Жоомарт Оторбаев: «КОРРУПЦИЯ МЕНЕН АЁОСУЗ КҮРӨШ ГАНА ЭЛДИН ИШЕНИМИН КАЙТАРАТ»

Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кургакчылык болуп, дыйкандар түшүмүнөн аксады. Ушул маселе жалпы элге кышында да мүшкүл салчудай. Андыктан Кыргызстан Тажикстандан 146 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алды. «Бир киловатт-саатты 3 центтен эмес, 2 центтен, арзаныраак сүйлөшүп алдык. Бирок ал 1,6 миллиард киловатт-сааттык дефицитти жаппайт» деди министр Осмонбек Артыкбаев. Казакстанга электр энергиянын экспорту да токтоду, жакын арада бул өлкө Кыргызстанга 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын бөлүп берет. Аны Кыргызстан кайрадан Токтогул суу сактагычы толгондо кайтармакчы.
«Ал эми кышында электр энергиясына чектөөлөр болбойт» дейт министр. Бирок үч фазалуу 123 миң абонентке электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. «Сауна, унаа жуучу жайлар электрлик жылытуудан өчүрүлөт. Ошондой эле курулуш компаниялар светтен толук айрылышат, болгону кароолчулар үчүн жарык берилет» деп кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө Жоомарт Оторбаев чакырды.
Ал эми үч фазалуу колдонуучулар электр энергиясын жылуулук үчүн же үй тиричилик үчүн пайдаланганы кандай билинерин «Түндүк электронун» басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева айтып берди. Анын айтымында, үч фазалуу абоненттердин базасында канча киловатт турмуш тиричиликке, канчасы жылытууга уруксаты бар экендиги жөнүндө маалымат сакталган. Ага ылайык, ар бир колдонуучулардын электр казандарын текшерип, пломба коюлат. Ошондо үч фазалуу абоненттер электр энергиясын жылытуудан башка турмуш тиричилик үчүн колдоно алышат.
Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, өндүрүлгөн электр энергиясынын 48 пайызын дал ушул үч фазалуу абоненттер сарпташат. Айта кетсек, бардыгы болуп Кыргызстанда электр энергиясын колдонуучулардын саны 1,2 миллионго жетет.
Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жоомарт Оторбаевдин 15-августта электр энергиясына байланыштуу элге кайрылуусу боюнча маалыматты тактоону суранды. Депутатты үч фазалуу керектөөчүлөрдүн электр энергиясын жылытууга же жөн гана жарык үчүн колдонору кантип текшерилери кызыктырат. Ошондой эле Бекешев:«Советтер Союзу кулагандан бери Кыргызстанда электр энергиясын көп талап кылуучу завод, фабрикалар токтоп калды. Анан эмне себептен жарыкты колдонуу жылдан жылга 7-12 пайызга көбөйүп жатат?» дейт.  Ачык катындагы бул сыяктуу суроолоруна депутат ушундай эле ачык түрдө жооп күтөрүн айтты.
«Биз энергосектордо реформаларды ишенимдүү түрдө жүргүзүшүбүз зарыл. Жоготуулардын көлөмүн азайтып, уурдоолорду токтотуп, паракор кызматкерлерден арылып, жаш, таза, өз ишин мыкты билген кадрларды тартуубуз керек. Энергосектордогу коррупция менен аёосуз күрөш гана элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенимин кайтарат» деди Жоомарт Оторбаев.
Мындай сөз 19-августта премьер-министрдин Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жана «Түндүк электр» ААКсынын башкы директору Аскар Эшимбеков менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kipchak
2014-08-25 10:02:07
Коррупция менен курошо берип силер тажабадынар....же курошконунорду коруп эл тажабады.
+1
Nurmuxammet
2014-08-25 14:36:20
Кыргызстанда коррупция менен күрөш ачуу үчүн, керектүү адамга пара берүү керек!
0
ayakosya
2014-08-25 18:28:25
Элге тергизип коюп "эркекче суйлошуп" журо берсенер ошондо ишеним акталат
0
akynbekov87
2014-08-26 21:26:57
Коррупция м-н жаштар курошушу мумкун эгер бийликке келсе. А то коруп атабыз курошконунорду , жол тосуп митингге чыкса болбогон эле шылтоолорду айтып актап атат Сот системасы коррупционер чиновниктерди.Коррупция м-н курошсонор озунор эле кыйналасынар левый акча таппай, себеби биздин башкаруу структурасына синип кеткен бул- Коррупция.Законду сыйлабаган олкодо коррупция гулдой берет , а закон только таанышы жок, бергенге акчасы жок байкуштарга гана иштейт.
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан