(Башталышы өткөн сандарда)
Назик! Кантип эле ошондой болсун? Канчалык көңүлүмө күдүк түшсө да, мен ушул ойду ойлогум келбей турду. Балким, бул дал келүүдүр... Кантип эле бир боорумдай болгон жан ушундай кадамга барсын? Муунтуп сала турган жерден ачууңду кылк жутуп, көз жашыңды көрсөтпөй ыйлаган азап экен. Далың менен жаныңдай жакшы көргөн адамыңдын тыноосун сезип, ага бурулуп жакшы сөз айта албаган же сүйөрүңдү билбей, же басып кете албай чайналганың кыйноо экен... «Азап адамзат менен кошо төрөлгөн» деген балким, чындыр. Башка жыт менен келген күйөөңдүн жанынан качып кеткиң келип жатса да, эрдиңди кырча тиштеп чыдаганың кыйноо экен.
Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде апам айылдан келип калды. Апамдын бейпил жүзүн көрүү кандай бакыт. Неберелери бул жакта эле калып мен эркелеп жаттым.
– Каралдым, эмне өңүң купкуу? Бир нерсеге капа болуп жүрөсүңбү?
– Жок, апа, эмнеге капа болмок элем?..
– Тиги бейбак Кыргызстанга келген тура, ээ?
– Ким?- жүрөгүм шуу дей түштү.
– Назик. Айылга укмуш машине тээп барыптыр. Апасы кошуналарды чакырып чай бергенден улам барган элем. Тим эле суналган сулуу кыз болуптур. Жанагы Америкедеги жашап
жүргөнү ээрчип келбептирби?..
– Жок, аны менен ажырашып кеткен окшойт.
– Курган кыз 6-7 жылын бекер кетириптир да. Эми апасынын чекесин жылытып чай бере турган кудагыйлуу кылса экен... Берки Жанара деги эле теле бетинен түшпөй мыкты чыкты. Бирок турмушка чыга албай жүрөт окшойт, ээ? Байкуш кызга боорум ооруйт. Ал дагы айылга жолой албай жүрөт. Баса, Эмир айылга келди.
Апамды башымды шак көтөрүп карап калдым.
– Эмир дейсизби? Ал кайдан келди?
– Орусияда жүрүп келиптир го. Чоңоюп, башкача болуп калыптыр. Ата-энеси «эми кетирбейбиз, аял алып беребиз» деп жатышат. Бирок өзү үн катпады, курган бала.
Эмирди угарым менен көз алдыма Жанара тартылды. Анын бир өмүрдө Эмирди сүйөрүн, аны унута албайм дегенин эстеп кеттим. Ошол замат эле балдарды апама таштай салып, Жанаранын үйүнө жөнөдүм. Өз оозум менен айтып, өз көзүм менен кубанычын көргүм келген. Бирок эки курбум биригип алып мага ор казып жатканын билгим келген эмес эле.
Жанаранын үйүнө баш бакканда эле далистен Назик экөөнүн чай ичип отурганын байкадым. Сөздөрү мага даана угулуп жатты.
– Назик, сен эми Дастанды колдон чыгарба. Эптеп кайырмакка илгенден кийин...
– Рахмат, курбум. Баары сенин жардамың менен болду. Буюрса, пландарыбыз ишке ашты. Эми Баян эки колун көтөрүп эле багынып берүүсү керек. Мен бактылуумун, Дастан менден кете албайт,- текебер жылмайган Назиктин көздөрү балбылдап турду.
Көзүм тунарып, жер көчүп бара жатты. Кантип буларды жер көтөрүп турат, эмнеге аалам аңтарылып келип чагылган булардын башына түшпөйт? Бул жарык дүйнөдө жакын бир боорум деген адамдар көр казып отурушса, анысы аз келгенсип жаныңдай жакын күйөөң көзүңө чөп салып... Эмне кылуу керек?..
Жамгыр шолоктой төгүп турду. Мен кайда барарымды, эмне кыларымды билбей, кең жолдо өпкөм көөп ыйлап бара жаттым. Жанымда машиналар шуу-шуу өтүп жатты. Бирок мен коркподум, өлүмдү көксөп, тилеп бара жаттым.
Ошол учурда кимдир бирөөнүн карылуу билектери колумдан алып жолдун четине чыгаргандай болду. Ким бул? Эмне тууралуу сүйлөп жатат? Эсимди жогото бердим.
Эсиме келсем керебетте жаткан экенмин. Жанымда бирөө тынчсыздана тиктеп отуруптур. Дастанга окшобойт.
– Сиз кимсиз?
– Колдогон периштеңмин,- деди тиги жигит жылмая. Чын эле периште окшойт, жылмайганы өтө сүйкүмдүү экен. Турганга аракет кылсам ал кармай калды.
– Машина менен келе жатсам теңселип жолдун четинде бара жатыптырсың. Машиналардын сигнал бергенин деле уккан жоксуң. Мен сени жинди же жанынан аша кечкен неме го деп ойлодум. Акыры чыдай албай түшүп келип билегиңден кармай четке тартсам, менин кучагыма жыгылдың. Эсиңди жоготуп койдуң окшойт. Мынчалык сулуу кыздын башына эмне түштү болду экен деп ойлонуп, сени тиктеп отургам.
– Рахмат,- дедим алсыз жылмая. Өлгүң келгенде жылмайганыӊ курусун. – Мен кетейин.
– Атың ким?
– Баян.
– Меники Алим, жеткирип коём азыр. Баса, жакындарың барбы?
Ох-х, ушул сөз талуу жериме тийди. Чын эле мындан кийин кимди жакыным деп айтам?..
– Балдарым бар. Бири 6да, бири 5те,- дедим жашымды жутуп.
– Охо-о, сендей жапжаш, супсулуу кызды эки баланын энеси деп эч ойлобойт экенсиң. Күйөөң бактылуу адам экен...
Туура, Дастан экөөбүз бактылуу элек. Ал менден башка аялды карайт деп эч оюма келген эмес. Акыры жаңы таанышым мени үйүмө чейин жеткирип келди. Башка эч нерсе
сүйлөшпөдүк, болгону, анын аяган көз карашын сезип жаттым. Үйгө кирсем баары тынчсызданып отурушуптур. Киргенде эле балдарым чурулдап басып калышты.
– Апа, кайда жүрдүң?
– Түрүң кантет, балам?
Добушумду угуп бөлмөдөн чыга калган Дастан экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Үн катпады, ичибизден түшүндүк. Менин карегимден биринчи жолу карегин жалтайлап ала качты. Айыбын ачык мойнуна албаганы менен, аны эч нерсе менен калкалай албай калганын түшүндү. Ошол күнү күйөөм экөөбүз ачык сөзгө өттүк.
– Мен ошондо ордумду курбума бошотуп берип чыгып кетишим керекпи?
– Жок.
– Анан кандай?
– Баян, мен өзүм да кыйналып жүрөм. Бир тарабымда балдар менен сен, экинчи тарабымда ал. Сага деген сүйүүм ак, бирок андан да баш буруп кете албайм. Баян, бир жанды экиге бөлүп салгандай абалда жүрөм. Анын жанында уятым жанымды кыйнайт, сенин жаныңда махабатым жүрөгүмдү мыжыгат. Эмне кыларымды билбейм.
Ушу сөз көңүлүмдү таарып өттү. О Жараткан, ким үчүн канатымды каккылап, ким үчүн жашап жүргөм? Дастан колкомо колун салып, жүрөгүмдү сууруп жатканын өзү да билбеди, сүйлөй берди.
– Сен Берметти төрөй турганда барбайм десем болбой өзүң жибердиң. Ал кезде менин деле көңүлүмдө жаман нерсе жок эле. Бирок мени тосуп чыккан убакта анын көркүн көргөндө сезимим ойгонду. Сулуулук мени мынчалык арбайт деп ойлогон эмесмин. Мурун эрке, чыргоо Назик башкача болуп өзгөрүлүптүр. Азамат болсо баңгиге берилип кетип, мага чейин эле ажырашышкан экен. Кечир мени, мен...
Мындан ары аны укканга дареметим да, күчүм да жетмек эмес, кыйкырып жибердим.
– Болду, жетишет! Айтпа, мага эч нерсе дебе...
– Баян, мен сени таштай албайм.
– Эмне, сүйүүң ушунчалык күчтүүбү? Мага деген кымындай сезимиң калса, ушу жолго барат белең? Эми сени кармабайм. Кет. Азыр ушул мүнөттөн баштап жашоомон кет!..
(Уландысы кийинки санда)