ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-августтан 31-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү кой жылдызындагылар үчүн оор болот. Андыктан жакындарыңызга жөндөн жөн жинденип, аларды таарынтып албаңыз. Шаршембиде бычак, вилка сыяктуу ашкана буюмдарын сатып алуудан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында бардык талантыңызды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Андан сырткары жаман адаттардан баш тартып, жаңы хобби табууга аракет кылып көрүңүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада каржылык жактан көтөрүлөм десеңиз, иште тез ойлонуп, маселени так чече билиңиз. Шаршемби күнү каралбай калган чарбагыңызды иретке келтирүүгө убакыт табылат. Жума күнү бир нерсеңизди жоготуп алсаңыз кайгырбаңыз, ордуна жаңы нерсе аласыз. Дем алышта жолугууга чакырган адам келбей калып, эс алууңуз ойдогудай болбой калышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чорт мүнөзүңүз менен жетекчиликке бир тийип, иштен айдалып кетишиңиз ыктымал, андыктан өзүңүздү көзөмөлдөй билиңиз. Шаршембиде автоунааңызды текшертип албасаңыз, жолдо калышыңыз мүмкүн. Жума күнү көптөн бери орундалбай келген кыялыңыз ишке ашып, кубанасыз. Ишемби, жекшемби күндөрү таза абада үй-бүлөңүз менен эс алуу сунушталат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дүйшөмбүдө кетирген катаңызды шейшембиде оңдоого мүмкүнчүлүк табасыз. Шаршембиде тамак-ашты ылгап жеңиз, ууланып калуу коркунучу жогору. Жума күнү эскирип же жакпай калган кийимдериңизди башкаларга таратып, гардеробуңузду жаңыртып алууга капчыгыңыз жол берет. Жекшембиде достор менен жолугуп, чыныгы дос ким экенин аныктай аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башында жумушта эле эмес, жеке жашоодо да ийгилик сиз тарапка жылмаят. Шейшемби күнү күтүүсүз жаңылык угасыз. Бейшембиде акчаңызды эсептеп чыгып, карыздарыңыздан кутулууга мүмкүнчүлүк болот. Дем алыш күндөрүн активдүү эс алууга арнаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көптөн бери ойлонтуп келген маселеңиз тааныштарыңыздын колдоосу менен оң жагына чечилет. Шейшемби – ден соолугуңузга көңүл бөлчү күн, өзүңүзгө эс алууга убакыт бөлүп, башкалардын маселесин угуудан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында эркелигиңиздин айынан пайдалуу иштен куру калышыңыз ыктымал.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада атаандаштарыңызга үстөмдүк кылып, пайда сиз тарапка чечилет да, иш ордуңуздан көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Бейшембиде жашылча-жемиш аарчып жатканда сак болуңуз, колуңузду кесип алышыңыз ыктымал. Ишемби күнү зер буюмдарды сатып алуу оюңуздан кайтыңыз, өз баасынан кымбат алып алышыңыз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө майда бирок маанилүү нерсе жоготуп алышыңыз ыктымал. Мисалы, үйдүн же машинанын ачкычы, андыктан сак болуңуз. Шаршембиге маанилүү иш пландабай туруңуз, ийгилик сиз тарапта болбойт. Аптанын аягында чала тааныш адамга сырыңызды айтып, иш тапшырбаңыз, каржылык жоготууга учурап калууңуз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үйдөн чыгып баратканда газ, электр приборлорун өчүргөндү унутпаңыз, өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. Шейшембиде жолугушуу ийгиликтүү өтүп, маанилүү келишимге кол коюшуңуз ыктымал. Шаршембиде сизге айтылган сынды туура кабыл алыңыз, келечекте пайдасы тиет. Дем алыш күндөрү эс алгандын ордуна иштесеңиз, жемишин аласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта орун которуштурууга, саякаттоого, жаңы адамдар менен таанышууга ылайыктуу. Шаршембиде көпчүлүктөн качып, жалгыздыкты самайсыз. Бейшембиде алыстан конок келиши күтүлөт. Ишембиде бирөөлөрдүн маселесине кийлигишпеңиз, аягында сиз күнөөлүү болуп чыга келесиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө маанилүү иш боюнча чечим чыгарбай туруңуз, өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Шаршембиде чогулган иштерди күндүн биринчи жарымында аткарсаңыз, убактыңыздын калганын эс алуу менен өткөрөсүз. Жума – той-топур өткөрүүгө ылайыксыз күн. Жекшембиде убадаңызды унутуп, жолугууга барбай калышыңыз ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башында ийгилик сиз тарапта болуп, эмне ишти кармасаңыз, майын чыгара аткарасыз. Шаршембиде сүйүктүүңүз менен чырдашып, ким күнөөлүү экенин аныктай албай убара болосуз. Жума күнү бирөө жарым сизди бал тилге салып алдап кетиши мүмкүн, эч кимге ишенбеңиз. Дем алыш күндөрү үйдөн чыкпай, китеп окуп, сыналгы көрүп эс алуу сунушталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан