КЫРГЫЗДАР BMW'ны ТУЛПАРГА АЙЛАНТТЫ

Кыргыздар эттен жеп, кымыздан ууртап коюп, карк кекирип жамбаштап жата берген жалкоо элбиз деп калабыз. Бирок замандын агымы менен жалкоо кыргызга жан кирип, идеяны ишке ашырууга талпынган жаштар канат серпип келүүдө. Кыргызды жакшы жагынан дүйнөгө таанытсак деген жаштардын тобу өткөн аптада дүйнөдөгү бир дагы автоунаага окшошпогон Тулпар Карагер аталышындагы автоунааны курап чыгышты.

ИШТИН БАШЫ ИДЕЯ...
Иштин башы идеядан башталат эмеспи. Анын сыңарындай, унааны курап чыгуу идеясы кандайча пайда болгондугу тууралуу кеп учугун ишти жетектеген дизайнер-куруучу МЕДЕР КОЙЛУБАЕВ улады:
– Тулпар Карагердин жаралуу идеясы балалык кыялга барып такалат. Былтыр унаа жасай алабызбы же жасай албайбызбы деп өзүбүздү сынап Ламборжини автоунаасынын макетин жасап көрдүк. Алгач кыйналдык, бирок жыйынтыгында колубуздан бир нерсе келерине көзүбүз жетти. Аталган унаа дүйнөгө белгилүү экени баарыбызга маалым. Мына ошондон улам эмне үчүн бизге дагы өзүбүздүн унаабызды жасап чыкканга болбосун деген ой кылт этти.
Ошентип ишти тааныштарымдын каржылык колдоосу менен ушул жылдын 15-январында 6 бала биригип баштаганбыз. 7 ай тынымсыз иштеп, августта жасап бүтүрдүк. Негизги максатыбыз дүйнөлүк деңгээлге чыга турган, заманбап дизайндагы автоунаа жасоо болду. Алгачкы ирет жасап жаткандыктан анча-мынча кемчиликтери да жок эмес.

«УНААДА КЫРГЫЗДЫН БААЛУУЛУКТАРЫ КАМТЫЛГАН»
Унаанын сыртындагы ар кандай сызыктар кооздук катары берилсе керек деген ой калары бышык. Бирок ал сызыктарда кыргыздын баалуулуктары камтылган экен.
– Унаабыздын толук аталышы – Тулпар Карагер. Үлгүсү катары Тулпар деген аталышты тандадык. Себеби кыргыздын байыркы мифологиясы боюнча канаттуу атты тулпар деп аташат эмеспи. Ага улай унаанын өңүн кара тору атка окшоштуруп боёп, моделин да нукура кыргызча Карагер деп атадык. Байкасаңыздар керек, унаанын бет маңдайы Т түрүндө жана туулганын элесинде жасалган. Ал эн тамгабызды билдирет. Ал эми тарыхты барактасак, көчмөн кыргыз сүрдүү жоокер эл болгон. Ошол сүрдү камтыш үчүн туулганын элесин чагылдырганбыз. Жалпылап караганда унаанын көрүнүшү да тулпардын элесин көрсөтсүн деп каалгаларын жогору көздөй ачыла турган кылдык. Ал эми капкактан башталып, унаанын арткы бөлүгүн карай кеткен үч сызык баатырларыбыз Манас, Семетей жана Сейтек дегенди түшүндүрөт.
Салонду жасалгалоодо ак жана кызыл түстөгү булгаарыны пайдаландык. Ак – жаңы башталышты билдирсе, кызыл – өлкөбүздүн желегинин түсү. Жогорудагы бардык элементтерди көргөн чет элдиктер «аа, бул кыргыздын тулпары турбайбы» деп дароо тааныса деген ниетте кошулду.

«КЕЗЕКТЕ ЖОРГО, КУНАНДАР ТУРАТ»
Бул топ темир канат Карагер менен токтоп калбай, келечекте Жорго, Кунан аталышындагы унааларды жасоону пландап жатышат.

– Тулпар Карагерди жасоодо BMW E38 унаасынын өзөгүндө жасадык. Бул эми биринчиси, ал эми кийинкилеринде бардыгын өзүбүз жасайбыз деген ойдомун. Алдыда Жорго жана Кунан аталышындагы темир тулпарларды чыгарабыз. Карагерди курап чыгууга жалпысынан 50 миң доллардын тегерегиндеги акча сарпталды. Учурда кызыккандар көп болуп, кээ бирлери «бирге иштешели, сатып алам» деп жатышат. Бирок бул алгачкы унаабыз болгондуктан уютку катары өзүбүздө сактайбыз. Эми МАИден каттоодон өткөрүп жана автордук укукту коргогон патент алсак, анан Карагердин санын көбөйтүүнү ойлонуп көрөбүз.

Арткы көрүнүшү

Алдыңкы көрүнүшү

КҮЛҮКПҮ ЖЕ КАШАҢБЫ
Унаанын мыктылыгын анын кыймылдаткычынын күчү көрсөтөт. Эми кыргыз Карагери төрт дөңгөлөгү чимирилген күлүкпү же кылдыраган кашаңбы? Ошого назар салсак.

Күзгү ордуна орнотулган камера жана монитор

Тулпар Карагерге мүнөздөмө
Чанактын түрү – эки орундуу
Кыймылдаткычынын көлөмү – 5,4 литр, 12 цилиндрлүү, 380 аттын күчүнө барабар
Максималдуу ылдамдыгы – саатына 260 чакырым
Салмагы – 1,5 тонна
Узундугу – 4,85 метр
Туурасы – 1,96 метр
Бийиктиги – 1,40 метр
Жерден бийиктиги – 13 сантиметр

– Донор катары BMW E38 автоунаасын алып, анын кыймылдаткычын, трансмиссиясын, шассисин жана отургучтарын пайдаландык. Калганын толугу менен өзүбүз жасап чыктык. Чанагы кадимки тунукеден жасалды.
Интернеттен сүрөтүн көрүп, кагаздан, желимден жасалган унаа деп сын айткандар да болууда. Кыймылдаткычы өтө күчтүү болгондуктан, унаага жол тандабастардын чоң көлөмдөгү дөңгөлөктөрүн орнотууга туура келди. Фараларына жарык берүүчү диоддук лампаларды колдондук. Жарыкты күйгүзүү, от алдыруу жана башка аракеттердин баарын башкаруучу борбордук бөлүгү адаттагыдай алды жагында эмес, унаанын үстүнө жайгаштырдык. Ошондой эле артты карай турган күзгүлөр жок. Артты көрүү үчүн күзгүлөрдүн ордуна камералар орнотулган жана алар салондогу мониторлорго туташтырылган.
Куралып бүткөн соң Карагерди сыноо үчүн саатына 130 чакырым ылдамдыкка чейин айдап көрдүм. Максималдуу ылдамдыкта айдап көрөйүн дедим, бирок бизде ылайыктуу жолдун жоктугунан тобокелге салгым келген жок.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дүйнөдө жок унаа Кыргызстанда!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
aman0296
2014-08-19 00:45:30
Вообще супер. Баракелде
+1
Djalal-Abad.93
2014-08-19 00:51:13
sonun chygyptyr dagy koburook chygarsa jakwy birok finansy tarabtan jardam kerek goo
+1
Danek.kg91
2014-08-19 06:13:55
Алыскы жерде уксан озунчо эле дем болот екен аябай кубанып баарына жарыяладым окшойт. Ишиниздерге ийгилик "Эл колдоочу, эл сындоочу "дегендей жаман сын пикирлерге конул бурбай еле коюуунуздар он!
+1
jigit.paren
2014-08-19 16:45:16
жалпы кыргыз элин кубандырдынар азаматсынар, кыйналганда чет олкого сатып жибербей озубуздун мекенибизде иш алып баргыла, кийин MADE IN KYRGYZSTAN деп чет олкого чыгалы. Ишинерге ийгилик.
+1
aruuzat88
2014-08-20 13:15:39
Баракелди жигиттер.
0
Batken
2014-08-20 15:11:50
Азаматсынар! Бирок бавария моторс билсе автордук укугубузду буздунар деп соттошушбайбы? Тетиктерин уруксатсыз колдондунар деп? Ийгилик , алга!
0
Aikoo2014
2014-08-20 15:38:37
Соонун Азаматсынар!
0
vertual
2014-08-20 16:44:49
Азаматсынар! Кыргыздын жигиттери, элинерди ушинтип суйунткуло!!!! Алга!!!!!!
0
Chyngyzhan01
2014-08-21 01:14:02
жакшы тюнинг болуптур bmw нын эле озу буферин жана капотун озгортуп эшигин устуго ачылатурган кылышыптыр дагы 50мин доллар деп аша чаап кетиптир коп болсо 10мин доллар кеткен жакшы краска да бере алышпаптыр бул жон эле грунтофкаланганго менимче.кийинкиде эскирген мерсти тюнинг кылып кунан деп аташат
0
Chyngyzhan01
2014-08-21 01:16:30
лучше Уаздан Гелендваген жазашбаптырда Кыргызтандын жолуна
0
tenteeeshka
2014-08-22 02:57:59
Соонун машина го)
0
happyflower
2014-08-23 10:17:41
молодцы так держать! Онорунуздор оркундой берсин!
0
Tolik77
2014-08-24 13:42:04
Азамат жигиттер алга
0
alirun
2014-09-08 13:43:46
Тез арада патенттегиле, антпесе авторлор толтура чыгат. Эртен эле казактар же немистер биздики десе тан калып калышынар мумкун.
0
taku0214
2014-11-21 10:33:52
Чет олкодогулор мандайы грейдердей болуп калыптыр деп сынап атышат. Чынында эле мандайын озгортсонор. Общим круто!
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан