АКШда ЦИРКТЕ ОЙНОГОН КЫРГЫЗ ЖИГИТИ

Өлкөбүздү башка мамлекеттерге маданият кызматкерлери көп таанытат. Бүгүнкү күнү алардын катарында АКШда оюн көрсөткөн «Жигиттер» цирк тобундагы кыргыз азаматтарын айта алабыз. Бул жигиттер ат үстүндө оюн көрсөтүп 6 жылдан бери Европанын бир канча өлкөлөрүн жана АКШны кыдырып келишет. Алардын бири Талгат Закир уулу менен интернет аркылуу маектешип, ал жактагы жашоосу, жараткан ийгиликтери туурасында маалымат алдык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Талгат Закир уулу
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 19-апрель
Кичи мекени – Сокулук району, Шалта айылы
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын улуусу
Учурда – АКШдагы «Ringling Bros and Barnum & Bailey» дүйнөлүк циркинде ат үстүндө ойногон «Жигиттер» тобунун мүчөсү

ЦИРККЕ КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
– Жаш кезимде каникулда таятамдыкына барып ат минип калчумун. Анда дүйнөлүк циркте эмгектенем деген ой кайдан келсин. Спортко жакын болгондуктан 2008-жылы мектепти аяктап, борборубуздагы Дене тарбия университетине тапшырууну көздөдүм. Ошол күндөрү байкемдин Шайырбек Уметкулов аттуу досуна кезигип калып, ал «ат үстүндө жакшы ойногон бир бала керек, биздин «Кыргызстан жигиттери» цирк тобубузга кошул» деп сунуштады. Мен «ат үстүндө ойной албайм, циркке катышып да көргөн эмесмин, бирок аракет кылайын» дедим. Шокмун да, чыныгы жигиттикти талап кылган нерседен качпайм.
Ошентип Кыргыз улуттук циркинин Манат Эшимбеков жетектеген тобуна кошулуп калдым. Бир жарым ай Кыргызстанда машыгуудан өтүп, кийин Варшавага барганда баарын үйрөндүм.

«ЦИРК ЖАШООМДУ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРТТҮ»
– Европада менин дүйнөмдө жаңылануу болду. Циркке жаңы кадам таштаганда 18 жаштагы жигит элем. Жаңы адамдар, жаңы өлкө, тил, аба, жеген наныбыз да башка дегендей. Эл, жер бөтөн, жанымда эркелетип, кыялымды көтөргөн ата-энем жок, кулк-мүнөзүм да өзгөрдү.
Жетекчибиз Манат Эшимбеков аябай катуу мүнөз адам болгондуктан туура жашоону, эркекке тийиштүү болгон чыдамкайлык, эрктүүлүк, чечкиндүүлүк сапаттарды үйрөттү. Цирк менен көп эл, жерди тааныдым. Жашоом толугу менен башка нукка бурулду.

«ДҮЙНӨЛҮК ЦИРК ОЮНДАРЫНДА 2-ОРУНДУ БАГЫНДЫРГАНБЫЗ»
– Польша, Италия, Испания, Германия сыяктуу 15тен ашык өлкөдө болдук. Ошолордун ичинен эсте калганы АКШдагы Монте-Карло болду. Ал жерде жыл сайын бүткүл дүйнөлүк цирк оюндары өтөт. Кыргызстандан 2008-жылы биринчи жолу «Кыргызстан жигиттери» тобу барып, ат үстүндө оюн көрсөтүп 2-орунду багындырдык.
Оюндар жеңил, орточо жана оор болуп үчкө бөлүнөт. Атты үйдө минген менен циркте мингендин айырмасы чоң. Циркте аттын ээр токумунда өзүбүздү жакшы карманышты өздөштүрүп алсак, калганы адамдын оюнга болгон аракетинен көз каранды. Өзүм жылкы жылында туулуп, жылкыга жакын болгондуктанбы, ат үстүндөгү оюндарга бат көнүп кеттим. Аттарды цирктен беришет. Кыргыз аттары менен аларды багуудагы айырма чоң. Аларга арналган атайын витаминдүү жемдери болот. Күндө алма, сабиз берип турушат.

«ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР МАМЛЕКЕТИБИЗ ТУУРАСЫНДА КӨП СУРАШАТ»
Циркке кийип чыкчу улуттук формалар жигиттердин көркүн ачып, мырзалар менен аттардын кыймылы бири-бирине аябай жарашып турат. Формабыз, көрсөткөн оюндарыбыздан улам өлкөбүз, маданиятыбызга кызыккандар болуп, мамлекетибиз жөнүндө көп маалымат сурашат. Алардын бизге кызыгуусу арткан сайын бизде циркке болгон шык ошончолук күчөй берет.
АКШ демократиялык өлкө болгондуктан эркин басып жүрүшүбүзгө эч кандай тоскоолдук болбойт. Жалгыз жашайм. Аптасына 550 доллардан эмгек акы алабыз. Ичип-жегенибизге кенен эле жетет.
Жашоону татыктуу жашап өтөм деген адам көп өлкөнүн турмушун, маданиятын үйрөнүп, ысык-суук, жаман-жакшысын да жашап, баштан баарын өткөрүш керек экен. Биз аларды басып келе жатабыз.

«КЕЛИШИМ БҮТСӨ МЕКЕНИМЕ БАРЫП, АПАМДЫ КЕЛИНДҮҮ КЫЛАМ»
– Цирк тармагында иштеп жатканыма 6 жыл болду. 3 жыл «Кыргызстан жигиттери» тобунда иштедим. Кийин ал топ жоюлуп, биз кайрадан 5 кыргыз, 6 өзбек, 6 казак, 2 орус улутундагы балдар биригип «Жигиттер» аталышындагы топ түзүп иштеп, 7 айдан бери 2 жылдык келишимдин негизинде АКШда жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң «Ringling Bros and Barnum & Bailey» аттуу циркте иштеп жатабыз. Бул жак кучагына бардык улуттун адамдарын батырган бир чоң үй-бүлө. Ар кайсы өлкөдөн топтолгондор бири-бирибизге жардам көрсөтүп, жакшы мамиледебиз.Оюн учурунда жаракат алсак цирктин жетекчилиги баарын камсыздайт.
Көп өлкөнү кыдыргандыктан тил жагынан кыйналдык. Муктаждыктан англис, испан тилинде сүйлөгөндү үйрөндүм. Кудайга шүгүр кылам, жумуш, жашообуз баары жыргалчылык менен өтүп жатат. Буюрса, бир жарым жылдан кийин келишим аягына чыгат. Кийинки жылы күз айларында мекениме барып, апамды келиндүү кылып, өзүмдүн өлкөмдө, ата-энемдин маңдайында жашайм деп ниет кылып жатам.

«Монте-Карлодогу алгачкы ийгилигибиз».

Манат Эшимбеков жетектеген «Кыргызстан жигиттери» цирк тобу.

«RINGLING BROS AND BARNUM & BAILEY» ЦИРКИ ТУУРАСЫНДА
«Ringling Bros and Barnum & Bailey» («Бир тууган Ринглингдер жана Барнума менен Бейли») – дүйнөдөгү эң чоң цирк. Ал 1907-жылы 164 жылдык тарыхы бар Нью-Йорктун Бруклинг районунда түптөлгөн «Барнума жана Бейлинин жер жүзүндөгү эң мыкты шоулору» аттуу цирки менен 1884-жылы түзүлгөн беш бир тууган Ринглингдердин циркинин биригүүсүнөн пайда болгон. Анда цирктин символу болгон 6 тонналык Жамбо аттуу Африка пили, дүйнөгө «Түктүү адам», «Күчүк адам» аталышында белгилүү болгон орусиялык шоумен Фёдор Евтищев оюн көрсөткөн. Ар өлкөнүн цирк оюнчуларын топтогон бул циркте учурда 10 000ден ашуун адам эмгектенет.

Балдардын досу, көп мультфильмдердин көркүн ачкан Жамбо

«Түктүү адам» аталган Фёдор Евтищев

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aikoo2014
2014-08-25 17:54:57
Азаматсынар,кийимдери соонун жарашып калыптыр.
+1
snegurochka11
2014-08-26 06:19:56
Молодцы! Кыргызстандын атын чыгарганынар жакшы болуптур! Формаларынар да жакшы экен.Дагы чон-чон ийгиликтерге жете бергиле!
0
burger
2014-08-26 14:48:28
Циркте иштеген кыргыздар коп эле негизи. 2009 жылы Канададан цирк америкага келип калып, арасында кыргыз жигиттерин коруп аябай сыймыктанганбыз. Ал кезде кыргыздар аз эле болчук. Таанышып, кийин кыргыздардын баарын бекер киргизген. Аябай кол чаап, катуу колдогонубуз эсимде. Ал киши да сыймыктанып, жанындагы француз, канадалык чоогу иштеген достору менен тааныштырган эле. Cavalia деген цирк.. Досберген Козугулов деген байке, Кутберген деген иниси менен
0
lolo
2014-08-26 21:24:39
Jakwy janylyk eken birok Kyrgyzstan jigitteri degen tobu joiulup ketkeni jaman boluptur!!! Uilongondon kiyin kaira ele baryp iwin ulantsa bolboibu, Kgge bergen salymyn bolmok, dagy jakwy tanytyp degendei...
0
Aksy-13
2014-08-28 00:32:00
азамат жигит экен сыйыктанса болот
0
Sharipa-asia
2014-08-29 20:34:19
Азамат, Кыргызстандын атын чыгарып журо бер
0
janyshy
2014-08-31 18:05:25
azamat
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан