«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРЛЕРИ ОРУСИЯНЫН ШААРЛАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮШМӨКЧҮ

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтык Шайназаров жана Мирлан Бакиров атайын иш сапары менен Орусиянын Новосибирск, Омск, Красноярск, Иркутск, Улан-Удэ жана Чита шаарларын кыдырышмакчы.
Партиянын басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар кыргыз эмгек мигранттары жана жалпы эле мекендештер менен жолугушуу өткөрүү ниетинде. Белгиленген жолугушуунун негизги күн тартиби кыргызстандык эмгек мигранттарынын Орусиянын Миграция кызматы менен тыгыз байланышта болуу жана өтө көйгөйлүү болгон маселелерди талкуулоо болуп саналат.

20.08.14. Новосибирск шаардык Маданият үйү, 19:00-21:00
21.08.14. Омск шаардык Маданият үйү, 19:00-21:00
23.08.14. Красноярск шаардык Маданият үйү, 19:00-21:00
25.08.14. Иркутск шаардык Маданият үйү, 19:00-21:00
26.08.14. Улан-Удэ шаардык Маданият үйү, 19:00-21:00
27.08.14. Чита шаардык Маданият үйү, 19:00-21:00

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
uluk1982
2014-08-25 10:23:52
шайлоого аз калдыбы яя!
0
nabi89
2014-08-29 02:07:27
Бул киши иштейт
-1
otin
2014-08-31 14:11:11
ушундай кишилерди колдош керек
-1
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан