«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Осмон элинин ичинде башында «Сүймөнчүк Ибрагим паша», кийин «Өлүмгө кыйылган Ибрагим паша» деп атыккан балыкчынын уулу Тео тууралуу баяныбыз уланат.

ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН
79-83-сериялар: Ибрагимдин амбициясы өлүмүнө алып келди
Ибрагим Хүррем уюштурган кол салуудан өз күчү менен аман-эсен чыгат. Бул аралыкта Мустафанын өмүрү коркунучта калып, Хүррем тарабынан тымызын жөнөтүлгөн Гүлизар аттуу күң уктап жаткан жеринен канжар менен ханзааданы басып жыгылат. Бирок Мустафа бул окуядан соо калат. Анткен менен көп өтпөй Мустафанын Фатма деген күңү төрөп берген тун уулу чарчап калат. Артынан эле баласынын азасын көтөрө албай койгон энеси да асынып өлөт.
Хүррем Ибрагимге карата чабуулдарын улантып, ат багар Рүстемдин жардамы менен «вазир дале христиан динин тутунат, ал каапыр, бекинип алып чиркөөгө да барат экен» деген айың кептерди эл ичине таратат. Муну менен чектелип калбаган Хүррем Ибрагимден кийинки эле чоң кызматта турган Аяз паша менен тил табышып, ага башкы вазирдин катачылыктарын таап чыгуусун тапшырат. Ал француз элчисин кабыл алууда Ибрагимдин «султан арстан болсо, мен анын таптоочусумун» деген сөзүн угуп калып, аны султанга жеткирет. Дал ушул окуя Ибрагимдин даңазалуу дооруна чекит коёт.
Сулейман султан империянын кадыр-барктуу кызматкери, Стамбул шаарынын казысы жана мамлекеттин мыйзам топтомун кайрадан иштеп чыгып жаткан Эбуссууд эфендиге баш багып, ага «Мен бир адамга «өмүрүңдү, керек болсо, өзүмдөн да коргоочу кепилдик ыйгарам» деп убада бергем. Эми ал адамга байланыштуу кабыл алган чечимимди аткаруу керек болуп жатат. Ал чечим – анын башын алуу. Эмне кылсам болот?» дейт. Көпкө ойлонгон Эбуссууд эфенди султанга келип «Сиз айткан адамды бир жол менен гана өлтүрүүгө болот. Анын башын алуу сиз уктап жаткан маалда гана аткарылышы мүмкүн. «Уйку өлүмдүн бир тууганы» дешет, мындан улам уктап жаткан адамды жоопкерчиликке тартууга же айыпка жыгууга болбойт» деп тапкан чечимин айтат. Бул жооп Сулейманды ынандырат, ушул жол менен досу, кыйынчылык-жакшылыкта дайыма жанында болгон жандоочусу, күйөө баласы жана улуу вазир Ибрагимди о дүйнөгө өз ажалынан мурун узатууну ылайык көрөт.
Ошентип, паргалык Ибрагим өмүрүнүн акыркы кечинде Сулейман жана Хүррем менен тамактанып, султандын айтканына баш ийип, хан сарайда түнөп калат. Көшүлүп уйкуга киргенде баш кесерлер бөлмөсүнө бастырып кирип, улуу вазирди кыл жип менен муунтуп өлтүрүшүп, сөөгүн көтөрүп чыгышат. Эртеси матракчы Насух эфенди Сулеймандын буйругу менен жашыруун жерге сөөгүн коёт. Султанатта ага жаназа окулбайт, күмбөз да тургузулбайт.
Хүррем Ибрагимден кутулдум деген сүйүнүчү таркай электе Стамбулга Сулеймандын бир тууган карындашы Шах-и Хубан келип, дароо эле жолдошу Лүтфи пашага хан сарайдан чоң кызмат алып берүүгө киришет. Эң башкысы, Шах-и Хубан менен Хүрремдин ортосунда чоң кастык башталат.

ИБРАГИМДИН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ ТАРЫХТА КАНТИП АЙТЫЛАТ?
Осмон империясынын алтын доорун жараткан Сулейман султандын тушунда 13 жыл бою улуу вазирликти аркалаган Ибрагимдин тагдыры чынында жомокко тете. Туулуп-өскөн жеринен күчтөп суурулуп, өспүрүм курагында кул базарда сатылып, кийин тактын мураскери Сулеймандын жанына алынып, анын эң жакын адамына айлануу менен султандан кийинки эле тепкичке чейин көтөрүлүп, жыйынтыгында муунтулуп өлтүрүлүп, сөөгү көчөдө калып кеткен инсандар тарыхта саналуу гана.
Ибрагим өлүм жазасына тартылгандан кийин Сулейман султан анын аты жазылган бардык документ кагаздарды жок кылдырган. Ошондой эле империяда Ибрагимдин ысымын атоого жана эскерүүгө тыюу салынган. Элчилер докладдарында «башкы вазирге «теңдеши жок паша» деп кайрылуубуз талап кылынчу, өзү өтө текебер, амбициясы асмандагы киши, өмүрүнүн соңунда бармактарына тагылган баалуу жана чоң таштуу шакектердин айынан колун көтөрө албай калган» деп жазып калтырышкан. Ибрагим өзүн өлүм өкүмү күтүп турганын билип калса да, империядан качып кетип же өз жанына кол салган эмес. Дудук баш кесерлер анын бөлмөсүнө бастырып киргенде эр жүрөк аскер күчүнүн жетишинче күрөшкөн, моюнуна кыл жип салынганга чейин паша катуу токмоктолгон, атүгүл бир канча жолу канжар да сайылган деп айтылат. Жан соогалаган үнү гаремге да угулуп турган делет. Эртеси вазирдин сөөгү хан сарайдын дарбазасынын алдында эл көзүнө сабак болсун деп калтырылган. Ооздон оозго өткөн кептерге караганда, аты-жөнү жазылбаган Ибрагимдин бейити эки кылымдан кийин гана матракчы Насух эфенди жазып калтырып кеткен каттан улам ачыкка чыккан. Улуу вазирдин өтө жупуну мүрзөсү Стамбул шаарынын борборунда жайгашкан. Ал жай «Даңазалуу кылымда» Ибрагим пашанын өлүм жазасына тартылганы көрсөтүлгөн соң жергиликтүү калк менен туристтердин зыярат жайына айланып кеткен.

Учурда Ибрагим пашанын мүрзөсүнө жергиликтүү калк менен туристтер зыярат кылып кетишет.

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ZANIA-92
2014-08-25 11:19:08
ибрагим паша мага аябай жагат, эх Хюррем кармашуудан такыр башын чыкпайт экенда.
0
asko93
2014-08-25 14:31:00
Ибрагим паша мага аябай жагат кинодо ошол олгондон кийин корбой койгом Супер инфо кобуроок жазып тургулачы
0
zara-919
2014-08-25 18:44:57
Башка балээ кайдан келет?
башка балээ-тилден келет.
0
Oceana
2014-08-25 21:25:52
Maga al jakpait. Olgonuno da i4im oorubait.
0
jigit.paren
2014-08-26 16:04:08
чынында Ибрагим олгондон кийин Осмон империясынын аскери абдан алсыраган делет.
0
MEDER_KULETOV
2014-08-28 16:16:18
КТРК да Даназалуу кылымдын 3чү сезону качан башталарын билгендер барбы айтып койгулачы качан башталарын.
0
naaazka
2014-09-16 19:02:24
ibragimdi suiom da
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан