Быйыл Кыргызстанда бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнөлүк чемпиондук орун алат. Ысык-Көлдө өтүүчү чемпиондук 23-августта 18 жашка чейинкилер арасында башталса, 27-31-август күндөрү чоңдор арасында оюндар өтмөкчү. Бул чемпиондукка дүйнөнүн мыкты делген бильярдчыларынын келиши күтүлүүдө. Кыргызстандын курамын Каныбек Сагынбаев, Зайлан Адамов, Кубанычбек Сагындыков, Канат Сыдыков жана жаштардан Дастан Лепшаков, Ызат Ратбеков менен Улукман Карагулов түздү.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg