20-августта «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары кезексиз жыйынга чогулушуп, анда негизги кеп жарандардын коопсуздугу, уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу болду. ИИМдин башчысы Абдылда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү депутат болгон учурлар көптүгүн айтты. Министрдин тизмесинде Жогорку Кеңеш, шаардык, жергиликтүү кеңеш болуп 20дан ашуун депутаттын ысымы аталды.
«Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү эч убакта мамлекетти башкаруу системинде иштебеши керек»,- деди Текебаев. «Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жергиликтүү бийлик органдарынын ишине кийлигишип, элден да салык чогулта баштаптыр. Биздин партия чечүүгө ниеттенген негизги меселелердин бири дал ушул уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү болгон. Тилекке каршы, криминалдуулук күчөп бара жатат»,- деди ал. «Азыр болгон кичине бизнестен баштап чоң бизнестерге чейин кримчөйрөнүн мүчөлөрүнө салык төлөп келишет. Оор жүк ташуучу унааларды жолдон тосуп алып, коркутуп-үркүтүп акчаларын алышат, анын айынан келе жаткан жер-жемиштер да бузулуп жатат. Ушуга окшогон көрүнүш Кара-Кечеде дагы орун алган. Ал жерде бир да көмүр ташуучу унаа кримтоптордун мүчөлөрүнө салык төлөмөйүнчө жолго чыга албайт»,- деди Текебаев.
ИИМдин уюшкан кылмыштуулук боюнча кара тизмесине кирип калган «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Бакытбек Жетигенов «бул таркатылган маалыматтын артында бирөөнүн кызыкчылыгы бар» деп чыкты. Анын пикиринде, саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу мындай тизмеге кирип калган. «Маалыматта мени Кара-Балтадагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмаз Бокушев менен бирге окуган деп жатышат. Биз менен дагы көптөр окуган. Министр Суранчиевдин оюнда, анын баары УКТнын мүчөлөрү окшойт» дейт Жетигенов. Абдылда Суранчиев «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновду криматалыктардын бири Алмаз Бокушевдин жакын досу катары маалымат берген эле.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg