Африканын Түндүк бөлүгүндө жайылып жаткан эбола лихорадкасынан улам көз жумган адамдардын саны 1013кө жетсе, дагы 1848и жуктуруп алган. Дүйнө салгандардын арасында бейтаптарды көзөмөлдөө учурунда вирусту жуктуруп алган 80 дарыгер да бар. Лихорадканын очогу ушул жылдын февраль айында Гвинея өлкөсүндө пайда болуп, кийинчерээк коңшусу Сьерра-Леоне менен Либерияга тараган. Ал эми июлдун соңунда Нигерияга жеткен. Азырынча вирусту токтотуучу дары табыла элек.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg