Дүйшөнбек Зилалиев: «КЕН КАЗУУ БОЮНЧА ТҮШҮНҮГҮ ЖОК АДАМДАР МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛА ТУРГАНЫНА ТАҢ КАЛАМ»

Өлкөбүздө кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү жаатында маанилүү ролду ойногон Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги бар. Туура 1 жыл мурун аталган агенттикке жаңы жетекчи келген эле. Биз бул сапар анын буга чейинки кылган иштери, алдыдагы пландары тууралуу маек курдук.

ЗИЛАЛИЕВ ДҮЙШӨНБЕК ТЕКШЕРБЕКОВИЧ
Үй-бүлөсү
– 1 уул, 1 кыздын атасы. Жубайы Жамиля татар кызы, экономика илимдеринин кандидаты, ЖОЖдордун биринде доцент болуп иштейт
Үй-бүлөдө – 4 бир тууган. 4 уулду татыктуу өстүргөн ата-энеси менен сыймыктанат
Хоббиси – Эртең менен чуркаганды, китеп окуганды жактырат, бирок акыркы убактарда ага колу тийбей жүрөт
Кантип эс алат? – Жакын достору жана үй-бүлөсү менен тоого чыгып эс алууну жактырат

– Дүйшөнбек Текшербекович, мындан туура бир жыл мурун сиз Мамлекеттик геология агенттигинин директору болуп дайындалдыңыз эле. Бул убакыт ичинде эмнелерге жетише алдым деп ойлойсуз?
– Ооба, 1 жыл мурда ведомство үчүн өтө оор учур болчу. Мен келген учурда акыркы бир нече жылда бул агенттиктин үстүнө үйүлгөн коррупциялык чыр-чатактар, эмгек жамаатынын дээрлик жарымы жазык ишине тартылганы, ошондой эле башка көйгөйлөр көп эле. Мындай кыйын шартта иштөөнү душманга да каалабайм. Эмгек жолумдун башталышында жамааттын мага ишенбестигине туш болдум, анткени мен бул чөйрөдө эмес элем. Ушул себептен менин кызматка дайындалганымды геологдордун жана тоо-кенчилердин кесипкөй коомчулугу кылдаттык менен кабыл алды. Ошондуктан блокадалык шарттарда ишти баштадым деп айтсам да болот.

– Анан кантип жамаат менен тил табыша алдыңыз, ишти эмнеден баштадыңыз?
– 1 жыл ичинде бир нече жылдан бери топтолуп калган көптөгөн көйгөйлөрдү чече алдык деп оптимисттик көз карашта айтууга болот. Мен ачыктыкка басым жасадым жана жаңылган жокмун. Ачыктык бардык жерде болду: Кадрлар боюнча чечимдер, өтө коррупцияланган жана чыр-чатактуу делинген лицензия берүү процесси, керек болсо кызматчыларды сыйлыкка көрсөтүү сыяктуу процесстер, чет өлкөлөргө иш сапарга жиберүүгө, дагы көптөгөн маселелерге адилет мамиле кылуу. Азыр эмгек жамаатынын турмушуна тиешелүү маанилүү маселелерди жалпы чогулушта биргелешип чечүү калыптанып калды.

– Коррупцияга каршы багыттар боюнча эмне жасай алдыңыз?
– Коррупцияга каршы күрөшүүдө олуттуу жылыштар бар. Бул мактангандык эмес, геология агенттигинде бул багытта жакшы жылыштар бар экендиги жөнүндө кен казуучулардан көптөгөн жакшы пикирлерди алып жатам. Албетте, 20 жылдан ашык убакыттан бери тамырлашып кеткен нерседен бир жылда эле кутула албайсың.
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн, айрыкча лицензия берүү маселесинин алкагында бул процесстердин ачыктыгына жана акыйкаттыгына басым жасадым. Өткөн жылы лицензия берүү комиссиясынын жыйындар залына видеокамераларды койдук, комиссиянын иши коңшу жайдагы монитордо онлайн режиминде көрүнүп турат. Ким кааласа, реалдуу убакыт режиминде комиссияда кандай чечим кабыл алынып жатканына байкоо жүргүзө алат. Кыргызстандагы бир дагы мамлекеттик органда лицензия берүү процесси бүгүнкү күндө ушундай ачык өтпөй турганын айта алам. Мындай ыкма комиссиянын мүчөлөрүн тарбиялайт, аларды көптөгөн азгырыктардан баш тартууга мажбур кылат. Мындан ары биз лицензия берүү комиссиясынан баш тарткыбыз келет, башкача айтканда, кен иштетүүчүлөр менен байланышты минималдаштырууга максаттуу түрдө бара жатабыз.
Ошондой эле «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр топтомун киргизүүгө жетише алдык. Ал кен казуу жаатындагы бир нече механизмдерди жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган. Эми ал мыйзамга өзгөртүүлөрдүн экинчи топтомун даярдоо боюнча ишти баштадык, ал концептуалдык мүнөздү камтыйт. Кен иштетүүдөгү маселелерди жөнгө салууда бир катар өлкөлөрдүн (Түркия, Монголия, Финляндия, Чили жана башка) алдыңкы тажрыйбаларын окуп-үйрөндүк жана экинчи жарым жылдыкта коомдук угууга алып чыга турган кызыктуу идеяларыбыз бар.
Биздин демилгебиз менен агенттик көзөмөлдөөчү органдар тизмесине киргизилди. Бул бизге эмне үчүн керек экендигине түшүндүрмө бере кетсем. «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесинде каралгандай, агенттик жер казынасын коргоо боюнча функцияны ишке ашырат. Бирок биз аны практикада жүзөгө ашыра алчу эмеспиз. Анткени биздин мындай ыйгарым укуктар мыйзам алдындагы актыларда каралган эмес. Жер казынасын коргоо – кен иштетүүнү жөнгө салууда өтө маанилүү багыттардын бири. Тилекке каршы, тоо-кен ишинде жер казынасын уурдап-тоноого кен казуучулардын мүмкүнчүлүгү бар кырдаал түзүлгөн, ал эми натыйжалуу мамлекеттик көзөмөл азыркыга чейин жок. Мындай жагдай ак ниеттүү иштебеген кен казуучуларга жана биздин колу таза эмес кызматчыларыбызга да жакса керек. Бул жерде катуу тартип зарыл, алдыда компромисске барбай турган күрөш турат.
Бүгүнкү күндө аукциондордон жергиликтүү жана мамлекеттик бюджетке
2,5 миллион АКШ доллары түшкөн. Мындай көрүнүш Мамлекеттик геология агенттигинин тарыхында болгон эмес. Эми элестетип көрсөңүз, буга чейин канча деген акчалар таза иштебеген чиновниктердин чөнтөктөрүнө түшүп турган.
Мамлекеттик геология агенттигинин ишинин маанилүү багыттарынын бири – республиканын минералдык-чийки зат базасын толуктоо болгон. Тилекке каршы, ал азыркы учурга чейин дээрлик колдон чыгарылган. Эгемендүүлүк жылдарында бир гана кен чыккан жер бар эле, ал дагы жеке компания тарабынан ачылган. Биз акыркы 20 жылдан ашык убакыттан бери совет мезгилинде чалгындоо жүргүзүлгөн жана баланска коюлган нерсени гана сатуудабыз. Иштин бул абалына жол берилбеши керек. Мамлекет тарабынан геологиялык издөө иштерин каржылоону бир нече эсеге көбөйтүү жалгыз туура жол болууда.
Акыркы 5-6 жылда издөө иштерине мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү сумма эч өзгөргөн жок, ал 35 миллион сомдун тегерегин түзөт. Биздин адистердин эсеби боюнча каржылоону эң аз дегенде 3 эсе көбөйтүү керек, антпесе биз мамлекет тарабынан геологиялык чалгындоону толук жоготуунун алдында турабыз. Кол жайып эле отурган жокпуз. Биринчи жарым жылдык үчүн өткөрүлүп жаткан аукциондордон келип түшүүчү каражаттардын бөлүгүн агенттигибиздин атайын эсебине которуу жолу менен 10 миллион сомдон ашык сумманы өз алдынча иштеп таба алдык. Бирок бул каражаттарды бөлүштүрүү механизми татаал бойдон калган. Бир нече айдан бери ал каражаттан биздин геологиялык экспедицияларга бир дагы сом бөлүп бере албай жатабыз, ал эми талаа иштеринин мезгили өтүп жатат. Өкмөткө каражаттарды бөлүштүрүү механизмдерин жөнөкөйлөтүү тууралуу сунуш киргизгенбиз, ага өкмөт колдоо көрсөтөт деп ишенем.
Дагы бир түйшүктүү тема – компаниялардын ишине жергиликтүү калктын каршы туруусу. Мисалы, Кадамжай районундагы Шамбы-Сай, Бакай-Ата районундагы Шыралжын, Панфилов районундагы Чолок-Кайыңды жана башка кендер. Жергиликтүү калктын негизги расмий нааразычылыгы – бул экологияга келтирилип жаткан зыян деп айтылууда. Бирок бардык аталган кендер геологиялык издөө же чалгындоо стадиясында турат. Бул стадияда химиялык реагенттер колдонулбайт, ошондуктан эч кандай зыян болушу мүмкүн эмес.
Жакында эле Шыралжын кени боюнча ведомство аралык комиссия ишин аяктады, ага ар кандай багыттагы: техникалык жана экологиялык коопсуздук, ветеринария, санэпидемстанция жана башка боюнча мыкты адистер кирген. Комиссия мүчөлөрү ошол жердеги топурактын, суунун, абанын үлгүсүн, ошондой эле малдын жана жергиликтүү калктын анализин алган. Бул иш-аракеттер кен иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү активисттердин катышуусу менен жүргүзүлүп, видеокамерага да тартылган. Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия бардык көрсөткүчтөр ченемде экендигин жана кен иштетүүдөгү чалгындоо иштери эч кандай зыян тийгизбейт деген тыянакка келген.
7-июлда Бакай-Ата районуна бардык жана комиссиянын ишинин натыйжаларын аларга билдирүү максатында эки айылдын жашоочулары менен жолугуштук. Тилекке каршы, эл кен иштеринин андан ары иштешине каршы чыгышты, анын себептери түшүнүксүз болууда. Ошентсе да оң жылыштар бар. Чогулуш аяктагандан кийин мага эки айылдын жаштарынын жана аксакалдардын арасындагы активисттер келип, компаниянын ишин токтотпоону суранышты жана өздөрүнүн оппоненттеринин пикирин өзгөртүүгө аракет кыларын билдиришти. Бул кубанта турган кеп.
Биз калк арасында жүргүзүлүүчү түшүндүрүү иштерин токтотпойбуз. Агенттикте түшүндүрүү иштери менен түздөн-түз иш жүргүзүүчү атайын бөлүм түзүү үчүн штаттык бирдиктерди көбөйтүү тууралуу демилге көтөрдүк. Түшүндүрүү иштери жалгыз гана туура жол экендигине терең ишеним бар. Албетте, бузуку күчтөр тарабынан жагдайды жасалма түрдө курчутуу учурларын эске албаганда. Эгерде каршылык көрсөтүүдө кимдир бирөө мыйзамды аша чапса, коомдук тартипти бузса, анда ал жооп берүүгө тийиш. Жазаланбастык өз билемдикти жаратат, бул аксиома.
Биздин ишибиздеги кийинки маанилүү багыт – укуктук ченемдерди чыгаруу. Тилекке каршы, Геология агенттигинде көптөгөн ченемдик актылар эскирген жана бүгүнкү күндүн чындыгына дээрлик туура келбейт, ведомствонун ишине тоскоолдук кылат. Ушул жетишпестиктин бардыгын жоюп жатабыз. Бул түйшүктүү иш экенин юрист катары айтып кетейин.
Дагы бир чоң көйгөй – бул кадрлар. Мен «кадрлар бардыгын чечет» деген сөздү колдоймун. Бирөөнү жамандагым келбейт, бирок бизде кадр саясаты баш аламан болчу. Мурун агенттикте ыңгайлуу шарттар жок, эмгек акы мышык ыйлагандай эле. Анан ким ушундай органга иштегенге келсин?! Пара алып байыгысы келгендер гана барчу. Ошондуктан мен тараптан кадр курамын бекемдөө боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Баарынан мурда кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болду. Кыргызстандагы кен казуу жерлери жана өлкөнүн артыкчылыктуу долбоорлору жөнүндө эч бир түшүнүгү жок кызматчыларга жана алардын ар кайсы лицензиялар боюнча маанилүү чечим кабыл ала турганына таң калгам. Ошондуктан бардык кызматчыларды «Кумтөргө», Талдыбулак Сол жээкке (Левобережный) жана Бозымчакка таанышуу сапарына жиберүү чечими кабыл алынган. Андан кийин биз жамаат менен бирге бул сапарларды талкуулайбыз. Мындан тышкары чет өлкөлүк тажрыйбаны жигердүү пайдаланып жатабыз. Ушул жыл ичинде биздин кызматчылар Орусияга, Финляндияга, Кытайга, Түркияга, Монголияга, Эфиопияга барып келишти. Бардык жакшы тажрыйбаларды биздин ишибизде этабы менен жүзөгө ашырууга, ошондой эле Геология агенттигин жаңыча форматта түзүүгө даярдык көрүүдөбүз.

– Тоо-кен казуу тармагында кызыкчылыктар кагылышары жашыруун эмес. Мындай учурда кандай кыласыз?
– Бул суроо таамай айтылды. Чындыгында бул тармакта олуттуу адамдардын жана башка топтордун кызыкчылыктары аффилирленгенин же болбосо ачык билдирилгенин жашырбай эле койсом. Мына ушулар иреттүү ишке тоскоолдук кылат. Анткени көп учурда жогору турган персонаждар өзүнүкүн гана туура жана алардын маселелерин токтоосуз, биринчи кезекте чечүү керек деп эсептешет. Мындай учурда мен бир гана принципти сактайм, ал – мыйзамдуулук. Аларга «эгерде мыйзамсыз иш үчүн мени камакка алса, мен, менин үй-бүлөм жөнүндө эстейсиңерби?» деп ачык эле айтам. Мындай жооп алардын кызуусун басат. Ушундай баш тартуу менен көп эле каршылаштарды таптым десем болот.

– Аны эмнеден байкаса болот?
– Бул нерсеге кеңири токтолгум келбейт. Эң эле кеңири таралган ыкма – жетекчилик жана коомчулук алдында мен тууралуу жалаа таратуу. Мен өз ар-намысым менен жашайм, ошондуктан корко турган эч нерсе жок. Жараткандын алдында бардыгыбыз жооп беребиз. Ал эми кас адамдардын кылганын эстеген сайын чыйраласың.

– Алдыга койгон пландарыңыз...
– Мен алыска көп карабайм. Бирок ушул жылдын аягына чейин көп иш жасоого туура келет. Жогоруда өз пландарым менен тааныштырдым: Баарынан мурда «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр топтомун демилгелөө, тармакты өтө натыйжалуу жөнгө салууга мүмкүндүк берген бир катар башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, республиканын тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү стратегиясын сөзсүз түрдө кабыл алуу, геология агенттигинин кадр потенциалынын деңгээлин жогорулатуу, ачык сынактарды жана аукциондорду өткөрүүнү улантуу жана аларды өткөрүү механизмин өркүндөтүү, ошондой эле башка иш-чаралар. Жыйынтыгында мунун бардыгы кен казууну сапаттуу өнүктүрүүгө жаңы дем бере турганына ишенем. Бул тармакта чоң потенциал бар, аны биз ачып берүү менен бирге жакынкы убактарда жүзөгө ашыруубуз керек. Эмнеси болсо дагы жакынкы жылдарда алтындын гана эмес, башка 5-6 ири жана орто кен казуу жайларын ишке киргизүүгө кудуретибиздин жетерине ишеним бар. Бул учурда биз тоо-кен өнөр жайы чөйрөсүндө мүмкүнчүлүгүбүздү ишке ашыра алабыз. Бүтүндөй өлкөнүн экономикасы бир гана ишканага көз каранды болушу туура эмес жагдайды жаратууда.

– Геология агенттигин министрлик кылып кайра түзүү тууралуу пикирлер да айтылып калат. Бул тууралуу сиздин оюңуз...
– Буга туура көз караштамын. Бардыгыбыз түшүнүп тургандай, тоо-кен өнөр жайы өлкөнүн экономикасынын алдыга жылдыруучу күчү, локомотиви болууга тийиш. Ал эми азыркы учурда бул тармакты жөнгө салуучу орган жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ эмес болсо, анда натыйжалуулук жөнүндө сөз кылууга да болбойт. Бул менин жеке каалоом эмес, бул мезгил талабы.

– Пландарыңыз көп экен, алардын бардыгын ишке ашырууга үлгүрөсүзбү? Күзүндө өкмөт отставкага кетет деген да сөздөр айтылууда...
– Өкмөттүн отставкага кетиши боюнча эч нерсе айта албайм. Мен кайсы учурда болбосун кетүүгө даярмын. Мамлекет башчысынын мага ишенип, ушундай кыйын ишти тапшырганына ыраазычылык билдирем. Өлкө башчысын дагы, өзүмдү дагы уят кылбаганга аракет кылам. Бир нече процесстерди ишке киргиздик, алар жемиштүү иштеп, жакын арада жакшы натыйжаларды бере турганына үмүттөнөм. Ошондуктан таза жана ак ниетим менен кетем. Мен бул кызматты сатып алган эмесмин жана ал мага мураска калган эмес.

– Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан