Нарын эли иштебей жүрүп пенсияга чыккандар менен иштеген ардагерлер бирдей ПЕНСИЯ АЛГАНЫНА НААРАЗЫ болушууда.
НАРИМАН ТҮЛЕЕВГЕ байланыштуу сот иши 26-августка жылдырылды. Түлеев оорусуна байланыштуу келе албаганы айтылды.
ДАНИЯР ТЕРБИШАЛИЕВ: «Түлеев деле Келдибековдун ыкмасын колдонуп абактан чыгып кетсе болот».
Кыргызстандан Орусияга жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди өткөрүү боюнча салынган ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНЫП салынды. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлиги билдирди.
18-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда 5 гектар алма бак жана 20 гектар куураган чөп ӨРТТӨНҮП КЕТТИ. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымы алынды. Бул тууралуу облус администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Азырынча ат майданга кимдин ысымы ыйгарылары белгисиз.
Орусиянын Тула шаарында үч айдан бери кулчулукта жүргөн кыргызстандык 12 ЖАРАНДЫН бирөөсү Москва шаарында калып, 11 адам Ошко учуп келишти.
16-августта саат 03:40 чамасында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 5,5 БАЛЛГА ЖЕТКЕН жер титирөө катталды.
Жыл башынан бери 69 АДАМ СУУГА ЧӨГҮП каза болгон. Алардын 23ү жаш балдар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 19-августта билдирди.
Кыргызстандын мектептеринде мугалимдер үчүн 2000ДИН ТЕГЕРЕГИНДЕ БОШ ОРУНДАР БАР. Чет тилден берген жана башталгыч класстардын орус тилдүү мугалимдери жетишсиз. Бул тууралуу билим жана илим министри Канат Садыков билдирди.
Кыргызстанда акыркы 7 айда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу боюнча 65 УЧУР КАТТАЛГАН. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы билдирди.
Ош мэри: «Быйыл декабрь айында Түркиядан 100 АВТОБУС келсе, шаарда калкты тейлөөнүн сапаты жакшырат».
1-СЕНТЯБРДАН ТАРТЫП электр энергияга болгон тариф 3 фазалуу колдонуучуларга бир киловатт-саатына 70 тыйындан 120,3 тыйынга чейин өсөт. Бул тууралуу Өнөр жай министрлигинен билдиришти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.