КААРМАН ТУУРАЛУУ
Жанната Атабаева 1992-жылы 24-февралда Бишкек шаарында туулган. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика факультетинин 5-курсунун студенти. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси.
Менин бүгүнкү маектешим Жанната Атабаева айымдар тагынуучу түрдүү сөйкө, билерик сыяктуу асем буюмдарын жасоо менен алектенип келет. Алгач жеке өзү үчүн жасаса, азыр бир топ кардар таап, ишкер айымга айланып бараткан кези.
– Кандайсың, Жанната? Шуру-мончокторду биринчи жолу жасаганың эсиңдеби?
– Өзүм чыгармачыл адаммын, мурун «Агама» бий тобунда бийлегем. Турмушка чыккандан кийин үйдө тынч отура албадым. Минтип айымдар үчүн асем буюмдарын, бижутерияларды жасай баштадым.
15 жашымда бир сөйкөм бар эле, ошону жакшы көрүп көп тагынчумун. Аны сиңдим бир күнү үзүп салыптыр. Ошондо ичим ачышып, сөйкөмдүн мончокторун терип алып өзүмө биринчи жолу шуру жасагам. Кийин чынжырчаларды улаштыра турган аспап сатып алдым. Ошентип мен жасай алчу буюмдар көп экенине көзүм жетти.
– Байкашымча, бул ишиңиз чакан бизнеске айланып бараткандай?
– Кардарларым көп эле. Бир нече дүкөндөр менден шуру, шакек, сөйкө алып сатышат. Жарманкелерге катышам. Интернет-дүкөндөрдөн да заказ көп түшөт. Акырындан ырчы кыздарга да менин жасалгаларым жагып, алар да мага кардар болуп башташууда. Өзүм жасаган бижутерияларды сатып, дипломдук ишимди тартуу үчүн видеокамера алууга акча топтодум.
Күндүз үйдөгү жумуштарды жасап, кызымды карап колум бошобогондуктан, бижутерия жасоого түн ичинде гана убактым болот. Кээде үйдөгүлөр «түндөсү уйкудан калбай эле койбойсуңбу» деп калышат. Бирок мен бул жумушту жакшы көрөм, кадимкидей ырахаттануу менен жасайм.
– Бир мончокту жасоо үчүн канча убакыт кетет?
– Мен эмнени болбосун бир түн ичинде бүтүрүп коём. Эгерде убактым тар болсо, тыныгуу менен жасайм, ошондо гана эки-үч күн кетиши мүмкүн.
– Өзүңүз мындай кооз тагынчактарды такыр сатып албасаңыз керек, ээ?
– Өзүмө окшоп бижутерия жасаган адамдардан деле сатып алам. Аял эмеспизби, башканыкы көзүмө жакшы көрүнөт окшойт. Жарманкелерде дагы башкалардын жасаган сөйкөлөрү көзүмө укмуш көрүнүп, сатып алган учурлар толтура.
– Бижутерия жасоо үчүн майда-бараттын баарын каяктан алып келесиз?
– Таштарды эжем Түркиядан алып келип берет. Пластикалык шуруларды Кытайдан алдырам. Кээде кыргыз-кытай чек арасы жабылып калса, эч нерсе жасай албай отуруп калам.
– Жаш кыздарды чогултуп өнөрүмдү үйрөтөйүн деген пландарыңыз жокпу?
– Кыздарга бижутерия жасоону үйрөтүп да жүргөм. Анан тааныштарым «Эмне кыласың өзүңө атаандаш жаратып?..» дешкенинен ойлонуп калдым. Бул өнөрдү бирөөгө үйрөтүп атаандаш жараткым келбейт. Жолдошум мени гезиттер интервьюга чакырса кубанып калат, «өнөрүңдү өстүр, дүкөн ачып берем» дейт.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg