МИНИСТР ОЙЛОП ТАПКАН ТАНК БИАТЛОНУ

Орусиянын борбору Москва шаарынан алыс эмес жайгашкан Алабино полигонунда 4-августтан 16сына чейин алгачкы жолу танктар арасында биатлон боюнча Дүйнөлүк чемпиондук болуп өттү. Ооба, биз биатлон дегенде лыжа менен жарышкан спортту гана элестетчүбүз. Танктар арасында биатлон – бул танкты мыкты башкаруу жана бутага таамай атышуу боюнча мелдеш. Мелдешке жалпысынан 12 өлкөнүн аскерлери катышып, өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүштү. Өлкөбүздүн командасы да бул мелдешке катышып, 7-орунду багынтышты.

КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Орусиянын массалык маалымат каражаттары «бул мелдешти ойлоп тапкан адам – Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу» деп айтып келишет. Аскерлердин мыкты даярдыкта болуусу үчүн жана жаштарды аскердик кызматка кызыктыруу максатында иштелип чыккан.
Бирок мындай танктар арасындагы сынактар мурда деле өткөрүлүп келген. Алсак, НАТО уюмуна кирген өлкөлөр арасында 1963-жылдан 1991-жылга чейин «Канада армиясынын кубогу» аттуу мелдеш жүргүзүлүп келген. Ошондой эле радиобашкаруусу бар танктардын моделдеринин мелдеши «танк биатлону» деген аталышта 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Ушундай алкактагы танктар арасындагы эл аралык мелдеш өткөн жылы ушул эле Алабино полигонунда 4 өлкөнүн катышуусунда болгон. Андагы мелдештин жыйынтыгында үй ээлери жеңүүчү аталышкан.

АЛГАЧКЫ ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУК
Быйылкы мелдеш Дүйнө чемпиондугу статусун алып, ага үй ээлеринен тышкары Ангола, Армения, Беларусь, Венесуэла, Индия, Казакстан, Кытай, Кувейт, Монголия, Сербия жана Кыргызстандын курама командасы катышты. Бул командалардын 10у мелдешке үй ээлери тарабынан берилген Т-72Б танктары менен катышса, Кувейт жана Кытай өздөрүнүн танктары менен келишти.
Мелдеш алкагында командалар тарабынан жер жана суу үстүндөгү тоскоолдуктардан өтүү, 900дөн 2200 метрлик аралыктагы бутаны ар түрдүү снаряд менен таамай атуу керектелди. Танк биатлону лыжа биатлонундагыдай эле жеке жарыш, спринт, кубалашып жарышуу жана эстафетадан турду. Бүйүр кызыткан мелдешке жалпысынан 70 миңден ашуун көрүүчү көз салышты.

ЖЕКЕЛИК ЖАРЫШ
Мында ар бир экипаж 7 чакырым аралыкты басып өтүү керек эле. Бул аралык ичинде танкисттерди ар түрдүү тоскоолдуктар күтүп жаткан. Атайын жасалган өткөөлдөр, терең казылган чуңкурлар, танкка каршы казылган аңгектер жана башка... Бутага атуучу жерден үч түрдүү снаряд менен атып жатышты. Жаза аткандарга жана минага кабылгандарга айып убактысы кошулуп жатты. Биздин танкисттер бул турда атаандаштардан кем калбай жарышып, 5-орунга татыктуу болушту.

СПРИНТ
Бул этапта ар бир экипаж 3 чакырымдык айлампаны 2 жолу басып өтүп, кийинки айлампада бутага атуу керек болчу. Жаза аткандарга кошумча 500 метрлик аралыкты өтүшү шарт эле. Мында биздин экипаж 3-орунду камсыздай алышты.

КУБАЛАШЫП ЖАРЫШУУ
Кубалашып жарышуу этабында 4 чакырымдык 3 айлампаны басып өтүп, танкисттер ар бир айлампада түрдүү снаряддар менен бутаны атып жатышты. Ар бир бутага жаза тийгени үчүн 500 метрлик жаза айлампасы ыйгарылып жатты. Бул этапта биздин команда бир жерден ката кетирип алып, акыркы орундарга илинүүгө аргасыз болду.

ЭСТАФЕТА
3 этапта чогулткан упайлары эсептелип, 4 мыкты команда гана финалдык беттешке – эстафетага катыша алды. Ар бир командадан 1 танк жана 3 экипаж мүчөсү чыгып, анын ар бири 4 чакырымдык 3 айлампаны басып өтүштү. Тилекке каршы, бул финалдык этапка кыргызстандык экипаж упайлар жыйынтыгында илинген жок.

КЫРГЫЗСТАН ЖЕТИНЧИ ОРУНДА
Мелдештин жыйынтыгында коло байгени Кытай, 1-2-орундарды Орусия командалары камсыздашты. Армиясы күчтүү Орусия, Кытай жана башка дөө-шаа мамлекеттердин арасында татыктуу жарыш көрсөтө алган Кыргызстан курама командасы 7-орунга илинди. Бул Дүйнөлүк чемпиондукта өлкөбүздүн курама командасында жалпысынан 19 аскер болду. Команданын башында полковник Андрей Ли турса, команданын башкы машыктыруучусу подполковник Мурат Матраимов болду.

МУРАТ МАТРАИМОВ, команданын башкы машыктыруучусу:
– Бул мелдешке Орусиянын расмий чакыруусу менен катыштык. Өткөн жылы күз айларында атайын кат келип, мелдешке 2014-жылдын январь айынан тарта даярдана баштаганбыз. Командада 12 адам болду. Толук кандуу 4 экипаж, анын ар биринде 3төн танкист. Алардын үчөө негизги экипаж болсо, бирөөсү запастагы экипаж. Дагы 3 адам техникалык жагын караса, 3 адам машыктыруучу болду. Биздин өлкө бул мелдешке катышары белгилүү болгондо эле танкисттер арасында сынак жүргүзүлө баштаган. Анда мыктылардын мыктысы аныкталган соң Балыкчыда сбор улантылды. Мелдеш тууралуу айтсам, Алабино полигону биз машыгууларды өткөрүп жүргөн полигондорго эле окшош экен. Командалардын техникалык жабдууларын үй ээлери өздөрү камсыздашты. Жарыштарга Т-72Б танктары менен катышып жаттык.
Кандай гана мелдеш болбосун, анда жеңиш үчүн бардык аракетти жумшаш керек. Биздин командада өз ишин мыкты билген анык профессионалдар чогулган. Ошондой эле жигиттерибиз ар кайсы сынактарга катышып, тажрыйба топтоп келген аскерлер. Сүрдөнүүлөр, албетте, болбой койгон жок. 3 этаптын жыйынтыгында 3-орунда келе жатканбыз, акыркы жарышта бир катанын айынан арткы орундарга жылып, жыйынтыгында 7-орунга илинип калдык. Келечекке чоң тажрыйба топтодук, кийинки мелдеште алдыңкы үчилтикке киргенге аракет кылабыз.

СУЛАЙМАН ЭМИЛБЕКОВ, 1-экипаждын мүчөсү:
– Мен Ош шаарындагы 36-806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөйм. Командага сынактан өтүп кошулуп калдым. Мелдеш абдан кызыктуу өттү. Ошондой эле биздин команда татыктуу жарыш көрсөтө алды деп айта алам. Жарыш алкагында башка командадагы танктар керектен чыгып калып жатса, биздин экипаждар орой ката кетирбей марага келип жаттык.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
demo009
2014-08-25 12:00:32
Буюрса баары жакшы болот.
0
ayakosya
2014-08-25 17:23:29
3 орунду алганда сонун болмок
0
Dalil
2014-08-26 18:15:07
Кайсы олколор канчанчы орун экенин катары менен жазсанар сонун болмок.
0
asiret
2014-08-27 17:05:39
видеосу барбы
0
Lexus-2014
2014-08-28 09:47:50
kanday alyp bardy eken dep ele oylontam desener tanktardy /
0
Мэри
2014-08-28 11:54:14
Бул оюндун максаты эмне, башка спорт түрүндө го ден соолук чыңдоо деген башкы нерсе бар, а мында эмне, курал-жарактарын көрсөтүп мактануубу ))) же сынообу?
Танк эмне менен жүрөт, ага канча күйүүчү май кетет, аны кантип жеткиришти ал жакка... Ушундай нерселерге акча коротуп кереги барбы дейм да же кызыкпы...
0
zhookaev
2014-08-28 13:42:26
Мэри, Биринчиден танктарын оздору беришиптир бийкеч
0
ooki8888
2014-08-28 21:43:16
Мэри, Ээх мэри мэри, тушунугундон сенин.
-1
Pudovkin.
2014-08-28 16:30:18
Азаматсынар татыктуу эле орундарды алышыптыр акыркы турга илешпей калганы эле болбосо, эми бара такшалышат буюруса
0
Manasemetei
2014-09-01 03:25:49
Mэри.andan koro suiunson bolo.orustar jakwy kylyptyr tanktardan beri berse.kiiinkisinde jenebiz sozsuz.alga KG
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан