ТАБЫЛГА СООДА БОРБОРУ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУУГА ДАЛЕ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР!

«Табылга» соода борбору менен баары жеңүүчү» акциясы бир нече күн мурун башталгандай сезилет. Бирок үч айдан көп убакыт өттү, баш байгеге унаа жана башка баалуу белектер коюлган акциянын жыйынтыгын чыгаруу мезгили жакындап келе жатат.

Баш байгеге коюлган Ниссан Примера өз жеңүүчүсүн күтүүдө.

Учурда миңдеген сатып алуучулар «Табылга» соода борборунан соода кылышууда. Товарларды сатып алып гана тим болбой, кардарлар супер-утушка ээ болууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү алып жатышат. Бул таң калычтуу эмес, кимдер гана шаарда эң арзан баада товар сатып алып, анын үстүнө автоунаа, муздаткыч, сыналгы жана башка белектерди жеңип алууну каалабасын.
2014-жылдын 10-октябрында «Табылга» соода борборунун алдыңкы негизги эшигинде өтүүчү супер-утушка катышуу үчүн аз гана нерсе керек. Ал үчүн 500 сом же андан көп суммага соода кылып, дал ошол соода борборун тандаганына ыраазычылык катары «Табылгадан» лотереялык билет алуу жетиштүү.
«Табылга» соода борборун тандаган кардарлар эгер кымбат баалуу товарларды алабыз дешсе, аларга атайын бонустар да каралган. 5000 сом же андан кымбатыраак товар сатып алса, кардарга кошумча лотереялык билет берилет. Албетте, ал кардардын утушка болгон мүмкүнчүлүгү эки эсе көп болот. 2014-жылы январда «Аристон» суу жылыткычын сатып алып, февралда Мазда 6 автоунаасын утуп алган Жумабүбү Жанузакова азыр буга ынанып отурат.
Октябрда өткөрүлчү супер-утуш өзгөчө болот. Анткени бул жолу бир же эки бактылуу адам гана белек менен кетпейт. Лотерея билетин алган кардарлардын арасында 20дан ашык белектер ойнотулат. Сен да шашыл, убакыт аз калды! «Табылга» соода борборунан соода кыл! Убакытты, акчаны үнөмдөп, баалуу белектерге ээ бол!
Маалымат үчүн айта кетсек, «Табылга» соода борборунда кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Бул жакта үй тиричилигине, жеке өзүңүзгө, бала-чакаңызга чейин керектүү товарларды арзан баада тапсаңыз болот. Андан сырткары «Табылга» соода борборунда бир нече банктар кызмат көрсөтүшөт. Андыктан урматтуу кыргызстандыктар, «Табылгадан» соода кылып, кошумча баалуу белектерди утуп алыңыз! Балким, баш байгеге коюлган кымбат баалуу, сол рулдуу Ниссан Примера дал сизди күтүп тургандыр. Ийгилик кушун колдон учуруп жибербеңиз, шашылыңыз, утушту колго алчу мезгилге аз калды!!!

Эгер сиз «Табылга» соода борборуна кире элек болсоңуз, сиздер үчүн керектүү маалымат: Соода борбордун

  1-кабатында жалаң чарба буюмдары, курулуш шаймандары, түрдүү банк кызматтары;
  2-кабатта аял-эркектердин сапаттуу, саркеч, жаш балакайлардын кооз кийимдери;
  3-кабатта бардык тиричилик техникалары, жумшак, сапаттуу эмеректер орун алган.

Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, «Аламүдүн» базарынын жанында.

Лотереялык билеттерди ойнотууда жыл сайын эл арасынан балдар чыгып, бактылууларды ошолор тандашат.

Сыналгы утуп алган бактылуу айым.

Александр Жуков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан