз кеп чындыкка жакындап кетет.
Айымдардын кулагына күмүш сырга, мырзалардын көкүрөгүндөгү, колдорундагы жана далысындагы жүндөргө эмес, эки буттун ортосундагы «бакчалуу токойго» басым жасаш керек. Сексопатологдордун айтымында, эгерде жумуртка калтасы канчалык түктүү болсо, эркек ошончолук темпераменттүү.
ТАЗ БАШ
Миф: «Эркектин чачы канчалык аз болсо, белкубаты ошончолук көп болот».
Бул миф чындыкка дал келбейт. Чачтын түшүшү тамак ичүүнүн начарлашы жана баш терисинин сезгенүүсүнөн улам болот. Окумуштуулар «таз эркек чабал болот» деген теория чындыкка жакын дешет. Эгерде эркектин 30 жашка чейин эле чачтары жыдый баштаса, анын себеби радиациянын күчтүүлүгү же эркектик ышкысы мээге тээп кеткендигинин белгиси эмес, эркектик жыныс гормондорунун начар иштей башташынан кабар берет.
Көпчүлүк айымдарды классикалык келбетке ээ «мачолор», тагыраагы, узун бойлуу, кең далылуу, булчуңдуу жигиттер кызыктырат. Бирок «мачолордун» келбети менен төшөктөгү таланты төп келбеши толук ыктымал. Ошол себептен кыргызда «жакшы короз семирбейт», «даңкыйган менен даамы жок» деген кептер айтылат окшобойбу.
Астра Айдарова