Калың элге «Махабатым», «Аруузатым», «Лейли» аттуу ырлары менен таанылган мукам үндүү Аскат Мусабеков бир караган адамга олбурлуу, салмактуу көрүнөт. Чыныгы жашоодо ырчы мырза жан дүйнөсү назик, бирөөнү таарынтып алуудан корккон, жапакеч адам. Сүйлөсө жай сүйлөгөн, ырдай келсе мукам үнү жанга жуккан ырчы менен жай отуруп маек курдук.
– Сөзүбүздү сиздин балалык кездеги чыгармачылык ышкыңыздан баштасак. Мектепте алдыңкы окуучулардын катарында болгонуңузду укканым бар...
– Айлана-чөйрөнүн таасиринен уламбы, негедир чыгармачылыкка болгон кызыгуум эрте ойгонду. Жайлоодо кой-уй кайтарып, ат үстүндө обон салып чоңойдум. Азыр оор басырыктуу болгонум менен, бала кезимде шок элем. Жайында эшиктин алдына сүзмөнү калтага куюп илип коюшчу. Ошол калтаны ары-бери өтүп эме берер элем. Бир аз ойноп, кайра келип эмүүнү адат кылып алгам. Апам «кой, ал чаң» десе болчу эмесмин. Негедир сүзмөнү калтадан соруп ичкенди жактырчумун. Менин бул адатымдын айынан үйдөгүлөр сүзмө куйганда калтанын сыртын жууп коюшчу.
1-класстан тартып жакшы окуганга аракет кылдым. Мектептеги ар кандай маданий, спорттук иш-чаралардан калбай катышчумун. 1-класстан 10-класска чейин класстын президенти болдум. Комузга болгон кызыгуум артып, 7-класстан баштап комуз чертип, ырдай баштагам. Айыл жергесинде, табият коюнунда чоңойгондуктан фольклор жаатына ыктасам керек. Эгер шаарда өссөм башка жанрдын ырчысы болот белем... Окуучу кезимден баштап элдин көңүл борборунда болууну жакшы көрчүмүн.
– Көпчүлүктүн көңүл борборунда жүргөн жигитти кыздар сүйбөй койбосо керек. Биринчи сүйүүгө качан кабылдыңыз?
– Балалык сүйүү же жакшы көрүү дейбизби, бул нерсе менин да башымдан өткөн. Кат жазган учурда эки-үч сүйүү саптарын чиймелей салчумун, таппай калганда китептен көчүрүп алат элем. Сөз менен эле тим болбой жүрөктүн, гүлдүн сүрөтүн тартып, үч бурчтук кылып, сыртынан скотч менен ороп инилерибизден берип жиберчүбүз. 8-9-класстарда окуп жүргөндө мектеп парламенти түзүлдү. Мени маданият министри кылып шайлашкандыктан маданий иш-чараларды уюштуруп жүрдүм. Бир жолу Ыйык Валентин күнүнө карата кече болуп, «чоң класстарга кат жазгыла» дегенбиз. Концерт аяктаганда кат көп келген балдардын арасында өзүм дагы бар экенмин.
– Мектепти аяктагандан кийин ырчылыктан башка кесипти тандоону ойлонгон жоксузбу?
– Ырчы болгум келип, филармониянын астындагы студияга тапшыргам. Студенттик кезде эле ырдай баштадым. Аны аяктагандан кийин Улуттук консерваторияга тапшырдым. Менин ырдаганымды устатым Улукмырза Полотов көрүп урушкан. Себеби ал учурда үнүм калыпка салына элек болчу. Үнүм бир багытка салынганча 2-3 жыл талбай аракет жасап үнүмдүн үстүндө иштедим, окудум.
Айрым ырчылар ырчылыкты хобби катары көрүшөт. Ошол себептен жеңил ырларды жаратып «бир карын майды бир кумалак чиритет» болуп жатышат. Ырчылык менин жашоом, кесибим менен ырыскымды таап жеп жатам. Кудай канчалык өмүр берсе, ошончолук иштеп, артыма өлбөс из калтырып кетейин деген ниеттемин. Окуп жүргөндө Улуттук филармонияда иштөөнү кыялданчумун. Былтыр «Камбаркан» ансамблине солист болуп кабыл алындым.
– Чоң сахнага качан кадам таштадыңыз? Алгачкы эл алдына чыккан күн эсиңизде болсо керек?
– Өзүмдүн курактагылар менен сахнага чыккан бир башка, дасыккан ырчылар менен чыгуу такыр башка нерсе. Мурун ар кандай сынактарга чыгып ырдап жүргөндө көп деле байкачу эмесмин. Биринчи жолу Сыймык Бейшекеевдин концертинде чыктым. Ошондогу сезим эсимден кетпейт. Сахнага чыкканда буу чыгарып, жаркылдатып жарыкты коюп салды. Элди деле жакшы көрбөйм. Айтор, бат эле ырдап чыгып кеткендей болдум.
– Элдин кишиси болгондон кийин көп сын айтылат. Сынга кандай карайсыз?
– Сын адамды өстүрөт, андыктан көз карашым түз. Айтылган сынды угуп, өсүш жасаш керек. Түгөлбай Казаковдун «чыгармачыл адам кээ бирөөлөргө акылдуу, кай бирлерге апенди көрүнөт. Чыгармасын баласын коруган энедей коруган адам гана чыгармачылык чыйыр жол сала алат» деген жакшы сөзү бар. Анын сыңары биз дагы кээ бирөөлөргө акылдуу же акмак көрүнүшүбүз мүмкүн. Музыкалык билимим бар, дүңгүрөгөн ырчы болбосом да, өз ордум менен келе жатам. Жашоодобу, чыгармачылыктабы, бир жолу кетирген катамды экинчи ирет кайталабаганга аракет кылам. Менин чыгармачылыгыма терс көз карашка караганда жакшы сөздөрдү көбүрөөк угам.
– Чыгармачыл жолдун баары даңгыр, түз кете бербейт. Бир учурларда чыгармачылык каатчылыкка кабылуу болбой койбойт...
– Ушул нерседен мен дагы коркуп келем. Ошондуктан талбай изденип, жаңы ыр-клиптерди жаздырып жатам. Концертимди жыл сайын берүүгө аракет кылам. 19 жашымдан тарта өзүмдү ар тараптан сынадым. Телевидениеге барып иштешим керек деп балдар берүүсүн алып бардым. Радио жаатында өзүмдү сынап көрүү үчүн радиого репортаж жасап келген күндөрүм болду. Бир учурда гезитте иштешим керек деп «Кыргыз туусуна» макала жаздым. Көкүрөктөгү ой толгоолорумду жазып, ырларды чиймелеп «Супер-Инфого» иштейин деген учурларым болду. Буйрук экен, мен өзүмдү ырчылыктан таптым.
– Сыртыңыздан олуттуу көрүнгөнүңүз менен, жан дүйнөңүз назик өңдөнөт?..
– Башымдан көп нерсе өткөндүр, балким, эч нерсе өтө электир. Жашоодо эч ким менен урушкум келбейт. Таарынышып кетсем жүрөгүм ооруп кыйналып кетем. Жашоодо сен мага тийбе, мен сага тийбейм деген принципте жашап келем. Капысынан бирөө менен урушуп алчу болсом, кыйнала берем. Телефон аркылуу бирөөдөн жаман сөз уксам, «эмне үчүн бул сөздү айтты, айтпай эле койсо болбойт беле?» деп өзүмө өзүм суроо сала берем.
– Бир акындын «жазыш үчүн, ырдаш үчүн сүйүп туруу керек» деген сөзү бар. Башка сүйүүнү кезиктирип калуудан коркпойсузбу?
– Бул сөздү чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсүнө карап айтса керек. Сүйүү келсе сүйүп калуудан коркпойм. Ар кандай жагдайлар түзүлөт. Көрүнгөндү эле сүйүш керек деп сүйө берсек сүйүүнүн кадыры кетип калат.
– Бирөө билип айтса, кай бирлер болжоп айтышат. Негедир сиздин артыңыздан "жубайы менен ажырашып кетиптир" деген сөз көп ээрчийт?..
– Ар бир адамдын жеке жашоосу бар. Мен жеке жашоом тууралуу эч нерсе айтпайм.
– Ажырашып кетиптир дегендерге жообуңуз жокпу?
– Комментарий бербейм, дегендер дей беришсин.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg