Кытайдын Нанкин шаарында жаштар арасындагы 2-Жайкы Олимпиада оюндары старт алды. 16-28-август аралыгында өтө турган мелдеш алкагында жалпысынан 31 спорт түрүнөн 88 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын намысын коргогону 7 спортчу аттанган. Булардын ичинен ок атуу боюнча Дмитрий Гутник 17-орунга илинсе, дзюдочу Ростислав Дашков күмүш медалга татыды. Мындан тышкары бул мелдеште ат оюндары боюнча Игорь Козубаев, каноэ жана байдарка менен жарышууда Кирилл Бондарь, оор атлетикадан Курсант Төлөнов жана беш түрлүү айкалышкан спорттон Валерия Уварова менен Родион Хрипченко аттуу спортчуларыбыз күч сынашат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg