Асан Аманов, КРнын Эмгек сиңирген артисти: «ТАСМАДАГЫ БАГЫМДЫ НУРБЕК ЭГЕН АЧТЫ»

«СӨӨМӨЙҮМДҮН УЧУ КЕСИЛИП, КОМУЗ ОЙНОЙ АЛБАЙ КАЛГАМ»
– 1955-жылы Чоң-Кемин өрөөнүнүн Кайыңды айылында төрөлгөм. Атам тарых жана география, апам орус тили сабактарынан мугалим эле. Азыр атам 83 жашка, апам 80 жашка чыгып калды. Бала-чагымда өзүбүздүн бакчада алма турса башканын бакчасынан алма уурдачумун. Кызык көрүнчү да. Мүшөккө саман салып, эшек менен улак тартып ойночубуз. Кичинемде эле ырдаганга, комуз черткенге аябай кызыкчумун. Кимдин үйүндө комуз бар болсо, ошонукуна атамды ээрчип баргым келе берчү. Комузду ошентип жүрүп үйрөнгөм. 2-3-классымда «Жылкычынын ырын» үйрөнүп алгам. Анан мектептеги бир майрамда мага ошону ырдатышты. Ал убакта мыйзам катуу болчу да, мугалимдер «жапжаш баланы сүйүү жөнүндө ырдатасыңар» деп атамдарды чакырып жыйналышка салышканы эсимде. 8-классымда оң колумдун сөөмөйүнө көбүргөн чыккан. Ал кезде ата-энем да ооруп, айылда жок эле. Алар жокто чоң энем, башка коңшу-колоң кемпирлер өздөрүнчө доктур болуп ар кайсыны сүйкөй беришип жарам ырбап, жарымын кесүүгө туура келген. Манжаңдын учу жок болсо комуз ойногонго тоскоолдук кылат экен. Ошентип комуз ойной албай калгам.
9-классымда агай эшикке чыгып кеткенде куйкум сүйлөп, балдарды күлдүрүп жатсам, ал кайра кирип келип калды. Биздин класста апалары партияда иштеген 2 кыз бар эле. Экөөнү тургузуп алып ким тентектик кылып жатканын сурады. Алар өзүнчө эле «честная» боло беришчү, мени айтышты. Агай «чык, бул жакка» деп кыйкырып доскага чыгарып, колумду көтөртүп туруп ары каратып тургузуп койду. Болбосо өзүң 9-классың (күлүп). Улам артты карап балдарга ыкшыңдайм, алар классты жара каткырышат. Агай болсо артты карап ызырынат. Көрсө, ошондо эле чыгармачылыкка болгон шыгым ойгонуптур.

«ТЕАТРДА ИШТЕП КАЛГАНЫМА БАКТЫЛУУМУН»
– Мектепти аяктаган соң бир жыл айылда чабандын жардамчысы болуп иштедим. Өзүм ырчы болууну кыялданып, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырайын деп жүргөм. Бир күнү сакмалда жүрүп гезиттен «Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайына таланттуу жаштар кабыл алынат» дегенди окуп калдым. Анда азыркыдан он эсе арыкмын, чай кашыктай ыргалып Фрунзеге жөнөдүм. Чоң энем анда Фрунзеде болчу, ал бир эжени айтып «таанышы бар экен, ошол окууга өткөрөт» дегенине ишенип тиги эжеге бардым. Ага барсам «менин таанышым жок, өзүң тапшыра бер» деп эшигин жаап алды. Чоң энеме ыйлап келдим. Ал «чоң атаңдын арбагы колдосун, тапшыра бер эми, маңдайга жазганын көрөсүң» деп батасын берип сынакка жөнөттү. Барып сынактан өтүп кеттим. Аябай сүйүндүм.
Ошентип 1979-жылы Москвадан окуумду аяктап келип, Ош шаардык драма театрында иштеп калдым. 1981-жылы Чита облусуна барып аскердик кызматымды өтөп келдим да, ишимди кайра уланттым. Театрдын ысык-суугун татып, көптөгөн ролдорду ойнодум. Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Турганбүбү Бообекова, Шайырбек Кыдырмаев сыяктуу адамдар менен иштештим. Гастролдоп Кыргызстандын бардык жерин кыдырдык. «Артисттер» деп бизди аябай сыйлашчу, ачыгын айтсам, ал кезде ичип да жүрдүм.
Кызык окуя айтып берейин. Бир жолу гастролго эки автобус менен баратканбыз. Бир кезде эле биздин автобустун алдында дөңгөлөк тоголонуп баратат. Артыбызды карасак эч бир машина көрүнбөйт. Көрсө, биздин автобустун дөңгөлөгү чыгып кетиптир. Актрисалар ызы-чуу чыгара кыйкырып жиберишти. Айдоочу араң токтоткон. Мындай кызыктар көп эле болду. Спектакль учурунда кээде бир күлүп алып токтоно албай, оюн бүткүчө быкшыган күндөр болот, сени көрүп баарынын күлкүсү келип араң чыдашат. Театрда иштеп жүргөндө далай кызыктуу күндөр өттү, ал жакта иштеп калганым үчүн бактылуу адаммын.
Союз менен кошо театр да кулады деп ойлойм. 2002-жылы театрдан кетип, айылга көчүп келдим. Ата-энемди караш керек болду. Ээн талаага бак тигип, коктунун ичинде мал жайып жүрүп, театрды сагынып аябай зарладым. Уктасам түшүмө кирет. Анан отуруп алып театрга арнап төмөнкүдөй ыр жаздым:

«Түйшүгүн кимдер сураптыр,
Түшүмдөн кетпейт театр.
Таланттуу жаштар көп чыгат,
Таарынбай мага тура тур.

Ийнедей сындым көчкөндө,
Ишенем сага өзгөрбө.
Өзүңдү калам унутуп,
Өмүрдүн шамы өчкөндө».

«БАЛДАРЫҢАР МАЙЫП ТӨРӨЛӨТ» ДЕШСЕ БОЛБОЙ ҮЙЛӨНДҮК»
– Келинчегим Галия Ахмеджанова өзүмдүн бир тууган таякемдин кызы. Ысык-Көлдүн Челпек айылынан болот. Менден 5 жаш кичүү, мени менен театрда көп жыл иштеп калды. Аны кичине кезинде көрбөптүрмүн. Бир жолу Фрунзеден София деген эжесин ээрчип окууга тапшырып келгенде жолугуп калгам. Эжесин жакшы таанычумун. Ары жакта турган капкара болуп (күлүп). Ошондо биринчи жолу көргөм.
Кийин Ошто иштеп жүргөндө Фрунзеде декада болуп келип калдык. Эсен деген иним «Галия студияда окуйт экен, ошону албайсыңбы» деп калды. Өзүм деле 30га чыгайын деп калгам. Анын сөзүн эп көрүп, таанышып, башында тууган катары жанында жүрүп, жылдызыбыз келишип калды. Ата-энелерибиз каршы деле болушкан жок. «Туугансыңар, балдарыңар майып болуп төрөлүп калат» дегендер чыгышты. Ага карабай экөөбүз 1983-жылы баш коштук. Алтымыш Кадыров досум эле, биз үйлөнгөндө Фрунзеден Кеминге жеткенче аккордеон менен ырдап келген. Келинчегим экөөбүз 2 уулдуу болдук. Уулдарымдын экөө тең үйлөнүп, мени неберелүү кылышты. Улуусу шаарда, кичүүсү биз менен турат. Келинчегим мени менен чогуу театрда иштеп, көптөгөн ролдорду ойноду. Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты.

«МАЛ БАГЫП ЖҮРҮП ЭЛЕ ӨЛӨМ ДЕП ОЙЛОГОМ»
– Театр менен кино бири-биринен айырмаланып турат. Театрда көркөм үн менен залдагы бардык элге угулгандай үнүңдү бийик чыгарышың керек. Ал эми тасмада акырын эле жашоодо кандай болсоң, ошондой аткарасың. Тасмадагы багымды режиссёр Нурбек Эген ачты. Мен анын атасын жакшы таанычумун. Биз театрда иштегенде айылдарды кыдырып спектакль коюп жүргөндө Нурбек менин Какчы деген кемпирдин образын жаратканымды көрүп баа бериптир. Анда ал 4-5-класстагы бала болчу. Кийин чоңоюп, минтип режиссёр болот деп ал кезде кайдан ойлоптурмун?! Театрды таштаган соң бул жакка келип мал менен алагды болуп калганда «ушул бойдон өмүрүм мал менен өтөт экен да» деп ойлоп кейип жүргөм.
Көчүп келгенден 2-3 жыл өткөн соң бир күнү талаага кык чачып жатсам бир чет элдик машина келип токтоду. Көрсө, Нурбектин ассистенти экен. Ал кезде «Аталар керээзи» тартылмак болуп, Нурбек почточунун образына мени ылайык көрүптүр.
Ошентип андан бери баш-аягы майда-чоң образ болуп 18 тасмага тартылдым. Бардык образым ар түрдүү. Кийин «Ээнсиреген үйдө» аткарган образым такыр башка. Көргөндөр мени чын эле мас болуп аткарган болуш керек деп ойлошот, бирок мен ичпей эле аткаргам. Театрда иштеп ичип жүргөн кездерден «опыт» бар да (күлүп). Көчөдөн элдер таанып калышат. Кээ бирлер келип, «сиз ошолсузбу?» деп сурашат. Кинолордун көбүнө кастингге катышпай эле тартылам, режиссёрлор башында эле мени ылайыкташат. Мал багып тоодо жүрө берем, тасмага сунуштар түшсө барып тартылып келем, мал-жанды болсо уулум карап калат. Азыр деле мени театрга чакырышат, бирок баргым келбейт. Себеби мал бар, анын үстүнө киного тартыла баштадым, мурункудай жаш жигит эмесмин, эки ортодо чайналбайын дейм.

«Ээнсиреген үй» тасмасында мас адамдын образын сопсоо туруп эле ачып бергем».

«Аталар керээзиндеги» почточу Жусуптун ролунда».

«Жубайым экөөбүз театрда көп спектаклдерде бирге ойногонбуз».

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Тасмадагы багымды Нурбек Эген ачты” дейт Асан Аманов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Likvidator
2014-08-25 15:28:05
Ролдорду сонун ачып бергенсиз. Дайыма бар болунуз! Дагы коп-коп ролдору кутобуз.
+1
Arman
2014-08-27 10:42:22
АЛЛАХЫМ омурунузго береке берсин жана хидаят берсин !!!!!!
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан