Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Элеттин бейгам тирилиги канына сиңип, ошого жараша баёо өскөн Шерали ордонун шаани-шөкөтүнүн, сылык зыяпатынын арасында өзүн жоготуп, акырет жөнүндө ыйлап, кеп урган кишилердин үрөйүнө, ширин тилине багынып, алтын буюмдарды балача кармалап таңыркап, жоош момун хан чыкты.
Амир Насурулла Фаргана колунан кайра чыгып кетишине эч келише алган жок. Дагы бүт кошуунун баштап кирди да, оболу Оро-Төбө вилаетин алып, анан Кожон вилаетин каптап өтүп, бат эле Кокондун өзүн камап келди.
Кокондуктар катуу коргонду. Каардуу Насурулла чапчаң кырк күнү тыным бербей, бүт күчүн кумурскадай жабылтып, дубалга тырмыштырып, тогуз жолу катуу кысым жасады. Тогуз жолу тең мизи кайтты. Эмне кылуу керек? Үшү тайып ал амал жолуна өттү. Ордого элчи жөнөттү. Анын милдети Кокон ордосунун ээси кайдагы бир көчмөн эмес, Шерали экендигин анын эсине салуу. Бухара-и-Шарифтин адил амираны кара өзгөй көчмөндүн колуна зордукталып кеткен ата мурас бийлигин Шералиге толук алып бериш үчүн гана алыстан келип тургандыгына ишендирүү, коргонуучулардын биримдигинен эптеп бир жарака издөө болду.
Бирок Амир Насурулланын элчиси көздөгөнүнө жетпеди. Хан менен көзмө-көз сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Амирдин атынан келген катты окушарда ал туталанып кетти:
– О, өкүмдар! Дуба-и-салам жалгыз өзүңүзгө гана арналган эле!
Баятан бери жука эрдин бек кысып отурган Нүзүп жарылып кетти:
– Шады! Токтот! Окуба жашырын болсо!
Каттын ичинде эмне барын Нүзүпкө окуп отуруунун кереги жок эле. Ал сыйлуу атанын көпкөн уулу тууралуу икая айтып берип, «түшүндүңбү, элчим?» деп калды. «Амир Насурулла катылар кишисин таанып туруп катылсын» дегени эле.
Элчи Абусатар Калпа буга чыдабай:
– Аталык! Динисламдын зулпукору Насурулла баатыр-ханга бул тамсил өтө пастык кылат!- деп жиберди.
Нүзүптүн кашы көтөрүлө түштү:
– Эмне? Пастык кылат? Сен амириңдин ким экенин билесиңби? Насурулла амир эмес, Насурулла бир кара өзгөй! Кайсы атасы өкүмдар болду эле? Самаркандын, Букаранын ээси ким? Амир Темир! Мына, Амир Темирдин тукуму!- Нүзүп Шералини сөөмөйү менен көрсөттү. – Мына мураскору! Насурулла камалаганды коюп, бирөөдөн дубай-салам жибергенди коюп, өзү жөрмөлөп келсин Шерали хандын алдына! Уктуңбу? Камчысын моюнуна салып келсин!
Шерали желдеттердин колуна салып берип, жүзүнөн бүт сыры күбүлүп, бутуна жыгылып түшкөн элчини желдеттер сүйрөп жөнөгөндө Нүзүп арачы түштү.
– Элчиге өлүм жок, жаныңдын арачысы ошол. Насурулла көп эсирбесин, төшү түктүүгө жолугат. Муну айтып бар. Бухаранын анык ээси Шерали хан. Муну да айтып бар.
Ошол түнү Нүзүп шаардын коргонуу башчылыгын Мусулманкулга тапшырып, өзү Насурулланы ачык салгылашууга тартмакчы болуп Кокондон чыгып кетти. Муну уккан Насурулла дагы элчи жиберди. Шерали менен кандай болсо да эптеп бир шартнама түзө салып, Нүзүптүн аталыгын жоюп жиберүүгө үмүттөнгөн. Ал аракетинен майнап чыкпады. Шерали Нүзүп жокто анын элчиси менен сүйлөшкүсү келген жок. Үтүрөңдөп ачуусу келип Мусулманкулду чакырды да, «Муногуну көзүмө көргөзбөй кетирчи!»- деп жиберди.
Коконду алыштан эми түңүлдү Насурулла. Анын жоктугунан пайдаланып Хива ханы Бухарага каршы ниеттенип, кыймылдап калыптыр деген кабар келип жеткенде жүрөгү атып кетти да, тез артка чегинип жөнөп берди. Бул учурда Нүзүп кошумча күч топтоп, он миңдей атчан менен жолду бөгөп калууга үлгүргөн эле. Нечен жылдар бою кураган, куралдандырган, таптаган Бухара амиратынын даңктуу кошууну ошол бир күндө быт-чыт болду. Амир Насурулла жарымына жакынын араң куткарып чыгып, артын карабай жүрүп кетти. Нүзүп ордого дагы салтанат менен кирди.
Ушундан соң ордо мурдагы чектерди калыбына келтирүүгө киришти. 1843-жылы Шералинин экинчи уулу Мала бекти жанына алып, Нүзүп Ташкенге жүрүш жасады. Ал кезде Ташкенди дагы эле Бухара амиринин атынан Ма-Шериф деген бирөө бийлеп турган. Ма-Шерифтин аскерин талкалап, өзүн колго түшүрүп, Нүзүп шаарга жаңы бек коюп кайтты.
Көп өтпөй Амир Насурулланын тукуруусу менен Алим хандын Самарканда жан сактап жүргөн уулу Ибрагим бек жигит курап, так талашып, Кокон хандыгынын чегине өтүп, Лейлекке келди. Нүзүп боюн качырып, бул жаңжалга түздөн-түз катышпай, баягы Таластан бери аттанарда Шералиге Ажыбай датка кошуп берген Сыйдалы бекти арбын кол менен жөнөттү. Ал капыстан барып, азгантай ээрчиген жигиттерин кууп салып, Ибрагим бектин өзүн колго түшүрүп келди.
Тактынын экинчи мураскорун сактап отуруу керекпи? Мындай учурда бир гана жол бар. Тезинен көзүн жоюу керек. Нүзүп мунун баарын билип турду. Бирок түз өзү буйрук бергиси келбеди. Не кылган менен хан тукуму Ибрагим бек, болгондо да бул хандыктын пайдубалын тургузган атактуу Алим хандын баласы. Аны өлтүртүп канын, доосун мойнуна алгысы келбеди. Тактыда Шерали отурат. Өлтүрсө өзү өлтүрсүн, канын, доосун бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да өзү тартсын. Киши өлтүрүүгө өз алдынча буйрук берип көрбөгөн Шерали «өлтүрбөй койсо эмне болот, жүрө берсин да бир күнүн көрүп...» деп шалдырады. «Өзүң бил. Тууган сеники. Душман сеники. Сенин тагыңды талашат. А так дегени бирөө. Же сенде калышы керек, же ал сенден бир күнү тартып алышы керек. Аны өлтүрбөсөң, бир күнү ал сени өлтүрөт. Бийликтин иши ушул...» Акыры «башка жерде өлтүргүлө, менин көзүм көрбөсүн» деп суранды. Мунусу хандын буйругундай эмес, бир жалдыроо сыяктуу болду. Ибрагим бектин башы Япан деген бир чет кыштакта алынды.
Башта эле «бош» атыгып жүргөн Шералиге ушул окуядан кийин «атала», «шавла» деген кеп жабышты.
Нүзүп өз билгенинче хандыктын иштерин жөнгө салууга киришти. Улам талоонго кабыла берип өлкөнүн отурукташкан катмары, чек арага жакын шаарлар көп жапа көрүп, эгин айдалбай, соода жүрбөй, жалпы жакырлануу башталган эле. Нүзүп эгинден казынага алынуучу, соодадан алынуучу салыктарды керектүү убакка чейин деп токтотту. Эптеп эле бир шылтоо таап, казынаны талап турган амалдарды катуу теске салды. Ордонун өзүнүн да обу жок чачына берүүсүн тыйды. Казынаны аёосуз соруп жаткан дагы бир курсак бар эле. Ал – казынанын мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча аскер тутуп туруу. Нүзүп иш жолунда буга да келип урунду. Жортуул жок, камоол жок, жаак көп. Аскердин уюткусун гана сактап калды да, кооптуу болгонуна карабай калганын таратып жиберди. Өзүнө караштуу жүздөрдөн Абил жүзбашыны башчы кылып, жанына алып жүрүү үчүн тандап жүз гана жигит алып калды. Түтүнгө атчан, түтүнгө куралдуу элет эли керегинде жер түтөтүп тоодон куюгуп чаап түшүп келе берет деп болжоду ал.
Өңгөсүнө кайыл болсо да мурунку өкүмдарлардын убагында хасаги болуп (жеңилдик алып) жаман көнүп алган бектер, амалдарлар, казыйлар казынадан бир, элден бир түшүрүп алып турган кирешелерине чек коюлушуна, а күндө сайран кылып кечкиртип жашаган ордо кишилери оюну, шааниси болбосо ордо болчубу дешип, артыкбаш оюн-зооктордун тыйылышына ыраазы болушпады. Көп душман арттырып алганын Нүзүп билип эле жүрдү. Бирок өз кубатына, укугуна ашыкча ишенип, эч чоочунуп койбоду. Ушундан акыры мертинерин так билген күндө да, ал бул жолунан кайтпайт болчу. Көчмөн тирилигине эң зарылынан тышкары, артыкбаш, пайдасы жок шаани-шөкөттү билбей өсүп, ошого адаты, акылы ылайыкталып калган киши бу менен эч келише алмак эмес.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан