Америкалык журналист Жеймс О'Киф чек ара боюнча өз өлкөсүнүн бийлигин сынга алды. Ал алгач өзүнүн күнүмдүк эле кийимдерин кийип, АКШ менен Мексиканын ортосун бөлгөн чек арадан кесип өткөн. Андан соң кайра Аль-Каиданын мурдагы жетекчиси катары таанылган маркум Усама бен Ладендин кейпинде жасанып АКШга кирип келген. Бирок эки учурда тең бир дагы чек арачыны кезиктирген эмес. Жеймс: «Түштүк Америка, Гондурас, Гватемаладан келген миңдеген адамдар АКШда жүрүшөт жана дагы ушунча адам чек араны мыйзамсыз кесип өтө берет. Президенттин чек арабыз толугу менен көзөмөлдө деген сөзү чындыкка коошпойт»,- деп билдирди.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg